Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Ботобеков өлкөдөн кетишине бийликти айыптады


Уран Ботобеков
Уран Ботобеков

27-январда оппозициячыл активист Уран Ботобеков Кыргызстандан чыгып кеткенин жарыялады.

Cот президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун арызынын негизинде Уран Ботобековду 1,8 миллион сом айып пулга жыккан эле. Активист эки инстанциядагы сот чечимдерин “саясий буюртма” деп атаган. Азырынча Ботобеков кайсы өлкөдө экени жана кайдан саясий башпаанек сураары белгисиз.

Ботобеков өзү интернет аркылуу тараткан билдирүүсүндө: “Бийлик “Улуттар биримдиги” партиясынын активисттерине карата саясый репрессияны прокуратура, милиция, соттор аркылуу гана жүргүзбөстөн, аларга каршы бандиттик-сицилиялык мафияны активдүү колдонууда. Алар бир канча ирет менин көзүмдү тазалап коебуз деп ачык коркутуп, бандиттик ыкма аркылуу саясый көз карашымды өзгөртүүгө аракет жасашты. Түштүктөгү бандиттик-сицилиялык мафиянын артында президенттин кеңешчиси Илмиянов турат” - деп жазган. Бул кайрылуу жергиликтүү оппозициялык маанайдагы "Маалымат.кж" сайтына чыкты.

Ботобековдун жакындары анын мекенин чукул таштап чыгып кетүүсүнө соңку кездери кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрүнүн коркутуп-үркүтүүлөрү дагы себеп болгонун айтышты. Активист Түркияга кеткенин, бирок андан ары кайсыл мамлекетке өтөрү жана башпанек сурары анык эместигин анын карындашы Айшат Токтоназар кызы “Азаттыкка” билдирди.

- Мага Түркиядан байланышка чыгып жатты. Кетээринде катуу капаланды. Кыргызстанда калсам, жакындарыма коркунуч жаратып алат окшойм дегендей кыязда айтты. Буга чейин белгисиз адамдар коркутуп жатканын билдирген.

Сот өкүмү менен миллион сомдук акчалай доого жыгылган Уран Ботобеков өз укугун аягына чейин коргоорун айтканы менен, саясий бийликке жана сотторго ишенбестигин билдирип келген. Былтыр октябрь айында райондук соттун чечимин шаардык сот бекиткенден кийин Уран Ботобеков Жогорку Сотко арызданарын, бирок чечим өзгөрүлөт деп күтпөсүн айткан эле.

Азырынча бийлик бул боюнча кеңири билдирүү тарата элек. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов “Азаттыкка” кыскача төмөндөгүдөй комментарий берди.

- Уран Ботобеков дайыма чындыкты бурмалап сүйлөп, өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлогон адам. Бул жолу да кандайдыр бир статус алуунун амалын ойлоп жатса керек...

Ал эми Ботобеков өз кайрылуусунда айыптаган президенттин кеңешчиси Илмияновдун жеке өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда деп келе жаткан талдоочулар Ботобековдун өлкөдөн чыгып кетиши бийликке бир топ көлөкө түшүргөнүн айтышууда. Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев азыркы бийлик мурункулардын катасын кайталай баштады дейт:

- Негизи бизде саясий кугунтуктоо жүрүп жатат. Ошол эле Уран Ботобековго кылмыш ишин козгобосо да, олчойгон айып пул салып, кысым көргөзүүдө. Бийликтин бул кадамдарын терс аракет катары баалайм. Азыр бизде жадакалса митинг өткөрө албай калдык.

Деген менен коомдук ишмер, аксакал саясатчы Топчубек Тургуналиев чет өлкөдөн баш паанек издеген оппозициялык активисттерге башкачараак баа берди:

Топчубек Тургуналиев
Топчубек Тургуналиев

- Бүгүнкү күндө оппозиция деген жокко эсе да. Мен оппозиция болумуш болуп, чет өлкөгө кетип калган кишилерди жактырбайм. Себеби, чыныгы оппозиция болом десең бийликтин сотунан, коркутууларынан, түрмөсүнөн да коркпошуң керек. Мен баарына чыдайм, булар менен күрөшөм деп чыгыш керек. Бир жолу сестенткенде эле качып кетпей.

Буга чейин талдоочулар Ботобеков миллион сомдук айып пулду төлөп бербесе, барып-барып абакка кесилип кетиши мүмкүн экенин эскертишкен. Ботобеков учурда чет өлкөдө жашырынып жүргөн Мелис Мырзакматов түптөгөн “Улуттар биримдиги” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.

2015-жылы 30-апрелде “Кабар Ордо” интернет порталына Уран Ботобековдун «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн айланасындагы абал боюнча маеги жарыяланган. Икрамжан Илмиянов маекте келтирилген ага байланыштуу тогуз мисалды аброюна шек келтирүү катары кабыл алып, сотко берген. Сот анын арызын канааттандырып, Ботобековду 1,8 миллион сом айыпка чыккан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG