Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Апта: Молдова чуусу, кайраштырган Кумтөр


Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин. Санк-Петербурга, 16-март, 2015-жыл
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин. Санк-Петербурга, 16-март, 2015-жыл

Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаевдин Молдовага жашыруун сапары көп суроолорду жаратты. Кумтөр боюнча сүйлөшүү аягына чыга электигине карабай келишимдин долбоору парламентке киргизилди.

Аида Салянова президент менен келишпестиги көмүр тендерине барып такалганын тастыктады.

Аппаратты актанткан Молдова сапары

16-мартта Санкт-Петербургда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев орус президенти Владимир Путин менен жолугушту. Атамбаевдин бул сапары биринчи кезекте Владимир Путиндин он күндөн бери коомчулукка көрүнбөй, кыргыз президенти менен жолугушуу үчүн эл алдына чыкканына байланыштуу бүйүр кызытса, экинчи жагынан Санкт-Петербургга чейин Атамбаевдин Молдова олигархтарына таандык менчик учак менен Кишиневго барып келиши жаңжал, чуу жаратты.

Молдова маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Атамбаев Молдова олигархы Владимир Плахотнюкка таандык "Эмбраер Легаси 650" учагы менен 15-мартта Кишиневго келип, Плахотнюк менен төрт саат бою жабык сүйлөшкөн. Атамбаевдин Молдовага сапарын Плахотнюк менен байланышы бар Илон Шор аттуу Израил жараны уюштурган. Илон Шордун "Манас" аба майданында 2 миң чарчы аянтты ээлеген дүкөнү, президенттин жакындары менен биргелешкен бизнеси бар экенин коомдук ишмер Эдил Байсалов айтып чыкты.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков адегенде Атамбаевдин Молдовага сапары тууралуу азырынча маалымат берүү эртелик кылат деп билдирип, бирок коомчулук жана парламенттеги талаптарга байланыштуу бейшемби күнү сапар боюнча кененирээк маалымат берүүгө аргасыз болду.

Сапар Исаковдун айтымында, Атамбаевдин Молдовага сапары Молдованын Европа биримдиги жана Орусия менен кызматташуусун сүйлөшүүгө арналды. Президент "Эмбраер" учагына өз чөнтөгүнөн төлөп учкан. Бирок Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутихин Атамбаевдин Молдовага сапары тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин 19-мартта жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди. Элчи Крутихиндин бул сөзү Алмазбек Атамбаевдин Молдовадагы миссиясы тууралуу Сапар Исаковдун сөзүн дээрлик төгүнгө чыгарды дегенге жатат.

Президент тарап Илон Шор менен байланышы тууралуу да ооз ачпай турат. Бул ишкер ошол учурларда Молдовада 1 млрд. долларды өз банкы аркылуу жоготуп, атайын органдарга сурак берип жатканы да маалым болду.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Молдовага сапарын Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү кескин сынга алышууда. Алар президенттик аппараттын Молдовага сапар боюнча түшүндүрмөсү канааттандырбайт деп чыгышты. Кыймылдын жаңыдан шайланган лидери Кубанычбек Кадыров Атамбаевдин сапарын парламент иликтөөгө даабайт, ошондуктан аны коомдук комиссия иликтеш керек дейт:

Кубанычбек Кадыров
Кубанычбек Кадыров

- Өзүн сыйлаган өлкө башы эч качан бирөөнүн жеке менчик учагы менен учпаш керек. Биринчиден, бул президенттин коопсуздугуна байланыштуу. Биз кайдан билебиз, ошондой учак менен президентти алып кетип, аны барымтага кармап, мамлекетке ар кандай талаптарды койсо кандай болот эле? Бул окуяны элдик, коомдук комиссия түзүп, иликтеп чыгышыбыз керек.

Кубанычбек Кадыров Илон Шор жана Владимир Плахотнюктун 1 млрд. доллардын уурдалышына тиешеси бардыгы тууралуу маалыматтар, Шордун "Манаска" келип, анан Стамбулга учушу жана Алмазбек Атамбаевдин Молдовага сапарынын адегенде жашырылышы да иликтениши керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Молдовага сапар боюнча айыптоолорго карата парламентте мындай жооп берди:

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

- Ысырапкерчиликке жол берилбейт бүгүнкү күндө. Президент баш болуп, өзүбүз башында турабыз. Мамлекеттик каражаттарды үнөмдөөгө күн сайын аракет кылабыз. Бир эле мисал айтып кетейин, мурунку жетекчилер кой, жылкы сойбосо түнү менен сойдурчу. Аларды бүгүнкү күнү Равшан Жээнбеков мактап жатат. Азыр андай жок. Мамлекетте саясий тартип башка. Ошон үчүн мен толугу менен ишенем, бүгүнкү күндө биздин президент каерге барбасын мамлекеттин кызыкчылыгы менен барып жатат. Ишениш керек. Мурункулар менен салыштырганды койгула.

Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар президент Алмазбек Атамбаев Молдовага Кумтөр же башка бир кен боюнча сүйлөшүүгө барган деген пикирди айтууда. Бул пикирди Владимир Плахотнюктун банк, акча жана башка мандемдүү чөйрөлөрдө ар кандай кыңыр жана татаал иштерди жасоо жөндөмдүүлүгү менен ырасташууда.

Алмазбек Атамбаевдин Молдовага жашыруун сапарынын учугу Кыргызстанда аткарыла турган “Коопсуз шаар” долбооруна барып такалышы да ыктымал. Белгилүү болгондой 60 млн. доллар турган бул долбоорду “Стилсофт Бишкек” компаниясы утуп алган. Бирок ички иштер министри Мелис Турганбаев тендердин жыйынтыгына ишенбей турганын жарыялады. Эгерде министрдин талабы ишке ашса, анда тендерде экинчи орунду ээлеген “Десса интернешнл” компаниясына жол ачылат. Бул компания болсо Молдовада катталганы маалым.

Жаңжалы бүтпөгөн Кумтөр

Келерки жумада Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча келишим каралат. 26-апрелде жаңы келишимди түзүп келүү үчүн өкмөткө берилген бир айлык мөөнөт аяктайт. Бейшемби күнү өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевдин айтышынча, келишимдин долбоору парламентке жөнөтүлгөн.

Кумтөр
Кумтөр

Келишимдин долбоору жөнөтүлгөнгө карабай экологиялык маселелер боюнча канадалыктар менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытов “Азаттыкка” билдирди.

Кумтөр боюнча жаңы келишим түзүлгөн күндө да аны ишке ашырууга Кыргызстанга таандык акциялардын камакка алынышы тоскоолдук кылары маалым. Белгилүү болгондой Кыргызстанга таандык 77 млн. даана акциянын 57 млн. даанасы камакка алынган. Кыргызстан жаңы түзүлө турган биргелешкен ишканынын 50% алыш үчүн 77 млн. даана акциясын “Центеррага” өткөрүп бериш керек эле. Андай ишти жасоого азыркы кезде мүмкүндүк бербеген жагдай түзүлгөн.

Мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өткөн жылы кызматтан кетпегенде ошол жылы эле үлүшү 50% болгон биргелешкен ишкананы түзөт элем деп билдирди:

- Кумтөрдө 17-18 маселе бар. Анын баарын бир коюп, бир чечиш кандай өкмөткө болбосун оор. Бирок ошол мезгилде биргелешкен ишкананы Кыргызстанда каттоодон өткөрүүгө күчүм жетмек, аны жасай алмакмын.

Сатыбалдиев: Кумтөрдү аягына чыгармакмын
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:48 0:00

​Жантөрө Сатыбалдиев мына ушул ишти турмушка ашыра албай калганына өкүнүч бар экенин кошумчалады. Белгилүү болгондой өткөн жылы көпчүлүк коалиция Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан кетирип, анын ордуна Жоомарт Оторбаевди шайлаган. Жаңы өкмөт башчынын келиши менен Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр токтоп калып, ал жыл соңуна барып жанданган. Ал мезгилдин ичинде Кыргызстандын “Центеррадагы” көпчүлүк акциялары камакка алынып бүттү.

Президент Атамбаев 20-мартта Ала-Тоо жаңы конушунда сүйлөгөн сөзүндө үлүшү 50-50 болгон келишим түзүүгө өткөн жылы парламенттеги куру кыйкырыктар тоскоолдук кылганын, эми андай негизде келишимге жетишүү кыйын болорун билдирген.

Кумтөрдү улутташтыруу идеясын көтөрүп, биргелешкен ишкана түзүүгө каршы чыгып келаткан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев сүйлөшүү жүрүп жаткан мезгилдеги президенттин бул сөзүн “кыргыз тараптын далысына урулган бычак” катары сыпаттады.

Кандай болгон күндө да азыркы кезде Кумтөр маселесин чечүүнүн эки жолу сунушталган. Биринчиси - биргелешкен ишкана түзүү, экинчиси - улутташтыруу. Парламент бул эки жолдун кайсы бирин тандап алары келерки жумада айкын болот.

Салянова менен президенттин келишпестиги көмүрдөбү?

Мурунку башкы прокурор Аида Салянова президент Алмазбек Атамбаевдин көмүр сатып алуудагы тендерге тиешеси бардыгы айтылып жатканын былтыр сентябрь айында президенттин өзүнө айткан. Салянова муну 19-мартта жарык көргөн “Баягы Асаба” гезитине берген маегинде билдирген. Салянова маегинде “Мына ошол катуу тийсе керек. Мага бут тосуп, мени жаманатты кылуу максатында ыплас амалдарды колдонгон үчүн кудай алдында жооп берет” деп белгилеген.

Атамбаев менен Салянова
Атамбаев менен Салянова

Мурунку башкы прокурордун бул билдирүүсү аны менен президенттин келишпестиги көмүр коррупциясына барып такаларын тастыктайт. Кыргызстандагы көмүр коррупциясы болсо мурунку президенттер убагында калыптанып, азыркы кезге чейин уланып жатканы айтылып келет.

Көмүр сатып алуу боюнча “Электр станциялар” акционердик коомунун тендердик комиссиясынын мүчөсү Качкын Булатовдун айтымында, өткөн жылы көмүр сатып алуу боюнча тендер жогорку бийликтин таасири менен үч жолу атайын үзгүлтүккө учуратылып, соңунда “Прогресс компанинин” монополист болушуна шарт түзүлгөн. Монополист “Прогресс компани” 15 долларлык көмүрдү Кыргызстанга 45 доллардан сатып, кыргыз бийлигиндеги табакташтары менен миллиондогон долларды бөлүшкөн:

- Эгерде атаандаштык менен жакшы тендер өткөрсө бир тонна көмүрдүн баасы 15 доллардан ашпайт болчу. Бирок атаандаштык жок болуп жатат. Жалгыз “Прогресс компани” монополист болуп, башка атаандаш киргизбей жатышат. “Прогресс компани” колдоруна акча берип, коррупциялык жол менен монополдоштуруп алган.

Качкын Булатов
Качкын Булатов

Казакстандан көмүр сатып алуудагы мындай коррупциялык көрүнүштөр тууралуу өткөн жылы бир нече жолу маалымат жыйынын өткөрүп, кайрылуулар жасалганга карабай эч кайдан реакция болбогонун Качкын Булатов кошумчалады.

Белгилүү болгондой Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып койгон. УКМК койгон айыпка ылайык, Бакыт Абдыкапаров Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Нуртазин Жетибаев аркылуу “Жезказган энергосбыт” менен көмүр келишим түзүүгө “Электр станциялар” акционердик коомунун жетекчилигин мажбурлаган.

Чындыгында “Жезказган энергосбыт” менен келишим түзүлүп, ал “Прогресс компаниге” караганда 3 долларга арзан көмүр алып келе баштаган. Бирок ошол кездеги энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыбаев көмүр талапка жооп бербейт деп, сот аркылуу келишимди жокко чыгарган. Мына ошону менен “Прогресс компаниге” жол ачылган. Сот ишинин жүрүшү менен удаа эле 2014-жылы сентябрь айында УКМК Нуртазин Жетибаев жана дагы эки кишини “Жезказган энергосбыт” менен түзүлгөн келишимге байланыштуу камакка алган.

Президент менен мурунку башкы прокурордун көмүр коррупциясындагы бул тирешүүсүнө парламент аралашууга аракет жасады. Тактап айтканда, “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов Бакыт Абдыкапаровго коюлган айып боюнча парламенттик комиссия түзүүнү 19-мартта сунуштап, ал жетиштүү добуш алды. Бирок “Ата Журт” жана “Республика” фракциялары комиссияга кирүүдөн баш тарткандан кийин чечим жокко чыгарылды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG