Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси кайрадан калкып чыкты


“Ата Мекен” партиясынын айрым депутаттары Баш мыйзамды өзгөртүп, президенттик башкарууга кайтуу аракети башталганын айтууда.

Буга президент Отунбаеванын жана премьер-министр Атамбаевдин акыркы
билдирүүлөрүндө Конституция өзгөрүүгө муктаж деп айткандары себепчи болуп жаткан экен.

Азыркы Конституция эң демократиялуубу?

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов акыркы кезде азыркы бийликтер Баш мыйзамды өзгөртүп, президенттик бийликти күчөтүү аракетин көрүп жатат деп эсептейт:

- Муну баштап жаткан Атамбаев. Атамбаев бир жолу президентке укук жетпей жатат деп айтты эле, Конституция күнүндө президент аны кайталады. Демек бул экөөсүнүн жаңы ойлоп тапкан аферасы.

Абдрахмановдун
оюнча, парламенттик демократия Кыргызстандын табиятына жана шартына төп келет, бул системанын артыкчылыгы катары депутат саясий атаандаштыкка жол ачылгандыгын белгиледи:

- Бул Конституция жок эле дегенде он жыл иштеш керек. Бул Конституция бардык адамдарга иштегенге, бийликке келгенге, партия түзгөнгө, саясий атаандаш болгонго жана мамлекетти башкарганга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле адам укугун коргогон эң мыкты демократиялуу Конституция.

Ал эми президенттик аппараттын юридика бөлүмүнүн жетекчиси Эркинбек Мамыров былтыр кабыл алынган Баш мыйзам кыска мөөнөттө жазылгандыктан, айрым кемчиликтер орун алганын белгиледи. Бирок президент Роза Отунбаева аны өзгөртүүгө ниеттенүүдө деген дооматтарды четке какты:

- Көбү негедир ушундай кабыл алыптыр, президент ушундай басым жасап
өттү депчи. Андай эмес, эгер ошол сүйлөгөн сөзүн жакшылап окусаңыздар ал
жерде “кемчиликтери бар, бирок ошого карабастан жакшы жактарына басым жасашыбыз керек, бийликти тең салмактап турчу система кирди, бийликтин баары бир колго жыйналышы мүмкүн эмеc” деп жатат. Ошон үчүн президент бул жерде андай максат койгон жок.

Президенттин жүйөөсү

5-майдагы Конституция күнүндө сүйлөгөн сөзүндө президент Роза Отунбаева Баш мыйзамдагы айрым кемчиликтерди атап өткөн. Муну ал идеологиялык эмес, укуктук кемчиликтер катары сыпаттаган эле.

- Турмуш жана практика көрсөткөндөй, Баш мыйзамда айрым так эместиктер бар. Ошон үчүн тиешелүү толуктоолорду киргизиш керек. Баш мыйзам мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ким аныкташы керек экендиги так көрсөтүлгөн эмес. Элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдиги президент аркылуу болот деп жазылган. Бирок Баш мыйзамда ким Конституциянын, адам укугунун жана эркиндигинин кепили боло тургандыгы даана көрсөтүлбөй калыптыр. Ошондой эле парламенттик коалициянын келишимин түзүүнүн жана кол коюунун шарттары аныкталган эмес.

Кайра-кайра өзгөртө беребизби?

“Демократия жана жарандык” коом үчүн коалициясынын жетекчиси Динара
Ошурахунова
Баш мыйзамды бат-баттан өзгөртө берүү жакшы эмес деген пикирде. Ал “кандай гана Конституция болбосун айрым кемчиликтер орун алышы мүмкүн” дейт.

-Эл референдумга добуш берүүгө барып, Кыргызстанга, анын ичинде парламенттик системага макул болгондон кийин аны сактап, сыйлаш керек. Кандай гана Конституцияда болбосун кемчилик болот. Бул негизи ушундай нерсе. Биз деген биринчи парламенттик системаны көрүшүбүз керек. Аз гана убакыт өттү ага. Парламент бар, эң негизги бийликтин өкүлчүлүктүү органы болду. Биз дайыма бир адам башкарган болбойт экен деп, нааразы болуп келбедик беле.

Өткөн жылы Убактылуу өкмөт бийликке келгенден кийин кыска убакытта
Конституциялык реформа өткөрүлүп, ал жалпы элдик референдумда бекитилген. Ага ылайык Кыргызстан парламенттик системага өткөн. Кошуна өлкөлөр буга сын көз карашта болуп, ал эми Батыш өлкөлөрү менен АКШ колдоого алышкан болчу.

XS
SM
MD
LG