Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Кара май аткезчилиги кайта башталдыбы?


Баткенге кара май тарткан унаалар, Ош-Баткен жолу, 3-сентябрь.
Баткенге кара май тарткан унаалар, Ош-Баткен жолу, 3-сентябрь.

“Эр айдоочу” жана “Жаңы күч” коомдук уюмдары Баткен аркылуу Тажикстанга кара май токтобой кетип жатканын айтып чыгышты.

Алар аталган аткезчилике өлкөнүн жаңыдан шайланган президенти Атамбаевдин жана өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Бабановдун катышы бар деп айыпташты. Ошол эле кезде маалымат жыйынына келишкен экинчи жак мамлекеттин жетекчилигин атайлап каралоо өнөктүгү жүрүп жаткандыгын белгилешип, кайым айтышууга чейин барышты.


Калк башчыларынын кара май аткезчилигине катышы барбы?


Аталган коомдук уюмдардын өкүлдөрү Орусиядан келген күйүүчү-майлоочу майдын кандайдыр бир бөлүгү Тажикстанга аткезчилик жол менен кетип жаткандыгын айтып чыгышты. Бийлик өкүлдөрү аткезчиликке каршы күрөшүп, анын агымы токтотулду деп ишендиришкендигине карабастан айланма жолдор менен кара май ташыган машинелердин көбөйгөндүгү белгиленди.

“Эр айдоочу” укук коргоо уюмунун жетекчиси Качкын Булатов кара май аткезчилигине мамлекеттин жогорку жетекчилеринин катышы бар деп эсептейт:

- Баткен облусунун мурдагы прокурору Жаанбаев жазган билдирүүдө Атамбаевдин мурдагы жардамчысы Имаров Икрам, өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов жана энергетика министри Аскар Шадиевдин бир тууганы Замирбек Шадиев бул ишке аралашкандыгы жана кара май алардын калкалоосу менен Тажикстанга кетип жаткандыгын жергиликтүү тургундар ачык айтып беришкени белгиленген.

Ошол эле кезде маалымат жыйынына чогулган башка бир коомдук уюмдардын өкүлдөрү аталган билдирүүнү жалган жалаа деп чыгышты. Алар өкмөт башчылык орун үчүн күрөшүүнү көздөгөндөр Бабановду атайылап каралоону уюштурушууда деген жүйөөлөрүн айтышты.

Тараптардын талаш-тартышы кайым айтышууга чейин жетип, алар бирин-бири "саясий күчтөрдүн буюртмасын аткарып жатасыңар" деп айыпташты:

- Силер канча алдыңар?

- Жок, силер өзүңөр Нариман Түлеевден канча алып чыктыңар?

- Биз Нариман Түлеевди тааныбайбыз. Аны урганыбыз жок.



Жалган жалаанын “жадыбалыбы”?


Бийлик башындагылардын кызыкчылыктарын коргогон тарап айтылган билдирүүгө негиз бере турган далилдер жок экендигин мисал келтиришти. “7-апрелдеги элдик ынкылапты коргоо" кыймылынын өкүлү Жыпаргүл Баргибаева жаңы өкмөттү куроонун алдында кайсы бир күчтөр учурдагы мамлекет жетекчилигин каралоону уюштурушууда деп белгиледи:

- Кайсы бир күчтөр коомдук уюмдарды пайдалануу менен жалган ушактарды таратып жатышат. Эгерде чындыгында эле кара май аткезчилиги боюнча далилдер болсо, эмнеге алар бизге көргөзө алышпайт. Ошол машинелердин номерлерин, айдоочулардын документтерин жана башка далилдерди келтирип, анан айыпташса болмок да. Мына ошондуктан булардын айткандарын куру жалаа деп айтса туура болчуудай.

“Жаңы күч” кыймылынын өкүлү Кубат Токсонбаев болсо билдирүүдө келтирилген мисалдар карандай доомат эмес экендигин айтып, кара май аткезчилигине мамлекет жетекчилигинин катышы бар экендигин тастыктаган далилдер бар деп жар салды:

- Биз Баткенде болуп, тиешелүү далилдерди чогулттук. Биздин колубузда Тажикстанды көздөй кетип жаткан кара май жүктөгөн машинелердин видео тасмасы бар. Биз бардыгын фактылар менен айтып жатабыз. Ишенбесеңер, ошол жакка барсаңар көрөсүңөр.

Мамлекет башчысынын маалымат кызматы коомдук уюмдар тарабынан коюлган айыптоолорду төгүндөдү. Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов Атамбаевдин атын кара май аткезчилиги менен байланыштырууга негиз жок деп эсептейт:

- Бул көйгөйдү учурунда өкмөт башчы кезинде Алмаз Атамбаев өзү көтөрүп, тиешелүү укук коргоо органдарына тапшырма берген болчу. Мына ошондон кийин гана кара май аткезчилигине байланыштуу канча адам кызматтан алынды. Эгерде кандайдыр бир фактылар болсо алар ачык алып чыгышпайбы?


Саясий өнөктүк алдындагы салгылашуу


Ошол эле кезде айрым серепчилер мындай билдирүүнүн төркүнүн башкаруучу коалициянын курамын аныктоонун жана өкмөт башчысын тандоонун алдындагы саясий оюн катары баалашты.

Саясатчы Эдил Байсалов кандай болгондо да маалыматтын булагы аныкталып, анын ак-карасы иликтениши керек деген ойдо:

- Эми бизде саясий өнөктүктүн алдында ушундай өнөкөт күчөй турган болуп калбадыбы. Бул ошолордун бири го. Бирок кандай болгондо да маалымат кылдат текшерилип, анын чын-бышыгына жетүү керек. Бул бийлик үчүн дагы керек. Анткени мындай маалыматка жооп болбосо коомчулук чын эле ошондой экен деп ойлоп калат. Ошондуктан изилдеп чыгуу керек.

Ошол эле учурда мамлекет жетекчилигинин беделин коргогон ыңкылапты коргоо кыймылы билдирүүдөгү маалыматтарды сотто тастыктап берүү үчүн “Эр айдоочу” жана “Жаңы күч” коомдук уюмдарын сотко берээрин убада кылды.

XS
SM
MD
LG