Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Чубак ажынын кылмыш иши кыскарабы?


Чубак ажы Жалилов "Азаттыктын" кеңсесинде.
Чубак ажы Жалилов "Азаттыктын" кеңсесинде.

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Чубак ажы Жалилов башында турган мурдагы муфтияттын Социалдык фондго болгон 12 миллион сом карызын жокко чыгаруу демилгесин көтөрүшүүдө.

Парламенттеги социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев "диний ишмерлерди колдоо боюнча ырааттуу саясаты жок" деп өкмөттү сынга алып, муфтияттын 12 миллион сом карызын кечүүгө каршы чыккан Социалдык фонддун жетекчилигин катуу зекиди.

Депутат мурдагы муфтийге "ажылыкты уюштурууда коррупцияны ооздуктап, ачык-айкын система түптөгөн" деп баа берип, аны салык төлөгөн эмес деп куугунтукка алуу чоң катачылык экенин айтты:

- Чубак ажы муфтий кезинде ажылыкты уюштурууда өз пайдасын ойлобой коомдук чоң ишти аткарды. Коррупцияны тыйды. Анын эсепчисинин айынан кеткен катаны мамлекет кечирип, тескерисинче, аларды колдоо ыкмасын ойлонушу керек. Көптөгөн өлкөлөрдө мамлекет өздөрүнүн салттуу динин колдойт, каржылык жактан жардам берет. Бизде акча жок, бирок салыктан карызын кечсек, дагы чоң колдоо болмок.

Өмүрбек Текебаев муфтияттын карызын жоюуну сунуштап жатат.
Өмүрбек Текебаев муфтияттын карызын жоюуну сунуштап жатат.

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын мурунку жетекчиси Чубак ажы Жалилов 2012-жылы ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп айыпталып, кылмыш иши козголгон эле. Анын башкы катачылыгы ажылык сапарды уюштурууда ажы башчыларынын чыгымдарын айлык акы катары жазып койгон, бирок айлык акынын киреше салыгы төлөнбөй калган. Бул муфтияттын эсепчисинин катасы болгону айтылып келген.

Депутат Турсунбай Бакир уулу бул мыйзам долбоор кабыл алынса, бир нече диний кызматкерлер жоопкерчиликтен бошотуларын айтууда:

- Чубак ажы баш болгон бир топ кызматкерлерге ушул мыйзам кабыл алынса, кылмыш иши токтойт. Эсепчинин катасынын айынан ушундай болуп жатат. Сапар чыгымын айлык деп жазып алганы ката болгон.

Кыргыз өкмөтү, анын ичинде Социалдык фонд дагы мыйзам боюнча муфтияттын карызын кечүүгө болбой турганын билдирип келет. Бирок Социалдык фонддон “Азаттыкка” билдиришкендей, эгерде парламент карызды жоюу тууралуу мыйзам кабыл алса алар аны аткарууга даяр.

Кыргызстандан ажыга баргандар. 2013-жыл.
Кыргызстандан ажыга баргандар. 2013-жыл.

Ал ортодо Чубак ажы Жалилов өзүнө козголгон кылмыш ишке байланыштуу чет өлкөдөгү диний жыйындарга катыша албай келатканын айтууда:

- Сот башталганда эле мага өлкөдөн чыкпоо тууралуу чечим чыгарышкан. Ошондон бери Араб өлкөлөрүндө, Москвада, Иранда көп диний отурумдарга бара албай калдым. Жакында ажыга чакырышты, аэропортко телефон чалсам, "сиз чыга албайсыз" дейт. Жети-сегиз жыйынга Кыргызстандын атынан чакырылып, катыша албай отурам.

​Ошентип айрым депутаттар Чубак ажы Жалилов башында турган мурдагы муфтияттын документтик катасын кечирип, салык боюнча карызга баткан айыбын мыйзам менен жокко чыгарууга жан үрөп жатышат. Кыргызстанда ажылык сапарды уюштуруу жыл сайын түрдүү чыр-чатактар менен коштолуп, зыяратчыларды тандоодо миллиондогон доллар тегерегинде коррупциялык иштер болору айтылып келет. Бирок бул маселе боюнча жоопко тартылган киши боло элек.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG