Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Бийлик Батыровду ким качырганын издеп жатат


Кадыржан Батыров
Кадыржан Батыров

Кадыржан Батыровдун качышын иликтөө үчүн түзүлгөн мекемелер аралык тергөө тобу ошол кезде Жалал-Абад облусунун күч түзүмдөрүндө жетекчи кызматта турган адамдарды суракка алып жатат.

Башкы прокуратура июнь коогасын уюштурган деп сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Батыровдун чет өлкөгө чыгып кеткени боюнча 14-сентябрда кылмыш ишин козгогон. Иш козгоого президент Алмазбек Атамбаевдин Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн бул ишке катышы бар-жогун аныктап чыгуу тапшырмасы негиз болгон. Анын оппоненттери мындай аракеттерди саясий куугунтук катары сыпаттап жатат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча мекемелер аралык тергөө тобу 20-сентябрда түзүлгөн. Башкы көзөмөлдөөчү орган тергөөнүн кызыкчылыгы менен байланыштырып, азырынча кененирээк комментарий бере элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет дагы Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө чыгып кеткени боюнча жаңы жагдайларды атай элек.

Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова кылмыш иштин козголушуна мына ушул жаңы жагдайлар негиз болгонун бышыктаган:

- Кылмыш иш “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” деген берене менен козголду. Кылмыш иштин козголушуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет берген материалдар негиз болду. Андан сырткары биз тергөө органдарындагы айрым иштерди изилдеп чыктык.

Ички иштер министрлигиндеги “Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын билдиришинче, тергөө топтун өкүлдөрү ушул жумада Жалал-Абадда 2010-жылы Батыровго байланыштуу окуялардын тушунда күч түзүмдөрүндө жетекчи кызматта турган адамдардын баарын суракка алды. Анда Батыров эмнеге кармалган эмес, кылмыш иштин козголбогон себептери жана Убактылуу өкмөттөн кимдир бирөөдөн аны камабоо тууралуу буйрук түшкөнбү деген суроолор берилди.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Анвар Артыков муну туура деп эсептей турганын айтты:

- Мен деле ошол кезде Убактылуу өкмөттө жүргөм. Мага көбүрөөк маалымат келип турду. Митинг болгон жерлерде телефон чалып, телефондон үн чоңойткуч аркылуу “мунуңар туура эмес, чыр чыгып кетет, кан төгүлүшү мүмкүн, арты жакшы болбойт” деп үгүттөп жүргөм. Ошондо “чара көрүш керек, кан төгүлүп кетиши мүмкүн, жамандыкка кетип жатат” десем көңүл бурбай коюшкан. Угушпагандан кийин мен Убактылуу өкмөттөн кетип калгам. Чынын айтыш керек, 2010-жылы революциядан кийин бийликке келгендер эйфория болуп административдик-каржылык ресурсту чогултуу менен гана алек болуп калган. Кадыржан Батыровду, дагы башкаларды тыйгыла деп мен айткам, талап кылгам. Бул маселелерди кайра кароо төрт-беш жыл мурун деле көтөрүлүп келген. Бирок ал кездерде саясий эрк жеткен эмес. Анын убакыт-сааты эми келиптир. Кырк жыл мурунку кылмыш болсо да ага саясий-укуктук баа берилиши керек.

Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качып кеткенин иликтөө боюнча мекемелер аралык тергөө тобун түзүүнү президент Алмазбек Атамбаев тапшырган жана анда Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн бул ишке тиешеси бар-жогун иликтеп чыгуу жүктөлгөн.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исмаил Исаков саясий куугунтук деп баалады:

- Бул атайын каралоо иштеринин башталганы баарыбызга эле белгилүү болуп калды. Эгер иш туура башталса биринчи кезекте 2010-жылдагы окуяларды иликтеген парламенттик комиссиянын документтерин алып чыгуу керек болчу. Ал жерде Кадыржан Батыров эле эмес, ошол окуяга тиешеси бар адамдардын баары ар тараптан иликтенген. Ошол учурда оппозиция абдан күчтүү болуп турган. Алардын сөзү да басымдуу болгон, чындыкты бурмалоого аракеттер да болгон. Ошонун негизинде адилеттүүлүккө жакын материалдар топтолгон болчу. Ошол кезде Ош менен Жалал-Абад облусун тейлеген прокуратурада адамдар болгон. Алар бизден буйруктарды алган. Кадыржан Батыров, ага кылмыш ишин козгоо боюнча, издөө жарыяланганы тууралуу материалдар берилген. Алардын комиссияда айткан сөздөрү бар. Ошолордун баарын иликтеп чыкса жакшы болмок.

Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Кадыржан Батыровдун качышы боюнча эң ириде ошол кезде коопсуздук маселелерине жооп берген азыркы президент Алмазбек Атамбаев көрсөтмө бериши керек дешет.

Буга Fergananews.com агенттиги Кыргызстандын атайын кызматынын өкүлдөрү Ошто, Жалал-Абадда жана Өзбекстанда өзбек коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугуп, 2010-жылы Убактылуу өкмөттү жетектеген Роза Отунбаева менен анын аппаратын башкарган Эдил Байсаловго каршы көрсөтмө берүүгө, билдирүү жасоого көндүрүп жатканын жазып чыккан эле. Атайын кызмат муну курулай доомат деп атаган.

XS
SM
MD
LG