Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Бишкектеги жер мафиясынын “жемиши”


Арча-Бешик конушундагы басып алынган жерге курулган үйлөр. Бишкек, 2013-жыл.

Арча-Бешик конушундагы басып алынган жерге курулган үйлөр. Бишкек, 2013-жыл.

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү жана жең ичинен жер сатуу көз боёмочулугуна байланыштуу көмүскө иштердин дагы бири ашкереленди.

2005-жылдагы жер басып алуунун жыйынтыгы боюнча Аламүдүндүн Кара-Жыгач аймагынан отуз гектарга чукул жер аянты шаардын карамагына өткөн. Бирок мына ошол жер тилкелерин мыйзамдаштыруудан чыккан калпыстыктардан улам, үй-жайга муктаж бир топ адам акыйкатсыздыкка дуушар болгон. Бир эле жер тилкесине бир нече чечим чыгып, соттук териштирүүлөрдөн башы чыкпаган үй-бүлөлөр учурда кайда барып арызданарын билбей турган чагы. Социалдык реформаларга көмөктөшүү фондунун төрайымы Зейнеп Абдиева муну жең ичинен жер сатууга ыңгайлашкан бийлик өкүлдөрүнүн жана аларды колдоп чечим чыгарган сот органдарынын жоопкерсиздиги менен байланыштырды. Ысымдары аталган бийлик өкүлдөрү мындай дооматтарды жер басып алуучулардын негизсиз жүйөөсү катары четке кагышууда.

Басылып алынган жердин тагдыры

2005-жылы март ыңкылабынан кийин Бишкектин түштүк-чыгыш тарабындагы Аламүдүнгө караштуу айдоо аянттары басылып алынган. Өздөрүн турак-жайга муктаж адамдар деп айтышкан ал жарандардын тобу башында жер тилкелерин өз алдынча бөлүштүргөн. Жалпысынан мындагы отуз гектарга чукул жер аянтындагы тилкелерге 497 жаран ээлик кылган. Анан ал үй куруучулардын коомдук уюмдары түзүлүп, басылып алынган мына ошол жер тилкелерин мыйзамдаштыруу талабы коюлган. Алардын көпчүлүгү ал арада жер тилкелерине үй тургуза баштаган. 2005-жылы бул аймакты шаардын Октябрь районуна өткөрүү боюнча өкмөттүн токтому чыгып, жаңы конушка Рухий-Мурас деген ысым ыйгарылган. Көп жыл бою жеке менчик турак-жайга муктаж болуп келген, медицина кызматкери Калипа Чодуева да 2005-жылы бөлүп алган жер тилкесине үй тургузган. Бирок аны толук мыйзамдаштырууга шашпаган Калипа Чодуева ал жер тилкеси башка адамга жазылганын беш жылдан кийин гана билген:

- Биз 2005-жылы декабрь айында ал үйдү бүтүрүп киргенбиз. Андан бери мына тогуз жыл өттү. Бул жер тилкесин талашып жаткан адамды мен биринчи жолу 2010-жылы гана көрдүм. Буга чейин мына ошол жер тилкелерине чын эле үйгө муктаж адамдар жайгашканбы деген суроо менен үч ирет текшерүү жүргөн. Мына ошол комиссия 2010-жылы кайрадан текшере баштаганда гана биздин үй салган тилкебиздин кызыл китеби башка адамга берилип кеткенин билдик. Биздин изилдөөбүз боюнча башында биздин фамилябыз кирген токтом эки ирет өзгөртүлгөн экен. Ошондо комиссия мүчөлөрү бизди тизмеден чыгарып, өздөрүнүн адамдарын киргизгени эми билинип жатат. Биз болсо ал тизмеде барбыз, кызыл китепти эми алабыз деп жүргөн элек. Сотко кайрылсак, арызды кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткен деп кабыл албай жатат.


Акылга сыйбаган “акылсыздыктар”

Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимчилиги басылып алынган ал тилкелерди бөлүштүрүү боюнча 2006-жылы өзүнүн №90 токтомун чыгарган. Бирок ал токтом чыкканга чейин эле басылып алынган аймактагы жер тилкелерин өздөштүргөн жарандардын бир тобу ага кирбей калган. Баштапкы мезгилде катталган 497 адамдын арасынан 132 жаран токтомдо каралган тизмеде жок болуп чыкты. Алардын ордуна тизмеге башка жарандар киргизилгенин ошондо гана билишкен үй куруучулар ошол күндөн тарта даттана баштаган. Бирок бийлик өкүлдөрү жер басып алуучу деген шылтоо менен алардын арыздарын кароону четке кагып келишкен. Ээлеген жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай жүргөн андагы үй куруучулардын биринин адвокаты Гүлжамал Кудайназарова мына ошол токтомго ылайык, жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чыгарылган чечимдерге токтолду:

- Мына ошол чечимдер мыйзамдуу негизде катталган эмес. Жерге ээлик кылуу боюнча чечимдер Орусиянын жана Түркиянын жарандарына чыгарылган фактылар бар. Ошол эле кезде башында токтомдо көрсөтүлбөгөн, ал турсун бул дүйнөдөн бир топ жыл мурун көзү өтүп кеткен адамдардын атына чечим чыгарылган учурлар табылган. Бирок соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө биз тиешелүү далилдерди келтиргенибизге карабастан мына ошол чечимдерди жокко чыгаруу боюнча биздин талабыбызга соттор көңүл бурбай жатышат.
Бишкек четиндеги жаңы конуштардын айрымдары 2005-жылдагы жер басып алуудан кийин пайда болгон.

Бишкек четиндеги жаңы конуштардын айрымдары 2005-жылдагы жер басып алуудан кийин пайда болгон.



Октябрь райондук мамлекеттик администрация башчысынын ошол кездеги орун басары Кайрат Борбуков жер тилкелерин бөлүү боюнча комиссиянын төрагасы болгон. Прокуратура органдары 2007-жылы эле жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү көз боёмочулуктар боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ал комиссияга мүчө болгон коомдук активисттердин экөө жоопкерчиликке тартылган. Бирок мына ошол комиссияны жетектеп туруп, жерди жең ичинен таратууга жол берген кызмат адамдарынын бирөө дагы жоопкерчиликке тартылган эмес. Кайрат Борбуков жоопко тартылмак тургай, учурда Мамлекеттик курулуш агенттигинин Бишкек шаардык курулушка уруксат берүү башкармалыгынын башчылыгына көтөрүлгөн. Социалдык көмөктөшүү корунун жетекчиси Зейнеп Абдиева буга жер сатуудан туйтунган аткаминерлердин бири-бири менен чырмалышкан байланыштарын мисал келтирди:

- Мына ошол токтом боюнча биз учурунда кылмыш ишин козготконбуз. Бирок ал иш кызмат адамдарынын кыянатчылыгы боюнча эмес болгону алдамчылык беренеси боюнча гана козголгон. Анын жыйынтыгы боюнча жер бөлүү комиссиясындагы коомдук уюмдун эки лидери соттолуп, бирок 8 айдан кийин бошоп кеткен. Ошол эле кезде бул иштердин башында туруп, токтом даярдап, тизмеге каалаган адамдарды киргизүүгө жол берген мамлекеттик кызмат адамдары жоопко тартылган эмес. Анткени комиссиянын төрагасы Борбуковдун артында чоң-чоң аткаминерлер турган.

Жогорку Соттун басымы барбы?

Үйгө муктаж жарандар жер тилкелерин өздөштүргөндөн кийин аны мыйзамдаштыруу бир топ кыйынчылыкты жараткан. Башка адамдарга чыгарылган чечимдерди жокко чыгартуу үчүн №90 токтомду жарым-жартылай кайра кароо боюнча сотко кайрылышкан. Башында соттон 38 жер тилкеси боюнча ишти кайра кароо чечимдери чыккан. Бирок иштер ары бери жылып отуруп, акырында “аларды кароонун мөөнөтү өткөн” деген негиз менен соттук териштирүү токтотулган. Зейнеп Абдиева буга Жогорку Соттун төрайымынын экономикалык иштер боюнча орун басарынын оозеки көрсөтмөсү болгон деп эсептейт:

- Октябрь райондук администрация мына ошол чуулгандуу токтомду чыгарууда ондон ашуун мыйзамды бузган. Алардын эң эле негизгиси - бул жер кодекси. Анан биз мына ошону жарым-жартылай жокко чыгартуу боюнча сотторго кайрылып, 38 иш боюнча жабырлануучулардын пайдасына карап, чечим чыга баштаган болчу. Анан эле Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Бактыгүл Аманалиева Бишкек райондор аралык сотуна келип жыйын өткөрүп, №90 токтомду бузганга силердин кандай акыңар бар, ал токтомду жокко чыгарууга болбостугун силер билбейсиңерби деп сотторго басым көргөзгөн. “Эгерде мени укпай турган дагы бир жолу ушундай чечим чыгарсаңар, силерге жекече аныктама чыгарабыз” деп коркуткан. Ошондон соң соттор бул иштерди кароону токтотуп коюшту.

Жогорку Соттун төрайымынын экономикалык иштер боюнча орун басары Бактыгүл Аманалиева басылып алынган жер тилкелерин мыйзамдаштырууга байланыштуу иштерди кароого эч кандай тиешеси жок экенин айтты. Ошол эле кезде Аманалиева ал иштерди караган сот курамына таасир эте албастыгын эскертти. Бактыгүл Аманалиева анын дарегине айтылган дооматты жер басып алуучулардын жеке өздөрүнүн гана кызыкчылыгын коргоого багытталган акыркы аргасыз чарасы катары кабыл алды:

- Мен жетекчи болуп алып, сотторго басым жасасам эле алар менин айтканым боюнча чечим чыгарбайт да. Аларга карата мен басым көрсөтө албайм. Андай болушу мүмкүн эмес. Мен алардын мына ошондой чечим кабыл алуусуна таасир этүүгө акым да жок. Эгерде ошондой аракет кылсам дагы алар аны аткарбайт. Эми бул жер басып алгандар жана алардын кызыкчылыгын коргогондор өздөрүнүн туура эмес кылып жаткандарын сезип, башка дооматы жок ушундай догурунган жолго өтүп алышты. Себеби,алардын көпчүлүгү мыйзамдуу чечими жок эле жерлерди ээлеп алган адамдардын тобу. Өздөрүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн башка жүйөө таба алышпай анан мага карата мына ошондой жалган жалаа таратып жүрүшөт.

"Жаңы Кыргызстандын" карааны...

Кара-Жыгачтагы жерди басып алууну уюштурууга жана тилкелерди жең ичинен сатууга "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын өкүлү Өмүртөрө Жангабыловдун катышы болгону тууралуу кезинде маалыматтар болгон. Бул адам быйыл кызмат ордун сатууга байланыштуу алдамчылык беренеси менен шектелип, камакка алынган болчу. Жабырлануучулар ал адам менен кезинде Октябрь районунун акиминин орун басарынын байланышы болгон эле деп шектенишет. Бирок Октябрь районунун акиминин ошол кездеги орун басары, кезинде жер бөлүштүрүү боюнча комиссиянын төрагасы болгон Кайрат Борбуков ага коюлган айыптоолорду мындайча четке какты:

- Булар өзү бирөөнүн жерин басып алып, күчкө салып эле аны мыйзамдаштырууну талап кылып келишкен. Мен комиссиянын жетекчиси болгонум менен алар мага чейин эле жер тилкелерин басып алышса анан аларды эмне кылыш керек? Учурунда мен аларга каршы чыккан үчүн ушундай болуп жатат. Анан бул чатакта райондук акимчиликти күнөөлүү кылып туруп, жер тилкелерин мыйзамдаштырып алабыз деп жүрүшкөн. Мен эгерде “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Үсөн Сыдыков менен байланышта болуп, бул ишке аралашкан болсом, мени мурда эле отургузуп коюшмак.
Бишкек тургундары жерге байланыштуу чырга тийиштүү органдарды күнөөлөп келишет.5-июнь, 2012-жыл.

Бишкек тургундары жерге байланыштуу чырга тийиштүү органдарды күнөөлөп келишет.5-июнь, 2012-жыл.



2008-жылы Октябрь районунун акими болгон Союзбек Салиев мына ошол Кара-Жыгачтагы жер тилкелерин бөлүү боюнча 90-токтомдо көп алешемдиктер кеткенин белгиледи. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Союзбек Салиев өздөштүрүлгөн жер тилкелеринин үстүнөн башка бирөөлөргө экинчи ирет кызыл китеп берип жиберген фактыларга укуктук баа берилбей жатканына токтолду:

- 6-7 тууганынын атына жаздырып, жер тилкелерине кызыл китептерди алып койгон шылуундар бар. Биз кезинде укук коргоо органдарына билдирип, ошону аныктап бергиле дегенибиз менен андан ушул күнгө чейин жыйынтык чыккан жок. Ал жерге эптеп үй куруп, башпаанек кылган адамдардын абалын түшүнүп, колунда кызыл китептери жок болсо дагы мен аким болуп турганда аларга электр жарыгын алып кирип берип, маселени чечкенге аракет кылганбыз. Бирок негизги маселе жерге ээлик кылуу укугун алар сот аркылуу гана тастыктап алышы керек болчу.

Чекисттин үй-бүлөсүнүн четке калышына вице-мэрдин катышы барбы?

Жеке турак-жайга муктаж шаар тургуну катары 2005-жылы мына ошол аймактан жер тилкесин алып, үйүнүн пайдубалын тургузгандардын арасында атайын кызматта 25 жыл кызмат өтөгөн чекист Таалай Байбачаев да болгон. Ал 2006-жылы ээлеген жер тилкесине эми гана үй кура баштаганда каза болуп калган. Бирок кийин анын жер тилкесине ээлик кылуу укугу Элиза Нурдөөлөтова деген жаранга катталып калган. Маркум чекисттин жубайы Элмира Мурзакулова буга ошол кездеги акимдин дагы бир орун басары, Бишкектин учурдагы вице- мэри Төрөбек Имашевдин катышы болгонун белгиледи:

- Менин жолдошум өмүр бою шаарда жашаган менен өзүбүздүн үйүбүз жок. Анан мына ошол жер тилкесине эми гана пайдубал тургузганда күйөөм өтүп кетти. Анан эле ал жер кийин бизден башка дагы бирөөгө жазылганы анык болду. Кийин билсек, ошол кезде акимдин орун басары болуп турган, азыркы вице-мэр Төрөбек Имашев өзүнүн мергенчи досунун Элиза аттуу карындашына биздин жерибиздин кызыл китебин берип салган экен. Мен бул боюнча мэрге жана Шаардык кеңешке арыз жаздым эле. Бирок ушул күнгө чейин жооп жок.

Анткен менен Бишкек шаарынын вице-мэри Төрөбек Имашев анын дарегине айтылган бул дооматты ошол кездеги башка кызмат адамдарына оодарды. Төрөбек Имашев кезинде анда жер бөлүштүрүүгө аралашуу укугу болбогонун айтты:

- Жок. Бул калп. Мен анда иштегем, бирок ал кезде комиссиянын жетекчиси башка адам болгон. Башында 2005-жылы алгач комиссиянын жетекчиси мен болгомун. Бирок аким Исаев бир айдан кийин бул милдетти башка орун басар Борбуковго өткөрүп берип салган. Менин ал иштерге эч кандай тиешем болгон эмес. Бул боюнча иш козголуп, бирок анын аягы эмне менен бүткөнүн билбейм. Мен башында эле ошол эле Исаевге, Борбуковго бул маселени жакшылап иликтегиле, эртеңки күнү чыр-чатак чыкпасын деп эскерткен болчумун. Ар бир тилкени тактап туруп, анан токтомду чыгаргыла, элдин убалына калбагыла деген элем.

Бишкек шаарынын вице-мэри Төрөбек Имашевдин айтымында, Рухий-Мурас жаңы конушундагы талаштуу жер участокторунун көпчүлүк ээлери өз ара тил табышкан. Айрымдары боюнча мыйзамдуу чаралар көрүлүп, жер тилкелери мыйзамдуу ээлерине кайтарылган. Башында чырлуу 132 жер участогу боюнча маселе болсо, 2014-жылга карата алардын отуз жетиси гана калган. Бишкек райондор аралык сотунда 90-токтомду жарым-жартылай жокко чыгаруу боюнча арыздар каралбай токтоп турат. Ошол кезде Октябрь райондук сотунда кызыл китеби бар жер ээлеринин үй салынып калган участокторду бошотуу боюнча даттануусу каралууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG