Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

3-абакта оозун тиккен жаран нааразылыкты токтотту


Чүйдөгү №3 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жаран нааразылык билдирүү максатында бүгүн оозун тигип, түштөн кийин чечти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Маалыматка караганда, ал оорусуна байланыштуу №47 абакка которулуп, дарыланышы керек эле. Бирок аталган абакка барса, өзүнө маселе жараларын айтып, оозун тигип алган. Абак жетекчилиги жаранды №3 абакта эле калтырып, дарылоого макулдук берген.

Оозун тиккен жаран ноябрь айында өзү жаткан жердеги шарттарга нааразы болуп, жанын кыюуга да аракет жасаганы маалымдалды. (SE)

XS
SM
MD
LG