Линктер

Парламенттин КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбооруна оңдоолор киргизилгенин жарыялады.

Анда коомчулукта сындалып жаткан өкмөттүн ыйгарым укуктарын күчөтүүгө, парламентти жана сот бийлигин чектөөгө карата жоболор өзгөртүлгөнү белгиленди. Ошондуктан Өмүркулов буга каршы чыккан саясий күчтөрдү сунуш киргизүүгө үндөдү.

Бирок референдум өткөрүүгө каршы кайрылууга кол койгон мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү мунасага келүү мүмкүн эмес экенин белгилешти.

КСДПнын сунушу

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу саясий чыңалууну басаңдатуу аракетин көрдү.

Иса Өмүркулов саясий күчтөрдүн ортосунда бул маселеге байланыштуу тирешүүгө негиз жоктугун белгилеп, ийри отуруп, түз кеңешүүгө убакыт бар экенин айтты. Ал ошол эле кезде Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору оңдолуп, андагы бир топ жоболор учурда “жумшартылганына” мындайча токтолду:

- Биринчи иштелип чыккан долбоор менен азыркы оңдолгон вариантынын ортосунда бир топ айырма бар. Мисалы, башында Баш мыйзамдын 1-беренеси катары сунушталган “Жогорку баалуулуктарды жана улуттук дөөлөттөрдү коргоо боюнча” жобо анын преамбуласына алып чыгарылды. 1-берене ошол боюнча өзгөрүүсүз калтырылды. Башында өкмөт башчысы жана анын орун басарлары депутаттык мандаттарын сактап калат деп көрсөтүлсө, азыркысында премьер-министр менен анын биринчи орун басарына гана мына ошондой укук калтырыла турган болду. Ушуга окшогон өзгөртүүлөр болуп жаткан шартта бардыгына эле каршы боло бербей, сунуш беришсе жакшы болот эле. Болбосо киргизилген жоболорду жаратпай турган болсо, аны башкача кылып сунушташсын. Курулай эле кыйкырып, элди козута берген менен болобу? Андан көрө сүйлөшүп, кеңешип, бир пикирге келүү керек.

Оңдолгон долбоордо парламенттин өкмөткө ишеним көргөзбөө укугунун реалдуулугу сакталып калган. Мурда депутаттардын 80 добушу менен гана бул чара ишке ашат делсе, жаңысында азыркы ченем калтырылган. Анан сот бийлигинин ыйгарым укуктары такталып, Конституциялык палатанын мыйзамдарга карата чыгарган корутундусу үч айдан кийин күчүнө киргизилери көрсөтүлгөн.

Текебаев “жолунан” кайтпайт

Бирок ошол эле кезде “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси КСДПнын бул сунушун кабыл алган жок. Анткени “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев азыркы жагдайда президент жана анын чөйрөсү менен келишүүгө мүмкүн эмес экенин белгиледи:

- Президент кечээ “ноябрь айында референдумга алып чыгабыз, кааласаңар дагы өтөт, каалабасаңар дагы өтөт” дебедиби. Анан эми мына ошондой ультиматум коюлуп жатса, кантип сүйлөшүү болот? Фарид Ниязов менен Алмаз Атамбаев “эч кандай мунаса болбойт” деп каршы пикирин айткандарды “маңкурттар, эл душманы” деп жатат. Аларды уккан адамдарды “койлор” деп келекеледи. Иса Өмүркулов өзүнүн жетекчиси менен бир пикирге келип алып мунаса табуу тууралуу айтса болот эле. Мунаса табуу үчүн кеңири талкуу болушу зарыл. Бирөөнүн жеке кызыкчылыгы эмес, жалпы улуттук кызыкчылык эске алынганда гана мунасага келүүгө болот.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, мурдагы премьер-министр Темир Сариев Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине байланыштуу мунаса табууга чакырды. Анын айтымында, мунун алкагындагы тирешүү коомду ажырымга алып келиши мүмкүн. Темир Сариев ошондуктан кырдаалдан тез арада чыгуунун жолун сунуштады:

- Кандай гана тирешүү, кандай гана талаш маселе болбосун бардыгы сүйлөшүу менен бүтөт. Азыркы кырдаалдан чыгуу үчүн ошол Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу президент өзүнүн астында укуктук-эксперттик топ тузүшү керек. Анан ал долбоорду иштеп чыгып, ар кайсы саясий күчтөрдөн жана жарандык коом өкүлдөрүнөн турган Конституциялык кеңешме аны талкуулашы зарыл. Ошондон кийин гана долбоорду референдумга алып чыксак туура болот эле. Эгер андай кылбай туруп, референдумга бара турган болсок, баары бир мүчүлүштүктөр чыгат. Ал кабыл алынгандан кийин деле чыр токтобошу мүмкүн.

Принциптерди сыноонун мезгили

Жакында Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн сегизи – Отунбаева, Текебаев, Исаков, Бекназаров, Каптагаев, Дүйшөбаев, Ибраимова жана Болот Шер референдум өткөрүүгө каршы кайрылуу кабыл алган. Муну президент Атамбаев катуу сындап, кезинде өзү мүчө болгон Убактылуу өкмөткө таш ыргытты. Президенттин айтканын кубаттаган КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдон башка Убактылуу өкмөттүн калган мүчөлөрү унчугуша элек.

Мурдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров муну принципиалдуу маселе деп эсептейт:

- “Конституция менен ойногонду токтотолу, бийликти узурпациялоого мыйзамдуу жол ачууну ооздуктайлы. Анткени буга чейинки эки ыңкылап тең бийликти узурпациялоодон келип чыккан” деп биз Баш мыйзамды өзгөртпөөнүн өткөөл мезгилин аныктаганбыз. Ошондуктан мурдагы Убактылуу өкмөттүн 8 мүчөсү Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болуп, кайрылууга кол койдук. Мен ошол позициямдан кайтпайм. Бирок мени менен бирге ага кол койгондордун айрымдары кайтып кетиши ыктымал. Анан Убактылуу өкмөттүн калган мүчөлөрүнө токтолсом. Темир Сариев бир жеринен илинип турат. Ошол үчүн ал коё албайт. Кол коюп, каршы чыгалса эмне болорун билет. Андан башка Абдыганы Эркебаев, Топчубек Тургуналиев сыяктуу мүчөлөр азыр кызматта турушат. Бала-чака баккысы келишет экен.

Талдоочулардын баамында, Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу талаштан улам президент Атамбаев менен анын бир кездеги Убактылуу өкмөттөгү саясий өнөктөштөрүнүн ортосунда ажырым күчөп баратат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG