Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

“Бир бол” менен “Бүтүн Кыргызстан” биригет


“Бир бол” менен “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиялары бириккени жатат. 25-ноябрда аталган эки партия биригүү жараяны башталганы тууралуу биргелешкен билдирүү жасады.

Бир ай мурда “Республика” менен “Ата Журт” партиялары кошулуп, “Республика Ата-Журт” партиясын түзүшкөн болчу. Саясий серепчилердин баамында, парламенттик шайлоону утурлай партиялардын ирилешүүсү дагы уланат.

“Бир бол” менен “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын биргелешкен билдирүүсүндө өлкө бүтүндүгү жана элдин биримдиги үчүн, алдыдагы парламенттик шайлоого чогуу баруу максатында кошулуу тууралуу чечим кабыл алынганы айтылат. “Бир болдун” аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиевдин билдиришинче, биригүү жараяны башталды:

- Эки партиянын ортосунда бир канча ай сүйлөшүү жүрүп, Кыргызстандын эртеңки күнү үчүн алдыдагы шайлоолорго бирге баруу максатында биригүү жараянын баштоо тууралуу бир пикирге келдик. Партиялардын саясий кеңештери атайын жумушчу топторду түзүп, курултай өткөрүү жана кайсы партия кандай багытта барат, уставы жана программасы кандай болоорун аныктоо үчүн ишти баштап жатабыз.

“Бүтүн Кыргызстан”партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Дүйшөн Сооронбаев бул тандемге дагы башка партиялар кошулушу ыктымалдыгын айтты:

Адахан Мадумаров башында турган "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 2010-жылы парламенттик шайлоого катышкан.
Адахан Мадумаров башында турган "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 2010-жылы парламенттик шайлоого катышкан.

- Сүйлөшүүдө биздин программабыз менен алдыдагы максаттарыбыз бирге чыкты. Алардын максаты да, биздин максатыбыз да мамлекетти чыңдоо, эл турмушун жакшыртуу. Бул үчүн бийликке жетиш керек, бийликке жетели дедик. “Бүтүн Кыргызстан” да, “Бир бол” да “түндүк, түштүк” деген терминди таптакыр колдонбойлу дедик. Биз дагы көп партиялар менен сүйлөшүп жатабыз. Майда партиялардан келип түшкөн сунуштар бар. Ушундай эле партиялар “Бир болго” да келип жатат. Эгерде максатыбыз, программабыз төп келишсе, кандай партия болсо да сүйлөшүүгө даярбыз. Биригип, чогуу шайлоого барууга даярбыз.

Эки партиянын башында ким турат?

Эми бул партиялар тууралуу учкай айта кетели.”Бир болду” негизинен “Республика” партиясынан бөлүнүп чыккан депутаттар түптөгөн. Башында Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов, Нурбек Мурашев, “Ата Журттан” депутат болуп шайланган Марат Султанов, мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов, коомдук-саясий ишмер Медеткан Шеримкулов жана башкалар турат.

"Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов
"Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов

Ал эми “Бүтүн Кыргызстанды” Адахан Мадумаров түзгөн. Айрым региондордо жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо аздыр-көптүр добуш алганы менен Мадумаровдон башка коомчулуктун калың катмарына таанымал мүчөлөрү жок.

Саясат таануучу Эмил Жураевдин баамында, саясий партиялардын биригүүсүндө аймактык өзгөчөлүк негизги роль ойнойт. “Бир бол” менен “Бүтүн Кыргызстан” бул факторду жакшы эске алган эмес:

- Эки партиянын тең добуш берүүчүлөрүнүн басымдуу бөлүгү түштүктө деп эсептелет. "Бир болдогу" Алтынбек Сулайманов эле эмес, андан башка дагы бир топ аттуу-баштуу саясатчылар түштүк аймактарынын чыгаандары болот. Бул биригүү стратегиялык жактан эки партияга тең кандай пайда келтирери ачык-айкын эмес. Мисалы, ошол эле “Республика” менен “Ата Журттун” негизги максаты түндүк менен түштүк фактору болгон. “Бир болдун” күчтүү жагы – катарына ондон ашык аттуу-баштуу саясатчыларды топтой алгандыгында. Бирок жаңы партия, платформасы, кызыкчылыгы жакшы калыптана элек. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясы бир эле Адахан Мадумаровдун аты менен чыгып келет. Бирок электораты туруктуу, кээ бир аймактарда күчтүү колдоосу бар.

Бул биригүү акыркысы эмес

Ал арада дагы башка партиялар арасында биригүү, ирилешүү процесстери жүрүп жатат. Муну “Эмгек” партиясынын лидери Аскар Салымбеков тастыктады:

- Кыргызстанда 190 партия бар экен. Бир топ партиялар менен кеңешип, биригүү тууралуу сүйлөшүү болуп жатат. Дагы бир жылдай убакыт бар да. Кыш айлары, жаз айлары дагы биригүүлөр болот. 190 партиянын теңинен көбү эле келип, “кандай кылабыз, эмне кылабыз” деп жатышат. Азыр эми бири-бирибизди “кыз-күйөөдөй” карашып, сынашып жаткан кез.

Биригүү жараянын өткөн айда “Республика” менен “Ата Журт” партиялары баштап берген. Эки партия 20-октябрда Бишкекте курултайга чогулуп, “Республика Ата-Журт” жаңы партиясы түзүлгөнүн, ага Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев тең төрага болгонун жарыялашкан эле.

XS
SM
MD
LG