Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Сабатсыздык - радикализмдин башаты


Иллюстрация
Иллюстрация

Серепчилер радикализмге диний сабатсыздык себеп болгонун айтышат.

Кыргызстан Борбор Азияда мечиттердин көптүгү боюнча биринчи орунда турат. Расмий маалыматка таянсак, өлкөдө 2000ден ашык мечит бар.

Кыргызстанда диний билим берүүнүн абалы кандай? Жүздөгөн мечит, ондогон медреселерде кандай билим берилүүдө?

​Советтер союзу ыдыраган жылдардан тартып өлкөдө мечиттердин саны жаандан кийинки козу карындай көбөйгөн. Алардын көбү чет элдик демөөрчүлөр тарабынан каржыланган. Айрым мечит, медреселерде шектүү агымдарга тартылган жаштар болгон. Мындан улам бийлик мечиттерди көзөмөлдөө аракетин баштады.

Сабатсыздык - радикализмдин башаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:54 0:00

Учурда мечит, медреселердеги диний кызматкерлердин сабатын текшерүү уланып, диний билим берүү мекемелерине мектептин окуу программасын киргизүү жүрүп жатат. Бирок демилгенин ишке ашарына ишенбегендер да арбын. Алар аракет жүргөнү менен аймактагы имамдардын билимин жогорулатууга шарт түзүлбөй жатканын жүйө келтиришет.

Расмий маалыматтарга караганда, беш жылдан бери согуш жүрүп жаткан Сирияга Кыргызстандан 500дөй киши кеткен. Анын 80ге жакыны өспүрүмдөр экени аныкталган. Адистер жаштардын радикал топтордун тилине киришине “интернет имамдар” дагы себепкер экенин белгилешет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG