Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Өкмөт сасык тумоо боюнча абалды талкуулады


Өкмөт Cаламаттыкты сактоо министрлигине сасык тумоону жайылуусуна чара көрүү боюнча тапшырма берди. Ага ылайык, адистер эл арасында оору боюнча маалымат өнөктүгүн жүргүзүп, алдын алуу чараларын калкка жеткириши керек.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн, 6-декабрда сасык тумоо жана жугуштуу инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды талкуулоо жана эпидемияга каршы чараларды жүргүзүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өлкөдө өткөн жылга салыштырмалуу сасык тумоо 5,8% жогорулаганын билдирди. Ооруга чалдыккандардын 64 пайызы 14 жашка чейинкилер.

Расмий кабарга ылайык, азыр Кыргызстанда 141 мектепте карантин жарыяланып, сабактар убактылуу токтотулган. Бишкектеги бардык мамлекеттик мектептер жабык. Ошондой эле Чүй менен Жалал-Абад облустарында жабылган мектептер бар.

XS
SM
MD
LG