Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Улуттук университеттин ректору бекий элек


Улуттук университеттин ректорун шайлоо 18-октябрда өткөн. Анда 15 талапкер ат салышып, университет жамааты добуш берген.
Улуттук университеттин ректорун шайлоо 18-октябрда өткөн. Анда 15 талапкер ат салышып, университет жамааты добуш берген.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорун бекитүү создугуп жатат. Буга 18-октябрда өткөн ректорду шайлоо жараяны мыйзамсыз өттү деп, айрым талапкерлердин сотко кайрылганы себеп болгон.

Бул арыз учурда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда карала баштады.

Нурзак Асанбеков Улуттук университеттин ректорлугуна талапкер болгондордун бири. Ал 18-октябрда өткөн шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолду деген арыз менен сотко кайрылган. Асанбековдун жүйөсүндө, университеттин 195 окутуучусу шайлоочулар тизмесине киргизилбей, добуш берүү укугунан ажыраган:

- Университеттин алдындагы колледждин 195 мугалими шайлоочулардын тизмесине киргизилбей калган. Алардын тизмеси ректорду шайлоону уюштуруу боюнча комитетке берилген. Бирок аларды кошпой коюшкан. Дал ушундай мыйзам бузуунун айынан ректорду шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек жаралды. Мындан улам биз сотко кайрылып отурабыз.

Мындан сырткары Асанбеков окуу жайдагы профессордук жана окутуучулук жамаатты бекитүүдө да мыйзам бузууга жол берилгенин билдирүүдө. Асанбековдун арызын Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-декабрда карай баштады. Бирок Билим берүү жана илим министрлигинин өтүнүчү менен соттук териштирүү 5-декабрга калды.

Улуттук университетте өткөн шайлоодогу добуштар саналууда.18-октябрь, 2014-жыл.
Улуттук университетте өткөн шайлоодогу добуштар саналууда.18-октябрь, 2014-жыл.

Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректорун шайлоо 18-октябрда өткөн. Анда ректорлук үчүн 15 талапкер ат салышып, университет жамааты добуш берген.

Шайлоонун жыйынтыгында эң көп добуш алган Илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев, Улуттук университеттин Кыргыз-европа факультетинин деканы Чынара Адамкулова жана ушул эле университеттин Кыргыз-кытай институтунун директору Болот Токтобаевдин талапкерлиги өкмөт башчынын кароосуна жиберилген.

Мыйзам боюнча өкмөт башчы булардын ичинен бирин тандап алып, бекитиши керек эле. Бирок шайлоого байланыштуу сот жараяны башталгандыктан премьер-министр сот чечимин күтүп жатканын “Азаттыкка” өкмөттүн Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Абдиманап Муратов маалымдады:

- Бул боюнча сот жүрүп жатпайбы. Аны Билим берүү министрлиги иликтеп жатат. Бул иш боюнча сот жараяны аяктаган соң өкмөт башчы аны карап, өз чечимин кабыл алат.

Ошол эле учурда Муратов ректорду шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолду деген дооматка негиз жок экенин билдирди.

Ал ортодо шайлоодо эң көп добуш алып, өкмөткө сунушталган академик Алтай Бөрүбаев маселени атайын саясатташтырган күчтөр бар экенин айтууда. Бөрүбаевдин пикиринде, добуш берүү мыйзам бузууларсыз өткөн. Ал боюнча сотко кайрылууга да негиз жок болчу:

Алтай Бөрүбаев.
Алтай Бөрүбаев.

- Сотко кайрылгандар шайлоо бүткөндөн кийин 20 күндөн соң арыз жазышыптыр. Экинчиден, шайлоону уюштуруу боюнча комитет эч кандай мыйзам бузулган жок, жобонун негизинде өттү деп айтып келген. Шайлоонун жыйынтыгы чыккан, көп добуш алган үч талапкердин бирин тандашы керек эле. Бул жөн эле карасанатайлык, саясат болуп жатат. Билим берүү министрлигинин да "сот жүрүп жатат, күтө туралы" дегени туура эмес. Бул мага каршы жасалган иш деп ойлоп жатам.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети өлкөдөгү эң алгач түзүлгөн жана ири окуу жайлардын бири. Анда учурда 30 миңге жакын студент билим алат. Советтер союзунун учурунда билим берүүнүн флагманы аталган университетте акыркы жылдары билим берүү сапаты төмөндөп, паракорлук өрчүгөнү айтылып келет. Мындан улам шайлоо аркылуу окуу жайды өзгөртүп, реформаны ишке ашырууга жөндөмдүү жетекчи дайындоо зарылдыгы белгиленген эле.

Билим берүү жаатындагы эксперт Мырза Каримовдун баамында, акыркы шайлоо университет жамаатынын өзгөрүүгө каалоосу аз экенин көрсөттү:

- Университетте азыр саясат үстөмдүк кылып жатканы байкалат. Муну акыркы ректор шайлоо да көрсөттү. Учурда Улуттук университеттин макамы гана калбаса, башка эч нерсеси калган жок. Акыркы шайлоо окуу жайдагы жамааттын өзгөрүүгө каалоосу аз экенин көрсөткөндөй.

Улуттук университеттин ректорун шайлоого байланыштуу чырга сот чекит койчудай болуп калды. 3-декабрда башталган сот шайлоону мыйзамдуу өттү деген чечим чыгарса, өкмөт башчы көп добуш алган талапкердин бирин тандап, ректорлукка бекитет. Эгер добуш берүүдө мыйзам бузуулар аныкталса, жаңы шайлоо жарыяланышы мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG