Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Облус башчысынын орду майдаланды


Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Аскат Акибаев дайындалды. Губернаторлук орунга мурда-кийин мамлекеттик кызматта иштебеген адамдын келиши бир катар талкууга жем таштады. Айрым байкоочулардын баамында, борбордук бийликтин соңку дайындоолору губернатор институтунун кадыр-баркын мурдагыдан да кетирүүдө.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган Аскат Акибаев 2011-жылдан бери “Аврора” пансионатын жетектеп келген. Көлдүн Ак-Суу районунда туулган, 47 жаштагы Акибаевдин эмгек жолу тууралуу маалымат жокко эсе. Кайсы бир басылмага берген маегинде, Дүйнөлүк этнооюндар фондунун президенти болорун, туризмди, улуттук маданият, каада-салтты, спортту даңазалаган бир катар долбоорлордун, анын ичинде “Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары” өндүү эл аралык иш-чаранын автору экенин айткан жайы бар.

Аскат Акибаев парламенттик шайлоого Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен барган жана 77-орунда турган. Мындан улам, бийлик кызматтык дайындоолорду ошол кадрдын тажрыйбасына эмес, шайлоодо иштеп бергенине жараша жүргүзүп жатат деген сөздөр айтылууда.

Аскат Акибаев
Аскат Акибаев

Былтыр жыл этегинде Оштун губернатору болуп ага чейин Алай районунда аким болуп турган Таалайбек Сарыбашев дайындалган эле. Эмгек жолун 90-жылдардын башында базарда баштаган, базар башчылык деңгээлге чейин көтөрүлүп, жергиликтүү кеңештин депутаты, төрагасы, андан кийин аким болуп иштеген Сарыбашев губернатор болуп дайындалганда сын-пикир айткандар да чыккан. Сарыбашев болсо дооматтарды четке кагып, эмгеги бааланып, ушул кызматка келгенин айтты:

- Бул кызматка менимче жөн эле кое койбойт. Ар бир адамдын эмгек жолуна караса керек. Биздин тажрыйбабыз жок эмес. Элдин элегинен өтүп депутат болдук, райондук кеңештин төрагасы болуп төрт жыл иштедик. Аким болуп төрт жыл иштедим. Ошол кылган ишимди, ишимдин жыйынтыгын көрүп анан ушул кызматка бизди дайындап жатат. Мен азыр жакшы заман келди, таза иштегенди, эмгекти баалаган заман келди деп ойлоп жатам.

Мамат Айбалаев 1999-2003-жылдары Баткендин губернатору болуп иштеген. Анын пикиринде, соңку дайындоолор өкмөт өкүлүнүн кадыр-баркы төмөндөп кеткенин көрсөтүүдө.

- Ошол кезде губернаторлор жөнүндө абдан жакшы мыйзам бар эле. Ал мыйзам боюнча губернаторго толук башкаруу бийлиги берилип, проблемалар моюнуна жүктөлгөн. Бир топ маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүгүм бар эле. Республикалык деңгээлде комиссия иштегени менен мен өзүм чек ара маселелерин сүйлөшүп, ошол облустун кызыкчылыгы, көйгөйү тууралуу толугу менен оюбузду айтып, коңшу өлкөлөрдүн облусунун губернаторлору менен жолугуп, талкуулоого мүмкүнчүлүгүм бар эле. Ал мыйзамдар жоюлуп, эми өкүл деп аталып калбадыбы. Өкүл болуп системадагы бардык баскычты басып өткөн кесипкөйлөр иштесе, жакшы болмок. Кызматка кокусунан эле шайланып калгандар өтө эле тың, өтө эле акылдуу, өтө эле илим-билимдүү, таланттуу адам болсо анда бир жөн. Эгер андай болбосо ошол облуста, ошол жерде жашагандарды, ошол жерде иштеген адистерди кыйнап коет.

Мыйзам боюнча өкмөттүн облустардагы өкүлүн дайындоо премьер-министрдин ыйгарым укугуна кирет. Байкоочулардын баамында соңку дайындоолор губернаторлорду президенттик аппарат тандап бергенин көрсөтөт.

Жапониядагы Кобе университетинин cаясат таануу боюнча магистратурасынын бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбеков өкмөт өкүлдөрүнүн азыркыдай ыкма менен дайындалышы бийликке болгон ишенимди азайтат деп эсептейт:

- Бийликке лоялдуу, анын ыгы менен болгондорду дайындоо тажрыйбасы негизи жакшы эмес. Себеби, дегенде бул адамдардын бийлик институттарына ишенимди кайра-кайра азайтканга алып келет. Себеби, дайындалган адамдын эл менен такай иштеп, жолугуп көйгөйлөрүн чечип, иштөө стимулу деле болбойт. Себеби, аны дайындаган бир киши бар. Ошол кишинин маанайын бузбай, жакшы иштеп берсем мен ордумда калам деген ой менен жүрөт. Эми ушундай рычаг бар, муну биз ойлоп тапкан эмеспиз.

Бийликтеги ишенимдүү булактардын билдиришинче, жакында айрым бир облустарда да өкмөт өкүлдөрү алмашат жана жаңы губернатор парламенттик шайлоого кошкон салымына жараша тандалат.

XS
SM
MD
LG