Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Текебаев: Конституция бир гана шартта өзгөртүлөт


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев баш мыйзамды өзгөртүү демилгелери жана баш мыйзам кандай шартта өзгөрүшү мүмкүндүгү боюнча суроолорго жооп берди.

- Өмүрбек мырза, сиз 2010-жылы жаңыланып, референдум аркылуу кабыл алынган баш мыйзамдын өзгөртүлгөн долбоорун иштеп чыккан топтун башында тургандардын бирисиз. Ошол долбоор 10 жылга чейин, тагыраагы 2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн деген да жобо кабыл алынганы белгилүү. Бирок көптөн бери аны өзгөртүү демилгелери андан-мындан козголуп келсе, эми президент Атамбаев да айрым беренелерге өзгөртүү киргизүү зарылдыгын айтып чыкты. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө муктаждык барбы?

- Биринчиден, 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө парламентке гана тыюу салынган. А элге референдум аркылуу өзгөртүү киргизүүгө тыюу жок. Бирок референдум жарыялоо өзгөчө татаал, ал парламенттеги бардык саясий күчтөрдүн макулдугу менен болушу мүмкүн. Ошондуктан бир жылдан бери Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча сөздөр жүргөнү менен ал ишке ашкан жок.

Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынын мен да толук көрдүм. Ошол жерде Ысык-Көлдөн келген бир айылдык депутат: “Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек, анткени биз айыл өкмөттү шайлаганда сатылып кетип жатабыз”, - дегендей ойду айтты. Эми Конституцияны окуганы да, окубаганы да өзгөртүү киргизиш керек деп жатат. Айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш депутаттары жөнүндө эч нерсе деталдуу жазылган эмес. Ал Конституция эмес, жөнөкөй мыйзамдар аркылуу аныкталат. Буга баш мыйзамдын эч тиешеси жок. Демек мындай сөздөр Конституцияны билбегенден эле чыгып жатат десек болот.

- Конституция сот реформасына да тоскоол болуп жатканы айтылбадыбы, ал кандай тоскоолдук?

- Сот реформасына тоскоол болуп жатат дегендер президиум киргизиш керек деп жатат. Дүйнөдө президиум деген мындай төртүнчү баскыч жок. Бул мурдагы СССРде болгон, азыр мурдагы советтик өлкөлөрдүн көбү андан баш тартты. Анысы жок деле сот системасы дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө жакшынакай эле иштеп жатат. Макул, президиумду киргизели, анан ал деле пара алып кирсе, үстүнөн дагы бир орган киргизип, беш баскычтуу кылалы. Бул жанагы курултайчылар президентке да, парламентке да ишеним кетти, алардын үстүнөн курултай институтун киргизели дегендей логика болуп жатат. Мунусуна ишенбейбиз, үстүнөн дагы бир жетекчи коёлу, ага да ишенбейбиз, анын үстүнөн дагы бирөөнү коёлу деген логика менен кеткен туура эмес.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен аткаруу бийлигин бекемдөө керек болсо - ал коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүн чыңдоо максатында гана болушу мүмкүн.

Эми президент менен бул маселе боюнча буга чейин бир канча жолу сөз болгон. Бирок президент маалымат жыйынында өз кооптонууларын жана ага белгилүү болгон маалыматтарды эмнегедир айткан жок. Деген менен кээ бир беренелерди карап чыгуу керектигин айтты. Эмне үчүн? Конституция бул саясий да документ. Аны кабыл алып жатканда Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн каалоосу, саясий пикири ошол жерден орун тапкан. Ал мен каалагандай, же жумушчу топ каалагандай жазылган эмес. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн талабы менен да өзгөртүүлөр киргизилген. Конституция бул юридикалык эле эмес, саясий да документ. Компромисстердин документи, тарыхый документ. Ал белгилүү кырдаалда белгилүү маселелерди чечүү үчүн кабыл алынат. Аны юридикалык гана документ катары кароо – жаңылыштык.

- Анда Баш мыйзамды өзгөртүү демилгелери чыгышына эмне себеп болуп жатат?

- Эми ага дүйнөдөгү кырдаал себеп болушу мүмкүн. Кээ бир саясий күчтөрдүн, анын ичинде президенттин да келечекке болгон иш мерчеми, көз караштары себеп болушу мүмкүн. Эми президент айткандай, депутаттар январь ичинде бул сунушту ойлонуп көрөбүз.

- Бул демилге ишке ашуусу канчалык реалдуу?

- Эми президент өзү билген маалыматтардын көбүн айткан жок дегендей... Ошол маалыматтар Кыргызстандын коопсуздугуна канчалык байланышканын карап көрөбүз. Эгер референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизилчү болсо, бир гана максатта киргизилиш керек - коопсуздук планында гана. Анткени дүйнөдө кандай окуялар болуп жатканын көрүп жатабыз, Жакынкы Чыгышта, башка жактарда... Кыргызстандан, кошуна өлкөлөрдөн Сирияга согушканы баргандар бүтүндөй бир армия болду. Алар көчмөндөрдөй болуп эртең башка жерлерге орун которушу мүмкүн. Дүйнөдө согуштун жаңы түрүн ойлоп, ар кайсы жакта дестабилизация жасап турчу күчтөр бар.

Ошондой шартта бизде да аткаруу бийлигинин ийкемдүүлүгүн карап көрсө болот. Президент андай кырдаалга токтолгон жок. Маселен, бүгүн акимдер айылдык кеңеш депутаттарынын макулдугу менен дайындалып, алардын макулдугу менен алынат. Эртең кокус дестабилизация болуп кетсе, бир район “борборду укпайм” деп турса, өкмөт же ал акимди алалбаса, же ордуна бирөөнү коё албаса... Карапайым эл, жергиликтүү депутаттар ошол жердеги радикал топтордон коркуп, алардын таасиринде калса - бийлик вертикалы бузулат. Бул эми бир гана жагдай.

Президент мындай кооптонуулар, эл аралык коркунучтар жөнүндө оюн айткан жок. Андыктан Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен аткаруу бийлигин бекемдөө керек болсо - ал коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүн чыңдоо максатында гана болушу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG