Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

БУУнун комитети Аскаровду арачаламай болду


Азимжан Аскаров, №47 абак, Бишкек шаары, 28-декабрь, 2011-жыл
Азимжан Аскаров, №47 абак, Бишкек шаары, 28-декабрь, 2011-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укугу боюнча эксперттери өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровду тез арада бошотуп, аны күнөөлүү деп тапкан өкүмдү жокко чыгарууга чакырды.

Укук коргоочулар Кыргызстан саясий жана жарандык укуктар конвенциясына кошулгандыктан аталган чакырыкты чечим катары аткарууга милдеттүү экенин эскертишти.

БУУнун адам укугу боюнча комитети укук коргоочу Азимжан Аскаровду соттоого негиз берген далилдер менен көрсөтмөлөрдү изилдеп чыгып, аны күнөөсүз жерден абакта отурат деп тапкан.

Аскаровдун Кыргызстанга каршы арызы

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укугу боюнча комитетинин эксперттери Кыргызстанда өмүр боюга кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жеке даттануусун быйыл 31-мартта Женевада карап чыгып, билдирүү таратты. Аскаровдун ишин караган БУУнун адам укугу комитетинин ал бүтүмүн 21-апрелде жарыяланды.

Аскаровдун Кыргызстанга каршы даттануу арызы канааттандырылып, адам укугу комитети ага каршы айыптоочу өкүмдү жокко чыгарууга чакырды. Анткени курамына адам укугу боюнча 18 көз карандысыз эксперт кирген БУУнун комитети Кыргызстан Аскаровго карата жасаган мамилесинде өзү кол койгон жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык конвенциянын бир нече шарттарын бузганын аныктап чыккан.

БУУнун адам укугу боюнча комитетинин басма сөз өкүлү Лиз Троссел соттолгон укук коргоочуну бошотууга чакырган негиздеме боюнча мына буларга токтолду:

- БУУнун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанды абакта отурган саясий активист жана журналист Азимжан Аскаровду токтоосуз бошотууга чакырды. Анткени ал мыйзамсыз кармалып, камакта адам чыдагыс жашоо шартта күн кечирип, кыйноолорго жана ырайымсыз мамилеге дуушар болгондуктан, соттук териштирүүлөрдө өзүн коргоо үчүн тиешелүү түрдө даярданууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

- Бул жөн эле чакырык же сунуш эмес. Ал БУУнун адам укугу комитетинин 17 барактан турган атайын чечими.
Азиза Абдрасулова

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин караган баяндамада анын Базар-Коргондо милиция менен прокуратуранын 10 жылдап адам укуктарын бузуп келе жатканын даректүү түрдө далилдегени көрсөтүлгөн.

Аскаров 2010-жылы 15-июнда Кыргызстандагы этностук зомбулукка байланышкан окуялардан кийин камакка алынган. Ал улуттар аралык жек көрүүнү козуткан, баш аламандыкка шыкакчы болгон жана баш аламандык учурунда милициянын офицерин өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Милдеттүү сунушпу?

БУУнун адам укугу комитети соттолуучунун арызын карап, ага карата айыптоо далилдери мыйзамсыз чогултулган деп тапты. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова мындай дейт:

- Бул жөн эле чакырык же сунуш эмес. БУУнун адам укугу комитети 17 барактан турган атайын чечимин кабыл алды. Ага карата жекече даттануу жөнөтүлгөн. Анан тиешелүү документтердин бардыгы изилденип чыгып, ошонун негизинде чечим чыкты. Бул чечим эми сунуш иретинде айтылганы менен ал милдеттүү түрдө аткарууга жатат. Анан Кыргызстан өзү кол койгон конвенция боюнча милдеттемесин аткаруудан баш тартып, Аскаровду абактан чыгарбай койсо, анын жашы дагы 65 келип, саламаттыгы начарлап турганда, бир нерсе болуп кырсык болуп кетсе, чечим бар экенине карабай, Кыргызстанга укук коргоочуну өлүмгө чейин алып барып, милдеттемесин аткарган жок деген кара көө жабылат.

- Акыркы жолу бул ишке Жогорку Сот чекит койбоду беле. Жогорку Соттун чечими жаңы эле бир жагдайлар чыга калбаса, кайра даттанууга жатпайт.
Нурлан Тагаев

Эми эреже боюнча БУУнун адам укугу комитети өзүнүн Аскаров боюнча сунушун Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жана Жогорку Сотуна жөнөтөт. Аталган чечимде укук коргоочу Азимжан Аскаров абакта кыйноого дуушар болуп, ага карата акыйкат сот адилеттиги камсыз болбогону көрсөтүлгөн. Ошондуктан укук коргоочу Аскаров токтоосуз бошотулушун жана ага келтирилген зыяндын орду толтурулушу керектиги айтылган. Ошондой эле ишти кайра кароого жөнөтүп, жаңы жагдайлар боюнча соттук териштирүү жүргүзүү жагы сунушталган. Бул үчүн башкы көзөмөл органы аныктама чыгарууга тийиш.

Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Нурлан Тагаев билдирүү расмий түрдө келгенден кийин гана ага карата расмий жооп болорун белгиледи:

- Акыркы жолу бул ишке Жогорку Сот чекит койбоду беле. Жогорку Соттун чечими жаңы эле бир жагдайлар чыга калбаса, кайра даттанууга жатпайт. Ошондой жагдай болсо, анда аны ошол сот өзү гана карай алат. Эгерде БУУнун чечими бизге келип түшсө, андагы келтирилген жүйөлөрдү албетте карап чыгабыз. Ошого жараша расмий жооп болот. Азырынча аталган чечим бизге келе элек.

БУУнун адам укуктары боюнча комитети Аскаровдун ишин Эл аралык пакты боюнча Биринчи факультативдик протоколдун алкагында караган. Ага ылайык, бул Комитетке жекече даттанууларды кароого ыйгарым укуктар берилген. Кыргызстан аталган эл аралык конвенцияга кол коюп, анын сунуштарын аткаруу милдеттенмесин алган. БУУнун адам укугу комитети эл аралык келишимдердин мамлекеттер тарабынан аткарылышын көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG