Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

Суу мыйзамы: чукулунан өзгөргөн КСДП


Кумтөр. Кен казуу үчүн мөңгүнү ушинтип талкалап, башка жака ташып кетишет.
Кумтөр. Кен казуу үчүн мөңгүнү ушинтип талкалап, башка жака ташып кетишет.

29-июнда Жогорку Кеңеште Суу кодекcин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Социал-демократтар фракциясынын сунушу менен чукул добуш берүүдөн алынды. Аталган фракция 26-июнда эле бул мыйзамды колдоп добуш берген болчу.

Ал арада Ак үйдүн алдында “Жаңы муун” кыймылы Кумтөрдөгү мөңгүнү бузууга жол ачкан мындай документке каршы нааразылык акциясын өткөрдү.

Ак үйдүн алдында чогулган 50 чакты адамдын арасында жаштар уюмдарынын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, укук коргоочулар, жарандык активисттер жана экологдор болду. “Жаңы муун” кыймылынын өкүлү Айбек Мырза Давыдов мөңгүсүн азыркы абалга жеткирген үчүн “Центерра голд” компаниясына кылмыш иши козголушу керек деп билдирди:

- Булар ушул убакка чейин бир канча миллион куб мөңгүнү талкалашты. Бул факт. Ошол фактынын негизинде прокуратура кылмыш ишин козгоп, экологиялык чыгымды кайтарып алуу деген акыркы жол калды. Азыр эми уруксат берсек да, бербесек да мөңгү түшөт деп жатпайбы. Ошол мөңгү түшүп калгыча бул бийлик беш жыл эмнени карап жүрдү? Бул деген мамлекетке чыккынчылык. Бир мамлекет бир компаниянын кызыкчылыгын коргоп атат.

“Мөңгү” фондунун башчысы Үрүстөм Кабылбеков болсо жарандык коом “Центерра” боюнча эл аралык сотко кайрылышы керек деп эсептейт:

- Мисалы, мамлекет менен булардын ортосунда келишим бар экен, ошон үчүн мамлекет эч нерсе кыла албайт экен. Биз Кумтөр менен соттошо алабыз. Бул мөңгү бизге эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия өлкөлөрүнө таандык. Биз баарыбыз биригип туруп, буларды эл аралык сотко берсек болот. Ак-Шыйрак мөңгү кыркалары Сыр-Дарыяны негиздейт. Ал мөңгүлөр жоголуп кетсе жаман болот. Мага бир окумуштуу "бул деген бир аз эле мөңгү да" дейт. Муштумдун башындай болсо да биз үчүн маанилүү.

Кенде иштелип чыккан топурак, таш мөңгүгө ушинтип аралашып калат
Кенде иштелип чыккан топурак, таш мөңгүгө ушинтип аралашып калат

Эколог Калия Молдогазиева 2012-жылы Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгон. Ал Суу кодесин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоор кабыл алынса, кесепети оор болорун эскертти. Кумтөрдөгү мөңгүнүн айынан чыккан маселени атайын мыйзам кабыл албай жеринде чечүү тууралуу оюн айтты:

- Эгер бул мыйзам кабыл алынса, Кумтөрдөгүдөй терс натыйжаны башка курула элек объекттерге колдонууга жол берилип калат. Ошондуктан Кумтөрдүн маселесин кендин ичинде эле өзгөчө абал жарыялап туруп чечсе болот. Азыр булар Суу кодексин өзгөртөбүз деп, таптакыр башка нерсени пландап жатышат. Мыйзамды кабыл алып, суунун башында ушундай дагы башка объекттерди курууга уруксат бергени жатышат. Суу биздин эң чоң байлыгыбыз. Эгер мыйзамды кабыл алсак, анда таза суусуз калабыз. Мунун кесепети чоң болот.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттары
Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттары

Ак үйдүн алдында мөңгүлөрдү бузууга каршы митинг өтүп жаткан чакта Жогорку Кеңеште Социал-демократтар фракциясы Суу кодексин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорду добуш берүүдөн алып салуу сунушу менен чыкты. Аталган фракция үч күн мурда эле бул мыйзамды толугу менен колдоп, жактаган болчу.

Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков чечимдеринин караманча-каршы болуп өзгөргөнүн төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Биз өкмөттүн позициясын да абдан талкууладык. Стратегиялык маселелерди жалпы элдин кызыкчылыгына туура келе тургандай кылып чечүү боюнча кеңештик. Көп позиция боюнча биз алардын аракетин, ниетин, алардын баары эл үчүн экенин көрүп турабыз. Бирок биз алардын бул мыйзамы маселени толук чечпейт деген ой менен добуш бербей турганыбызды билдирдик. Бул маселе дагы терең иштеп чыгууну талап кылат. Өкмөт дагы иштеп, конструктивдүү жол тапканга чейин аракетин улантышы керек.

Буга чейин мөңгүлөрдү бузууга жол ачкан мыйзам долбоорго “Ата-Мекен” фракциясы ачык каршы чыгып келген. Суу кодексин өзгөртүү боюнча мыйзамды Жогорку Кеңешке өкмөт жөнөткөн. Өкмөт өкүлдөрү мыйзам кабыл алынбаса, Кумтөрдө эмки айдын башында иш үзгүлтүккө учурайт, экологиялык катастрофа болуп, Давыдов мөңгүсү кенди басып калат деп билдирип жаткан.

Мөңгүлөрдү сактоо боюнча митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

XS
SM
MD
LG