Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында Жогорку Кеңештин төрт депутатына мурда козголгон кылмыш иштери жанданды.

Башкы прокуратура үлкөн аткаминерлердин, депутаттардын жана ишкерлердин коррупциялык аракеттерине байланышкан отуздан ашуун кылмыш иши козголгондугун жарыялады. Анын ичинен парламенттеги оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын үч депутаты Камчыбек Ташиевге, Нариман Түлеевге жана Нурлан Сулаймановго мурда козголгон кылмыш иштери кайрадан жандандырылды.

Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев аталган кылмыш иштери боюнча тиешелүү иш-чаралар башталгандыгын тастыктады:

- Бул кылмыш иштери 2010-жылы эле козголгон. Бирок белгисиз себептер менен алар токтотулган экен. Биз учурда ал иштердин кандайча токтотулгандыгын иликтеп жатабыз. Ошондой эле иштин жагдайларын изилдеп, анан мыйзамдуу жыйынтыкка келебиз. Ошондуктан мына ошол үч депутат боюнча тергөө иштери жандандырылды.

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында козголуп жаткан бул иштерди парламенттик оппозиция аларга каршы саясий куугунтук катары кабыл алууда. Ошондой эле алар "мурда жабылган кылмыш иштерин кайрадан жандандыруунун өзү анын саясий буйрутма экендигинен кабар берет" деп айтып чыгышты.

Укук таануучу Кубатбек Кожоналиев ишти оппозициядан баштаган азыркы бийлик өзүнүн атаандаштарын алсыратуу үчүн мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевдин тажрыйбасын колдонуп жатат деп айыптады:

- Булардын күрөшүү ыкмалары мурдагы боюнча эле калып жатат. Коррупцияга каршы күрөш деген негиз менен терип-терип кылмыш иштерин козгоо - сес көрсөтүүнүн эле бир жолундай туюлат. Мындай жол менен бийликтин атаандашы катары каралгандарга карата коркутуп-үркүтүү жолдору болбош керек. Коррупцияга каршы иш аракетте азыр эски ыкмалар менен ыңгайсыз адамдарга карата гана иш козгоо жыйынтык бербей калышы мүмкүн.

Оппозиция жооп даярдап жатат

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев 1-мартта бийликтин мындай аракеттерине каршы Ошто оппозициянын митинги өтөөрүн жарыялады. Муну серепчилер анын бийликке карата радикалдык жообу катары сыпатташууда. Анткени оппозициялык электорат аталган митингде бийликке карата кескин талаптарды койуп, мындай жагдай кырдаалдын курчуп кетишине алып келбейби деген чочулоолор арбын.

Ошондон улам саясат таануучу Уран Ботобеков коррупцияга каршы деген негиз менен козголгон кылмыш иштеринин жыйынтыгы оппозицияга саясий упай гана алып келиши мүмкүн деген божомолун айтты:

- Эгерде коррупционерлердин кайсы саясий жээктен экендигине карабастан ынанымдуу далилдер аркылуу кылмыш иштери козголсо, анда коомчулук муну туура түшүнмөк. Бирок андай болбой жатпайбы. Алар каалаганына карап туруп анан иш ачып жатышпайбы. Ошондуктан бул иште саясий өңүт көбүрөөк болуп жатат. Мындан улам учурда мындай акыйкатсыздыкка каршы бириккен саясий күчтөрдүн блогу пайда болду. Эгерде мамлекеттин репрессиялык машинасы күчөй бере турган болсо, анда бул коомчулукта оппозициялык маанайдын кеңири жайылып кетишине өбөлгө түзөт.

Ошол эле учурда көз каранды эмес талдоочулар бийлик коррупцияга каршы күрөштү жогорку эшелондогу өзүнүн катарынан баштаса болмок деген жүйөнү карманышат. Алар 2010-жылы банк кутуларынан алынган акча жана Баткендеги мунай аткезчилиги сыяктуу шойкомдуу иштердин азырга чейин ачылбай, аларды иликтөө иштери эмнегедир ордунан жылбай тургандыгын мисал келтиришти.

Бийликтин өзүндө коомчулукка тескери репутациясы менен таанымал аткаминерлер турганда коррупцияга каршы акыйкат күрөш жүрүшү мүмкүн эмес деп эсептейт “Эр айдоочу” уюмунун жетекчиси Качкын Булатов:

- Мамлекеттик бийликтин өзүндө кандай адамдар отурат? Анан мына ошол адамдар өздөрү менен күрөшөбү? Бул акылга сыйбаган нерсе. Баткен аркылуу Тажикстанга карамай аткезчилиги токтобой атат. Эмнеге? Себеби анын артында күчтүү колдоо бар. Аны токтото алышпайт. Себеби өздөрүнүн адамдары. Булар "коррупциялык иште бизге боло берет, башкаларга жол жок" деген принципке өтүп алышкандай. Шадиев, Бабанов, Сатыбалдиев – кимдер экендигин коомчулук жакшы билет. Анан ошолор коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу айтып жатышса ким ишенет?

Кармаш бардык “фронтто”

Бирок бийликчил саясий күчтөр коррупцияга каршы чаралар оппозицияга гана каршы багытталган деген дооматты четке кагышууда. Буга алар башкаруучу коалициядагы “Республика” фракциясынан депутат Исхак Пирматовго козголгон кылмыш ишин мисал келтиришти. Ошондой эле дагы бир “республикачы” Шаршенбек Абдыкеримов негиздеген алкоголь ичимдигин өндүрүүчү “Аю” фирмасына каршы ачылган кылмыш ишин жүйө келтиргендер аз эмес.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева коррупцияга каршы күрөштү саясатташтырууга негиз жок деп эсептейт:

- Эгерде кайсы бир саясатчыга, же кайсы бир аткаминерге иш козголсо, алар "бизди куугунтуктап жатышат" деген маселени көтөрө калып, саясий түс бергенге аракет кылышчу болду. Азыр бир эле оппозиция өкүлдөрүнө эмес, башкаруучу коалицияга кирген парламенттин башка депутаттарына каршы деле иштер козголуп жатпайбы. Президент Атамбаевдин өзүнө жакын адамдарына байланыштуу кылмыш иштери чыга турган болсо, аларды ал коргоп чыкпайт. Анын принципиалдуу позициясы ушундай.

Серепчилер бийликтин коррупция менен күрөшүүдөгү дагы бир өңүтүн уурдалган каражатты таап чыгып, каржалып турган казынага кайтаруу аракети катары карашат. Буга Грузиянын тажрыйбасын мисал келтирген айрым эл өкүлдөрү ашынган коррупционерлерден миллиондорду "кустуруп" алуунун удулу келип тургандыгын белгилешти.

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынан депутат Нурбек Алимбаевдин айтымында, коррупцияга каршы келишкис күрөш жүргүзүү коомчулуктун колдоосуна муктаж экендигин айтты:

- Сол чөнтөккө кетип жаткан акчалар Грузиядагыдай болуп жүз пайыз болбосо да жарым-жартылай казынага түшсө кыйла эле жылыш болмок. Грузиянын мурдагы президенти Шеварнадзенин жакын адамдарынан мамлекет жүздөгөн миллион доллар "кустуруп" алыптыр. Бирок бизде эки президент качып кетсе деле андай учурлар боло элек. Дегинкиси коррупцияга каршы күрөштө элдик колдоо болсо гана мындай чаралар ишке ашат экен.

21 миллиард сом бюджет таңкыстыгын эске алганда азыркы өкмөттүн каражатка өтө муктаж экендиги байкалат. Буга чейин сырттан каражат алуунун кыйынчылыктарын башынан өткөргөн бийлик бул жолу акчаны ички ресурстардын эсебинен табууга аракет кылаарын айтып келатат. Демек ички ресурстар дегенде коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында ашынган байлардын капчыгын аңтарып көрүү тажрыбайсы ишке ашабы?
Эгерде кайсы бир саясатчыга иш козголсо эле алар "бизди куугунтуктап жатышат" деп, саясий түс бергенге аракет кылышчу болду.

Социалдык изилдөөлөр институтунун директору Нурбек Өмүралиев мыйзамсыз аракеттердин кесепетин ансыз да алсыз абалдагы мамлекет көтөрө албайт деген ойдо:

- Бул өзү акылсыз жоосун. Мен ошол бюджетти толтуруунун планы тууралуу окудум. Мына ошол коррупцияга каршы кылмыш иштерин козгоп, анын негизинде соттун чечими менен конфискацияга алына турган мүлктүн мамлекеттик казынага багыттоо тууралуу маселе койулган экен. Мунун натыйжасында укук коргоо жана фискалдык органдарга план толтуруу боюнча тапшырма берилиптир. Мунун бардыгы кайсы мыйзамдын негизинде болуп жатат? Эч кимге белгисиз. Муну байларды кармап отургузуп, алардын эсебинен казынаны толтуруу деп түшүнөбүзбү? Бул деген мамлекеттик рэкет эмеспи?

Ошол эле кезде серепчилер кылтакка илинген ири ишкерлер же финансы чөйрөлөрү өздөрүнүн байлыгынан ажырап калбаш үчүн оппозицияны колдоп кетүү коркунучу бар экендигин жокко чыгарышпайт. Мындай шартта бийлик өзүнө капчыгы жана таасири менен айырмаланган каршылаштардын жоон тобун ашырып албайбы деген суроо кабыргасынан койулууда. Анткен менен коррупцияга каршы күрөш акыйкат жүргүзүлүп, коомчулуктун колдоосун тапса, бийликтин күткөнү ордунан чыгышы мүмкүн дегендер да аз эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG