Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Максим Бакиевдин үйлөрү өтпөй турат


Бакиевдин уулуна тиешелүү делген "Ideal house" деп аталган жердеги үйлөр
Бакиевдин уулуна тиешелүү делген "Ideal house" деп аталган жердеги үйлөр

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2010-жылы улутташтырылган Максим Бакиевдин мүлктөрүн сатыкка чыгарганына көп болду, бирок аны сатып алууга кардар чыкпай жатат.

Экс-президенттин уулунан калган мүлктөр көп суроону туудургандыктан, адамдар сатып алууну каалабай жатышкандай. Ошондуктан аларды мамлекет өзү пайдаланышы керек деген сунуштар да айтылууда.

48 үйдүн чечилбеген тагдыры

Бишкектеги мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясынан жогору тарапта жайгашкан 12,4 гектар жерди өкмөт бир жылдан бери менчикке сата албай убара. Учурунда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге таандык деген бул жер “Идеал хаус” деп аталып, анда 48 коттедж аягына чейин салынбай калган.

2010-жылдан кийин улутташтырылган бул жерди быйыл 5-августта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сатыкка чыгарып, бирок кардарлардан бир дагы арыз келбегендиктен аукционду жылдырууга аргасыз болду.

Аталган фонддун мамлекеттик мүлктү тескөө жана пайдалануу башкармалыгынын башчысы Бакытбек Мураталиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, “Идеал хаус” буга чейин да сатыкка коюлуп, анда дагы аларман табылган эмес эле.

- Бул жерлер аукционго биринчи жолу коюлган жок. Биз анын баштапкы баасын 242 млн. сом деп койдук. Буга чейин болсо, андан арзан коюлган, жылдан жылга доллар көтөрүлүп, жердин баасы өсүп жаткандыктан, ведомстволор аралык комиссия турак жайдын баасын чыгарып, 242 млн. деп бекитти. Биз ушу баа менен сатып атабыз. Бирок, азырынча сатып алууну каалагандар жок.

"Идеал Хаустагы" коттедждер
"Идеал Хаустагы" коттедждер

Мураталиев билдиргендей, Максим Бакиевге таандык делген 48 коттедж биринчи аукциондо 88 млн. сомдун тегерегинде бааланган эле. Экинчи аукциондо мүлктүн баасы 3 эсе жогорулатылды.

Жалгыз там ээн турат көл жээгинде...

Мындан башка экс-президенттин уулуна тиешелүү делген Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөтү айылындагы 1,5 гектар аянты менен курулушу бүтө элек 3 кабаттуу конок үйү да сатыкка коюлган. Анын баштапкы баасы 16 млн. сом деп бааланганы менен, 5-августтагы аукциондо бул объектти да сатып алууга бир да адам арыз берген жок.

Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов аталган эки мүлктү сатып алуучулар оңой менен табылбайт деген пикирде. Байболов Максим Бакиевден калган имаратты сатып алган адам, документтер канчалык туура болбосун кийин да көйгөйлөрдөн арылбай тургандыгын айтууда.

- Ал жерлер эми чатак болуп атпайбы. Кайра эле кийин соттошуп, үйлөрүн биринчи ээлери тартып алсачы? Ала турган адамдар азыркы бийликке ишенбей жатат. Ким сатып алса да соттошуулардан башы чыкпай калышы мүмкүн болуп турбайбы.

Мамлекет мүлктү өзүнө алса болбойбу?

2010-жылдагы революциядан кийин убактылуу өкмөттүн атынан сотторду жана прокуратураны көзөмөлдөп, Бакиев жана анын жакындарынын мүлктөрүн улутташтырууга активдүү катышкан Азимбек Бекназаров сатылбай жаткан мүлктөрдү мамлекет өз карамагына алышы керек дейт.

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Анын айтымында, мурда эле Саламаттык сактоо министрлиги “Ала-Арча” резиденциясынан жогору тарапта жайгашкан 48 коттеджге ден соолук чыңдоочу борборун куруу боюнча сунуш киргизген. Бекназаров эгер өкмөт аталган мүлктөрдү шашылыш сатып салса, аягы бүтпөгөн чырга алып келет деп эскертүүдө:

- Аны сөзсүз эле сатуунун кереги жок. Эгерде мамлекет оңдоп-түзөп, ижарага берсе, ала турчу адам оңой эле табылат. Мисалы, ал жак медициналык борбор кылууга өтө ыңгайлуу жер. Жаңылбасам Саламаттык сактоо министрлиги жүрөк борбору кылат элек деп сунуштап жүргөн. Ал жерди Воронцовкадагыдай эле ден соолукту чыңдоочу жай кылса болот. Ошол жактын айыл өкмөтү дагы бизге бергиле деп сурап жүргөн. Шашылыш сатабыз десе, адам жок болуп жатканын байкап, Максимдер өздөрү эле алып коюшу мүмкүн.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду азырынча Максим Бакиевден калган бул объектти бир дагы министрлик сурай электигин билдирип, сунуш келсе карап көрүүгө даяр экенин айтышты. Эми жакынкы айларда айтылган объекттерге кайрадан эле аукцион өткөрүлөт.

2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөт Бакиев жана анын жакындарына таандык 47 объектти улутташтырган. Анын 25и мамлекеттин карамагына өткөрүлсө, калганы аукцион жолу менен азыркыга чейин сатылып келатат.

XS
SM
MD
LG