Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:30

Өкмөттүн ичинде ырк кетти...


Премьер-министр Темир Cариев (солдо) менен транспорт министри Аргынбек Малабаев.
Премьер-министр Темир Cариев (солдо) менен транспорт министри Аргынбек Малабаев.

Транспорт министри Аргынбек Малабаев тендердеги мыйзам бузуулар боюнча Темир Cариевди айыптап чыкты. Сариев болсо, кайра Малабаевди айыптап, аны жумуштан кетирүү боюнча президентке сунуш берди. Бирок президент аны кабыл алган жок.

Балыкчы-Корумду жана “Манас” аэропортунун жолу боюнча тендердеги мыйзам бузууларга премьер-министр Темир Cариевдин тиешеси бар экенин транспорт министри Аргынбек Малабаев айтып чыкты. Буга байланыштуу ишти иликтеп жаткан Жогорку Кеңештин комиссиясы өкмөт башчыны кызматтан кетүүсүн талап кылды. Өкмөт болсо бул айыптоолорду четке кагууда.

Балыкчы-Корумду автожол долбоору боюнча парламенттеги депутаттык комиссияга транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев түшүндүрмө берип жатып, тендерде уткан компанияда премьер-министр Темир Сариевдин жеке кызыкчылыгы болгонун ачык айтты. Анын айтымында, өкмөт башчы көздөгөн иштерди транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев бүтүргөн.

Министр Малабаев бул айткандарын “Азаттыкка” да ырастады:

- Премьер-министр Темир Сариев бул ишке түздөн-түз аралашкан жок. Бирок ал өзүнүн тегерегинде жүргөн кишилер аркылуу бул ишке киришип, өз кызыкчылыгы үчүн иштеген. Тагыраагы, ал бул иштин баарын Уезбаев аркылуу жасаган. Алар мен Бишкекте жүргөн кезде деле, Малабаев жок деп, тендерди берүүгө макул болгон документке Улан Уезбаевдин колун койдуруп, калган кагаздарды бүтүрүп алышкан. Мындан сырткары ошол эле кытай компаниясынын өкүлү болуп да Темир Сариевдин жакындары иштеп атканы бул иште өкмөт башчынын кызыкчылыгы бар экенинен кабар берип турат.

Транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев Малабаевдин айткандарын четке кагууда. Ал “Азаттыкка” курган маегинде дээрлик 7 миллиард сомго бааланган Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүүгө кытайлык “Лонг Хай” компаниясына Аргынбек Малабаев өзү макулдук бергенин билдирди:

- Малабаевдин мени жана премьер-министр Темир Сариевди күнөөлөгөнү туура эмес. Ал министр катары тендерде уткан компанияга өзү макулдук берген. Ал ошол учурда иш сапарда болчумун деп жалган айтып жатат. Малабаев тендер өткөндө Кыргызстанда болчу жана өткөрүлгөн тендерге өзү кол койгон, - деди Уезбаев.

Ал эми өкмөттүн маалымат катчысы Бакыт Асанов Балыкчы – Корумду жана аэропорт автожолунун курулушундагы тендер ишинде өкмөт башчы Темир Сариевдин тиешеси жоктугун билдирүүдө:

- Премьер-министр Темир Сариевдин Балыкчы-Корумду жолунун тендери боюнча эч бир байланышы жана кызыкчылыгы жок. Бул боюнча Транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаевдин билдирүүсү чындыкка жатпайт жана эч бир негизи жок. Премьер-министр тендерди өткөрүү боюнча эч кандай көрсөтмө берген эмес. Темир Сариев премьер-министр катары бул кызматтын жоопкерчилигин толугу менен түшүнөт жана мындай көрүнүштөргө жол бербейт. Тескерисинче, Темир Сариев өкмөттөгү ар бир кабыл алынган чечимдин мыйзамдуу болушун талап кылып келет. Бул боюнча премьер-министрдин демилгеси менен атайын мекемелер аралык комиссия түзүлүп, ишти иликтеп өз жыйынтыгын чыгарды. Министр Малабаев өз ишиндеги кемчиликтерди жашырып, жоопкерчиликтен качуу үчүн премьер-министрдин дарегине ар кыл негизсиз айыптоолорду таратууда. Бул жоопкерчиликтүү жетекчиге жарашпайт.

Бул арада өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн, 6-апрелде транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча сунушун президентке жолдоду. Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, мындай чечимге Малабаевдин Балыкчы – Корумду жана аэропорт жолунун курулушунда кетирген кемчиликтери себеп болгон. Бирок президенттин аппараты өкмөттүн бул сунушун укуктук жактан тууралап жөнөтүү үчүн, кайра артка кайтарды.

Бирок кантсе да өкмөттүн дарегине карата айтылган билдирүүлөрдөн кийин Балыкчы – Корумду трассасы жана Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жол курулушундагы мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссия премьер-министр Темир Сариевдин отставкасын талап кылууда. Комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев жыйындан кийин буларды кабарлады:

- Транспорт министри өзү моюнуна алып “бул жерде менин эч кандай тиешем жок, бул иште түздөн-түз премьер министрдин кызыкчылыгы бар” деп айтып жатат. Анан кантип буга ишенбей коебуз? Антпегенде деле 7 миллиард сомдук тендерди эки студент кытай жараны утуп жатканы эле артында сөзсүз бир чоң кызматтагы киши турарынан кабар берип турат. Эми премьер-министр отставкага кетпесе, бул иш объективдүү иликтенбейт. Ошол себептүү биз Темир Сариевдин кызматтан кетишин талап кылабыз.

104 чакырымга созулган Балыкчы – Корумду автожолун калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 7 миллиардга жакын сом бөлүнгөн. Транспорт министрлиги өткөргөн тендерде жол куруу укугун лицензиясы жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы уткан.

Буга чейин “Азаттык” аталган жолдун курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча “Жолдон жонулган жашылдар” аттуу теле иликтөө даярдаган болчу.

Аргынбек Малабаев 2010-2015-жылдары “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын жетектеген. Ал 2015-жылдан бери Транспорт жана коммуникация министри болуп иштеп келаткан.

Тасмада: “Азаттыктын” жолдордун курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча “Жолдон жонулган жашылдар” аттуу теле иликтөөсү:

Жолдон жонулган “жашылдар”
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:12 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG