Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын соңку чечими буга чейин кабыл алынган көптөгөн чечимдердин мыйзамдуулугун жокко чыгарууда.

13-январда Жогорку Соттун Конституциялык палатасы мамлекеттик кызматкерлерге байланыштуу кылмыш ишин прокуратура кызматы гана жүргүзө алат деген чечим чыгарды. Ошону менен мамлекеттик кызматкерлерге байланыштуу кылмыш иштерин тергөөнү башка күч органдарына өткөрүп берүү конституцияга каршы келерин белгиледи. Бул буга чейин кабыл алынган көптөгөн чечимдердин мыйзамдуулугун жокко чыгарууда.

Укуктук чалкештикке алып келген чечим


Конституциялык палатанын билдирүүсүнө караганда, Октябрь райондук сотунун судьясы М.Абдыкалыков ага байланыштуу кылмыш иштин Башкы прокуратура тарабынан Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилишин Конституцияга туура келбейт деп, аны жокко чыгаруу талабы менен Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палата Конституциянын 104-беренесинин 6-пунктуна таянып, анын талабын канааттандырган. Анткени ал беренеде мамлекеттик кызматкерлерге байланыштуу кылмыш иштерин прокуратура кызматы жүргүзөт деп жазылган.
...Бул деген сөз Жаныш Бакиев менен Курманбек Бакиевди да акташ керек деп табылып, алар акталганга жатат.

Бирок Башкы прокуратура мамлекеттик кызматкерлерге байланыштуу кылмыш иштерди Кылмыш-жаза кодексинин 34 беренесинин 1-пунктуна таянып, башка күч органдарына өткөрүп берип келген. Эми ал иштердин мыйзамдуулугу күмөн астында калууда. Анткени Конституциялык палата Кылмыш-жаза кодексинин беренеси Конституцияга каршы келерин белгилеп, аны Баш мыйзамга ылайыктап тууралоону парламентке тапшырды.

Маселе саясий өңүтү менен чырды күчөтүүдө. Анткени мамлекеттик кызматкерлер болгон Жаныш Бакиев, Данияр Үсөнов жана башкалардын чуулгандуу иштери мына ушундай жолдор менен тергелип, сотко өткөрүлгөн. Эми алардын мыйзамдуулугу суроо астында калып жатат.

Азыркы Конституциянын "атасы" аталган Өмүрбек Текебаев Конституциялык палатанын чечими эмнеге алып келери тууралуу буларды билдирди:

- Бул эмнеге алып келет? Бул 2010-жылдан бери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган боюнча айыпталган экс-чиновниктерге, мамлекеттик кызматкерлерге каршы ишти Башкы прокуратура эмес, башка органдар жүргүзгөн болсо, алардын баары мыйзамсыз деп табылып, алар акталганга жатат. Бул деген сөз Жаныш Бакиев менен Курманбек Бакиевди да акташ керек деп табылып, алар акталганга жатат.

Текебаевдин айтымында, 2010-жылдан берки эле эмес, 1993-жылдан берки кылмыш иштер да кайра каралууга жатат. Анткени 1993-жылкы конституцияда да кылмыш иштерин тергөөнү прокуратура жүргүзөт деп жазылган.

Конституциялык палатанын чечимин эч ким өзгөртө албайт. Ал акыркы чечим жана аткарылууга тийиш. Бирок Конституциялык сот Кыргызстан тарыхында көп эле жолу калпыс чечимдерди чыгарып келген, дейт Текебаев. Алардын катарында Акаевге кайра-кайра шайлоого барууга жол ачуу, Бакиевдин учурунда конституцияны жокко чыгарган чечимдерди кабыл алуу бар.

Текебаев ошондой эле азыркы учурда Конституциялык палата жараткан кырдаалдан чыгуунун аргасы азырынча жоктугун, аны коомчулук менен талкуулап, издеш керектигин кошумчалады.

Абалдан чыгуунун аргасы барбы?

Кыргызстандагы башка юристтер Конституциялык палата чечим чыгаргандан кийин, ал аткарылышы керек дейт. Маселен, мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов да ушундай ойдо:

- 100% баары Конституциялык палатанын чечимине ылайык келтирилиш керек. Эгерде мамлекеттик кызматкерге байланыштуу иш Финансы полициясы, милиция тарабынан козголуп, тергелип бүткөн болсо, жокко чыгарылып, кайрадан каралыш керек. Өкүм чыгарылып калган иштер да кайрадан каралыш керек.

Кубатбек Байболовдун пикиринде, бул абалдан чыгуу үчүн кыргыз бийлиги ар кандай чечимдерге барышы мүмкүн. Анткени Кыргызстанда баары болушу мүмкүн.

Мурдагы Конституциялык соттун мүчөсү болгон Марат Кайыпов да Конституциялык палатанын чечими аткарылыш керек деп эсептейт. Бирок түзүлгөн укуктук чалкештен чыгуу үчүн Конституциялык палатанын өзүнө кайрылып, чечимине түшүндүрмө берүүнү сураш керек:

- Менин оюмча, Конституциялык палатага чечимди чечмелеп бергиле деп кайрылыш керек. Мына ошондо бул маселеге чекит коюлат.

Марат Кайыповдун пикиринде, бул абалдан чыгуунун жолу бар. Анын бири жаңы ачылган жагдайга байланыштуу тараптар кайрадан кайрылышы мүмкүн. Бирок негизи Конституциялык палата чыгарган чечим аткарылып, мамлекеттик кызматкерлерге байланыштуу ишти прокуратура караш керек.

Бийлик тарапта болсо Конституциялык палатанын чечимин төңкөрүшкө теңеген адамдар бар. Алар бул жерде коррупциялык көрүнүштөр да орун алышы ыктымалдыгын четке кагышпайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG