Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Конституция күнүнө карата куттуктоосунда президент Алмазбек Атамбаев буга чейин Баш мыйзамдын үстүнөн акылга сыйгыс эксперименттер жүргөнүн айткан менен, учурда ага өзгөртүү киргизүү зарылдыгы турганын ачык белгиледи.

Мамлекет башчы орусиялык “Интерфакс” агенттигине курган маегинде Конституцияда улуттук коопсуздукка жана эгемендикке коркунуч келтирген ченемдер бар экенин айтып, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жактай турганын билдирди.

Баш мыйзамдын авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев муну мыйзамга жана логикага туура келбеген демилге катары карап, бул себеп менен Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө негиз жоктугун билдирди.

Агынан жарылган Атамбаев

Эгемендүү Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 23 жыл толду. Бул жылдар аралыгында Кыргызстандын Конституциясы бир топ сыноолорду баштан кечирип, буга чейинки бийлик режимдеринин кызыкчылыгына карата өзгөртүүлөргө дуушар болгонун президент Алмазбек Атамбаев бул жолку куттуктоосунда да четте калтырган жок.

Ошондой эле анда улуттун кулк-мүнөзүнө жат жасалма таңууланган нерселер өзүнөн-өзү жокко чыгып, мыйзамдар өлкө кызыкчылыгына төп келген эрежелер менен толукталып жатканы айтылган.

Бийлик криминалдык авторитет Азиз Батукаевди БУУнун адам укугунун чечими жок эле бошотуп жиберди го. Бул президенттин айланасындагылардын саясий кызыл кулактыгы.

Президент Атамбаев “Интерфакс” агенттигине курган маегинде бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарына тийишпестен, Баш мыйзамга улуттук коопсуздук менен эгемендикке залал келтире турган ченемдерге өзгөртүү киргизүүнү колдоорун айтты.

Буга чейин президенттин кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча БУУнун Адам укугу комитетинин чечимин мисалга алып, ага Конституциянын 41-беренеси негиз болгонун айткан болчу:

- БУУнун ошол эле адам укуктарын коргойт деген комитети кандайдыр бир диний террорчуларга же этнос аралык кастыкты жаккандарга карата ушундай чечим кабыл алганын элестетип көргүлө. Башкача айтканда, кайсы бир укук коргоочу сөрөйлөр БУУнун комитетинин чечимин бетине кармап алып, Кыргызстандан экстремисттерди бошотууну талап кылса, анын арты террордук тополоңго алып келсечи же жай тургундардын каны төгүлсөчү? Мунун жанында Аскаровду бошотуу талаптары баланын оюнундай эле болуп калат.

Текебаев: акылга сыйбаган логика

Бирок президент менен анын кеңешчисинин бул демилгесин соңку Баш мыйзамдын авторлорунун бири, парламенттин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев кескин сынга алды.

Кыргызстан эл аралык конвенциялардын мүчөсү болгондуктан, жарандар эл аралык укук коргоо уюмдарына даттанууга акысы бар. Бирок алардын сунуштары сот өкүмдөрүн жокко чыгарууга жатпайт. Болгону алардын сот өкүмүнө карата жүйөлүү чечимдери жаңы ачылган жагдайлар катары Жогорку Сотто каралышы мүмкүн. Бирок Жогорку Соттун өкүмдү күчүндө калтыруу же бузуу укугу анын өзүндө калтырылган. Бул тууралуу Баш мыйзамдын 41-беренесин колдонуу шарттары Кылмыш-процессуалдык кодексине 2014-жылы киргизилген өзгөртүүлөр менен бекитилген.

Мына ошондуктан Текебаев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин негизсиз жүйө катары мүнөздөдү:

- Мындай кооптонууга мыйзам боюнча да, логикалык жактан да негиз жок. Президентти анын айланасындагылар адаштырып жатышат окшойт. Мына ошол башкы жүйө деген негизде демилге көтөрүп, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү азыр зарыл эмес. Буга чейин БУУнун Адам укугу боюнча комитети Азимжан Аскаровдон башка 16 кыргыз жаранынын арызын карап, канааттандырган. Анан эми ошондон бир нерсе болуп кеттиби? Мындан сырткары ошол берене түрмөдөгү террорчуларды, экстремисттерди жана кылмышкерлерди бошотууга негиз берет деп жатпайбы. Андай боло турган болсо, бийлик криминалдык авторитет Азиз Батукаевди БУУнун чечими жок эле бошотуп жиберди го. Буга эмне дешер экен? Бул президенттин айланасындагылардын саясий кызыл кулактыгы. Болбосо Баш мыйзамдын 41-беренесин колдонуу шарттарын караган мыйзам долбоору Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү катары 2014-жылы депутат Исмаил Исаков тарабынан иштелип чыгып, президент өзү кол коюп, күчүнө кирген. Бул жерде аталган ченемдер улуттук коопсуздук менен эгемендикке коркунуч келтирет деген жүйөлөр чындыкка коошпойт.

Азимжан Аскаров

Азимжан Аскаров

Талаш Конституциянын “Адам укуктары жана эркиндиктери” деген аталган экинчи баптын 41-беренесинин экинчи бөлүмүнө байланыштуу чыгып жатат. Анда “Ар ким бузулган укугу менен эркиндигин коргоо үчүн, эл аралык келишимдерге ылайык, адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Ал органдар адамдын укугу менен эркиндиги бузулганын тааныган шартта Кыргызстан аларды калыбына келтирүү же зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт” деп жазылган.

Бул укуктук ченем эл аралык нормалар менен улуттук мыйзамдардын ортосунда кайчылаштык чыккан кезде, эл аралык укуктун үстөмдүгүн тааныган дүйнөлүк тажрыйба менен гана байланыштуу дешет конституциялык укук боюнча адистер.

Президенттин кеңешчиси Табалдиев муну эл аралык укук коргоо уюмдары мамлекетке кысым көргөзүүгө өбөлгө түзгөн жылчык катары баалап, Конституциядагы буга окшогон укуктук ченемдерге карата ревизия жасоо зарылдыгы тууралуу маселе көтөрдү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG