Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

5-майда Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынганына 20 жыл толду.

1993-жылы 350 депутаттан турган “легендарлуу парламент” эгемендүү Кыргызстандын Конституциясын кабыл алган эле. Андан бери ал Конституция онго чукул жолу өзгөртүлдү.

Советтик мезгилде шайланган Жогорку Кеңеш 1993-жылы 5-майда эгемен Кыргызстандын Конституциясын кабыл алган. 350 депутаттан турган мына ошол “легендарлуу парламенттин” мүчөсү Рамазан Дырылдаевдин айтымында, жаңы Конституция кабыл алуу боюнча 1992-жылы комиссия түзүлгөн. Андан сырткары коомчулук, депутаттар тарабынан, жалпысынан үч варианттагы долбоор жазылып, комиссия мына ошолорду бириктирүү менен бир жылдык талкуунун жүрүшүндө 1993-жылкы Конституциянын долбоорун даярдаган.

Дырылдаев 1993-жылкы Конституциянын өзгөчөлүгү катары анда бийлик бутактарынын тең салмактуулугу камсыздалганын айтат:

- Тең салмактуулукту сактаган. Демократияны көздөгөн Конституция болгон. Ошол кездеги кыргыз элинин депутаттары эски, коммунисттик системадан шайланып келген 350 депутат демократияны жакшы билбесе да, таза болчу. Андан кийин көбү "жулик" болуп калбадыбы. Баарын Акаев "жулик" кылып салды. Ошол таза кишилер келечегибиз үчүн деп ошол Конституцияны кабыл алган.

Дырылдаевдин айтымында, 1993-жылкы Конституцияда көп нерсе парламенттин көзөмөлүнө коюлган. Маселен, алтын коррупциясына байланыштуу Жогорку Кеңеш Турсунбек Чыңгышевдин өкмөтүн кызматтан кетирген. Мына ошондон кийин ал кездеги президент Аскар Акаев ыйгарым-укуктары чектелип, “Англия ханышасындай” болуп калганын айтып чыккан.

Натыйжада 1994-жылы жаз айларында парламент таркатылган. Ага ал кездеги белдүү партиялык функционер Жумагул Сааданбеков сыяктуу адамдар салымын кошкон. Рамазан Дырылдаев парламенттин тарашы менен Кумтөр боюнча келишим каралбай калганын да эскере кетти.

1994-жылы Конституция өзгөртүлүп, Кыргызстанда эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлгөн. Президенттин ыйгарым-укуктары кеңейтилген. Баш мыйзам андан кийин 1996-жылы, 1998-жылы, 2003-жылы өзгөртүлдү.

Конституцияны “улак тартыш” оюнуна айлантуу андан кийин Курманбек Бакиевдин мезгилинде уланды.

2005-жылдын март айындагы ыңкылаптын негизги ураандарынын бири - Конституциялык реформа болгон. Бирок бийликке келген Бакиев үчүн Акаевдин “супер президенттик” Конституциясы ыңгайлуу болгондуктан, ал реформаны кечеңдете берген. Мына ошондуктан конституциялык реформа талабы менен оппозициялык кыймыл түзүлүп, алардын кысымы менен Баш мыйзам өзгөртүлдү. Бирок көп өтпөй бийлигин бекемдеп алган Курманбек Бакиев Конституцияны өзү каалагандай жазып алды.

Бийлик башындагылардын Конституция менен иштебеши, аны каалагандай өзгөртүүлөрү эки ыңкылапка алып келди. 2010-жылдын апрель ыңкылабынан кийин азыркы Конституция кабыл алынды.

Албетте, анын дарегине да сындар айтылууда. Азыркы Конституцияны сындагандар Кыргызстанда жоопкерчиликсиз система түзүлдү дейт. Белгилүү саясатчы Кубатбек Байболов:

- Эң негизги кемчилиги - бул Конституция мамлекеттик башкаруучу элитаны калыптандыруунун эрежесин түп-тамырынан бери бузду. Мына ошол жаңы, чаташкан эрежеге ылайык мамлекеттик башкарууга криминалдык чөйрөдөгүлөр, демагогдор, колунан эч нерсе келбеген, мамлекеттик башкаруу жөнүндө түшүнүгү жок бир чоң катмарды алып келди. Мына ошонун айынан биз жабыркап жатабыз. Чындыгында бул Конституция парламенттик башкарууну түптөй алган жок.

Рамазан Дырылдаев болсо азыркы Конституцияны бийликтегилер өзүнө ылайыктап алган деп эсептейт:

- Бүгүнкү Конституцияны дагы азыркы бийлик, КСДП менен “Ата Мекен” өзүнө ылайыктап алганы көрүнүп турат. Мына азыр Конституцияга жазылганды карабай эле узурпация болуп калбадыбы. Мисалы үчүн, азыр баары КСДП менен “Ата Мекендин” көзөмөлүндө калды. Башка фракциялардын, депутаттардын эч кандай күчү жок. Ошол маанилүү иштерди көзөмөлдөө жок. Мисалы үчүн муну Кумтөр дагы көрсөтүп жатат.

Коомчулукта Конституция дагы бир жолу өзгөртүлүп, өлкө же таза президенттик же таза парламенттик башкарууга өтүш керек деген пикирлер айтылып келет.

Бирок азыркы Конституциянын "атасы" делген Өмүрбек Текебаев сындардын баарын негизсиз деген пикирде:

- Эки жолу биз президенттик системаны көрдүк. Аягы эмне менен бүттү?..Тентек гана өз тажрыйбасынан үйрөнөт. Акылдуу башканын тажрыйбасынан үйрөнөт деген. Биз үчүнчү жолу дагы өзүбүздүн тажрыйбабыздан үйрөнбөсөк, анда бизге коюлган диагноз кандай болот? Мен ошол Конституциянын бул же тигил жерин өзгөртүш керек дегендерден бирдиктүү ойду, системаны көргөн жокмун. Жөн эле айтып коёт. Ачыгын айтканда Атамбаевди сындагандан корккондор Конституцияны сындамыш болот.

Өмүрбек Текебаев ошондой таза парламенттик система да Кыргызстанга ылайыксыз деп эсептейт. Ал муну акимдерди шайлоодо эле улак тартышка айланткан депутаттар, президентти шайлоодо кандай болоорун элестетүү кыйындыгы менен түшүндүрөрүн белгиледи.

5-май - Конституция күнү менен кыргызстандыктарды мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев куттуктады. Ал Конституциянын талаптары менен иштебөө 2002, 2005, 2010-жылы апрель, июнь окуяларынын себеби болгонун белгилеген. Мамлекет башчысы жаңы президент келери менен жаңы Конституция жазуу адаты токтотулушу керек деген пикирди да айткан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG