Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Текебаев: Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы эмесмин


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев баш мыйзамды өзгөртүү аракеттери боюнча суроолорго жооп берди.

- 2010-жылкы өзгөртүүдө баш мыйзам 2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн деген да жобо кабыл алынганы белгилүү. Бирок азыр референдум менен өзгөртсө боло берери айтылып, долбоор Жогорку Кеңеште талкууланууда. Конституцияны өзгөртүүгө олуттуу себеп барбы?

- Адегенде “Азаттыктын” угарман, окурмандарын бүгүнкү майрам менен куттуктай кетели. Анткени Конституция күнү негизги майрамдардын катарына кирип, мамлекеттүүлүктүн символу болуп эсептелет.

Эми сиздин сурооңузга келсек, АКШнын конституциясы беш эле беренеден туруп, 229 жылда 27 жолу өзгөртүү кирген. Бөлө келсек, ар бир тогуз жылда бирден өзгөрүү кирип турган болот. Бизде болсо 1993-жылдан бери сегиз жолу өзгөртүү киргизилип, бөлө келгенде эки жыл эки айда бирден өзгөрүп турган болот. Анан биз да ошол америкалыктардан кем калбайлы, жок дегенде он жылда өзгөрүп турсун деген негизде парламент 2020-жылдын 1-сентябрында гана өзгөртүү киргизүү укугуна ээ боло алат деген чектөө койгонбуз. Бирок референдум аркылуу жалпы элдин добушу менен өзгөртсө боло берет. Азыр ошол жол менен бир аз өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети болуп жатат.

- Ошол өзгөртүү киргизүү демилгесин сиз өзүңүз колдойсузбу?

- Конституция юридикалык гана эмес, тарыхый да документ. “Ары тартсаң өгүз өлүп, бери тартсаң араба сынгандай” кырдаалда кабыл алынган. Ошондой эле бул саясий да документ. Ошол учурдагы саясий факторлорду эске алуу менен орток негизде түзүлгөн конституция. Биз же убакыт каалагандай эмес, саясий конъюнктуралык жерлери да болгон, идеалдуу эмес. Ошондуктан кээ бир жерлерине минималдык өзгөртүү киргизүү демилгелерине каршы эмесмин.

- Баш мыйзам буга чейин бийлик башындагылардын кызыкчылыгынан улам кайра-кайра өзгөрүп келгени белгилүү. Азыркы өзгөртүү демилгелеринин артында да ошондой кызыкчылыктар барбы?

- Конституциянын негизги маселеси – бийлик маселеси. Бийликти ким алат, кантип алат, бийликте ким калат деген маселелер. Буга чейинки сегиз өзгөртүү да ошол маселенин айланасында болгон. 2010-жылы Бакиев “мен кетсем бийлик балама калсын” дегендей өзгөртүү киргизгени жатканда революция болуп кеткен. Сиз айткандай, баш мыйзамды өзгөртүүлөр бийлик бөлүштүрүү, тартышуу маселелерин чечет. Азыр да бийлик маселелери каралып, сот бийлиги, аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги деген бөлүмдөргө өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

- Сиз буга чейин Конституцияга өзгөртүү бир гана шартта, коопсуздук маселесине байланышкан учурда гана кириши керектигин айткан элеңиз. Коопсуздукка байланышкан жагдайлар барбы азыркы өзгөртүүдө?

- Сөзсүз түрдө бар. Өзгөртүүлөрсүз деле баш мыйзам азыр кылдырап болсо да иштеп жатат. Бирок коопсуздукка коркунуч туулган кээ бир учурларда мүдүрүлүп калышыбыз мүмкүн. Маселен, бүгүн жергиликтүү бийлик башчыларын - акимдерди жергиликтүү кеңештин макулдугу менен гана ишке коюп, иштен алууга болот. Азыр бул маселеде премьер өз таасирин, кадыр-баркын колдонуп иштеп атат.

Азыр дүйнөдө эмне болуп жатканын көрүп атабыз. Айталы Сириядагы, Украинадагы окуялар, “Ислам мамлекети” тобуна байланышкан жагдай. Атүгүл ал окуяларга биздин, кошуна өлкөлөрдүн жарандары да аралашып кетип жатат. Алар өз өлкөлөрүнө кайра келгенге даярданып жатышат. "Жаман айтпай, жакшы жок" дегендей эртең биздин да кайсы бир аймакта кырдаал дестабилдешип кетсе борбордук бийлик ошол аймактын башчысын алып, жаңысын коё албай калат. Жергиликтүү депутаттар чочугандан, корккондон же башка себептен акимди алмаштырууга макулдук бербей койсо, бул деген бийлик үзүлдү, белинен сынды дегенди билдирет. Ошондуктан азыр акимди премьер-министр жергиликтүү кеңештин макулдугу менен коёт, бирок өзү эле кызматтан алып коё алат деген жобо кирип жатат. Бул алдыда ыктымал деген потенциалдуу коркунучтар бар экенин эске алганда учурунда кирип аткан өзгөртүү деп эсептейм.

- Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы коомчулукта туш-туштан нааразы пикирлер айтылууда. Маселен, кечээ эле Сотторду көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш мындай өзгөртүүгө каршы билдирүү менен чыкты. Бул өзгөртүү нааразылыктардын жаңы толкунуна алып келбейби?

- Жогоруда айткандай, конституция саясий да документ, компромисттердин жыйынтыгы. Маселен, мен сот системасы боюнча бөлүккө өзгөртүү киргизүүнү каалабайт элем. Бирок башка саясий күчтөрдүн пикирин эске алуу менен ал жакка да өзгөртүүлөр киргени жатат. Канткен менен азыркы өзгөртүүлөр адамдардын укуктарына түздөн-түз тиешелүү болбогондуктан, жеке бир адамдын бийлигин бекемдөөгө багытталбагандыктан массалык нааразылыктарга алып келбейт деген ойдомун.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG