Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Референдум акыры өтмөй болду


Жогорку Кеңеш "Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум дайындоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен колдоду. Ага ылайык, жалпы элдик добуш берүү 11-декабрда болот.

Парламенттеги бул маселе боюнча талкуу курч мүнөздө өтсө да, 89 депутат Баш мыйзамды өзгөртүүгө макулдук берди. Бирок Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандар бул жараян мыйзам бузуу менен жүргөнүн белгилеп жатышат.

Жогорку Кеңештеги “Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо” мыйзам долбоор үчүнчү окууда талкуулоо мурдагыларга караганда курч мүнөздө өттү. Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков мыйзамды үчүнчү окууда кароодо алды менен жарыш сөз берүүгө каршы чыкты.

Бул маселе депутаттар арасында талашка түшүп, жыйынтыгында спикер депутаттардын жүйөсүнө макул болууга мажбур болду.

Мындай жол менен бийликчил депутаттардын Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду талкуусуз эле өткөрүү ою ишке ашпай, кызуу талкуу жаралды.

Пикирин өзгөрткөн депутаттар

Талкуу жүрүшүндө буга чейин референдум өткөрүүгө демилгечи катары чыккан айрым депутаттар пикирин өзгөрткөнү белгилүү болду. Маселен, “Кыргызстан” фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаев Баш мыйзамды өзгөртүү депутаттарды коркутуу менен жүрүп жатканын айтып, ага каршы экенин ачык айтты:

- Конституцияны өзгөртпөш керек деген адамдардын пикири ошондой. Аларды кысып коркутуп, жаманатты кылып, каралабашыбыз керек. Эртең кимдин пикири туура болгонун тарых гана тастыктайт. Ошол себептен Баш мыйзам өзгөртүү боюнча баяндамачы болсом да Конституциялык палатанын мурунку жообун эске алып, бул жараян кандай жол менен баратканын көрүп, мындай жол менен Конституцияны өзгөртпөш керек деп ойлойм.

Мындай пикирди Социал-демократтардан депутат Жанар Акаев да айтып, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандарды Коомдук телеканал аркылуу каралоону токтотууну талап кылды.

Жанар Акаев каралоону токтотууга чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

Акаевдин мындай пикирин бир катар депутаттар колдоп, маалыматтык каралоо кампаниясын токтотуу талабын коюшту.

Текебаев: Мыйзам бузулду

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо жаңыдан эле кабыл алынган “Референдум жөнүндө” мыйзамды бузуу менен жүрүп жатканын билдирди:

- “Референдум” жөнүндө мыйзамдын 12-беренесинде “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду дайындоо мыйзамын долбоору Жогорку Кеңешке келип түшкөндөн бир айдан эрте эмес жана үч айдан кем эмес мөөнөттө депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат деп жазылып турат. Бизге “Референдумду дайындоо” боюнча мыйзам долбоору 23-сентябрда келип түштү. Биринчи окуудан 29-октябрда кабыл алганбыз. Экинчи окуудан 19-октябрда кабыл алдык. Мунун баары учурдагы референдум мыйзамына каршы келет.

Өмүркулов: Президентти каралоого негиз жок

Бирок мындай жүйөгө Социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов жооп кайтарып, Баш мыйзамды өзгөртүү мыйзам чегинде жүрүп жатканын билдирди.

Өмүркуловдун айтымында, президенттин командасынын Баш мыйзамды өзгөртүү менен бийликти узурпациялоо максаты жок:

- Биз Баш мыйзамга киргизип жаткан беренелер боюнча сөз кылган жокпуз. Бүгүн сөздүн баары саясат болуп жатат. Бири-бирибизге асылмай болуп жатат. Президентти күнөөлөп жатабыз. Президент бул референдум менен элди экиге бөлгөн жок. Бөлсө, эмне кылып бөлүп жатканын айткыла. Ал аз келгенсип, бүгүн узурпация жөнүндө айтып жатасыңар. Кана, кайсы беренеде жазылып турат? Бул тескерисинче, элдик мыйзам, эл үчүн иштей турган мыйзам.

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Ал эми алгач Баш мыйзамды өзгөртүүнүн демилгелеп чыккан “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы бул жолу референдумга каршы экенин ачык жарыялашты.

Ошентип, референдум маселеси боюнча курч талаш болгонуна карабай добуш берүүнүн жыйынтыгы мурдагылардан айырмаланган жок. Добуш берүү учурунда мыйзам долбооруна каттоодон өткөн 105 депутаттын 90у "макул", 15и "каршы" добуш берди деген жыйынтык чыкты.

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев мыйзамга жаңылыштык менен добуш берип алганын билдирип, натыйжада документти колдогондор 89 депутат болду.

Кыргызстанда 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор менен катар референдум өтмөй болду. Буга чейин референдум өткөрүүнүн жол-жобосун аныктаган мыйзамды парламент кабыл алып, президент кол койгон.

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүүнү быйыл жайында парламенттеги “Ата Мекенден” башка беш фракция сунуштаган. Кийинчерээк “Өнүгүү-Прогресс” жана “Бир Бол” фракциясынын айрым мүчөлөрү каршы чыккан.

Оппозициянын чакырыгы

Кыргызстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси саясий кырдаалга таасирин тийгизди. Буга чейин бир тарапта болуп келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн жаатташтырып, мамилесин бузду. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү ​Эмилбек Каптагаев бийликтин референдум өткөрүү демилгеси боюнча буларды билдирген:

- Иса Өмүркулов “кааласаңар да, каалабасаңар да баары бир өткөрөбүз” деп айтып атпайбы. Бийликтин табияты илгертен ошондой. Зордукка салганда каалаган чечимин аткартып алышат. Бирок мунун артын, келечегин да ойлош керек. Азыр “көздөрүн май басып” ойлонбой жатышат.

Буга чейин оппозициячыл топтор, “Референдумга - жок” аттуу кыймыл түзүп, атайын курултай өткөрүп бийликти референдумду өткөрүүдөн баш тартууга чакырган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG