Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:34

Кыргызстандын үч жыл ичиндеги коррупцияга каршы күрөшүү аракеттерин талдоого алган эл аралык эксперттик топтун отчету жарыяланды.

Анда коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча берилген сунуштарды аткарууда жылыш болгону белгиленген. Бирок ошону менен бирге эле коррупцияга каршы саясатты жүргүзүүдө жана буга байланыштуу кабыл алынган мыйзамдарды колдонууда жыйынтык канааттандырарлык эмес экени көрсөтүлгөн.

Коррупцияга каршы күрөштүн “күттүргөн жазы”

Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү конвенциясына кошулуу менен мыйзамдардагы жаза чараларын күчөткөн. Ошондон улам, анын натыйжасын аныктоо үчүн экономикалык кызматташтык менен өнүгүү боюнча уюмдар тармагынын Стамбул планына карата өткөн үч жыл ичинде коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иш-чараларга талдоо жасалды. Анда коррупцияга каршы жүргүзүлгөн саясат, коррупциялык кылмыштарга карата укуктук базаны түзүү жана коррупциянын алдын алуу чаралары сыяктуу негизги үч багыт изилденген. Баяндамада Кыргызстандагы коррупциянын себептери, масштабы жана кесепеттери жогорку деңгээлде изилденгени көрсөтүлгөн. Бирок коррупцияга каршы иштелип чыккан мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу жагы кагаз бетинде калганы белгиленген.

Байтемир Ибраев

Байтемир Ибраев

Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев кабыл алынган коррупцияга каршы туруу мыйзамын колдонуу жагы дагы учурда көзөмөлдөнбөй жатканына токтолду:

- Ошол эле мыйзам чыгаруу бийлигине чегерилген кызматтык машинелер алардын аялдарын, балдарын ташып, базарларда жүрөт. Тааныш-билиштик аркылуу кызматка алуу жүрүп жатат. Коррупцияга каршы туруу боюнча мыйзам талап кылган мына ушундай жагдайларга көңүл буруу керек. Мына ошондой майда коррупциялык элменттерге чара көрүлбөгөн соң, анын масштабы чоңоюп, мамлекетке чоң зыян алып келген коррупциялык кылмыштар болуп жатат. Коррупциялык мүнөздөгү фактылар ачык жарыяланып жатканы менен аларга карата тиешелүү реакция болбой жатпайбы. Маселенин өзөгү ушунда да.

2012-жылы 4-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинде тутумдашкан жана саясий коррупцияга каршы күрөштүн чаралары боюнча атайын баяндама жасаган. Мына ошонун негизинде мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу жагы каралган.

Мыйзамсыз байыгандар табыла элек

Бул боюнча Кылмыш кодекси коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган беренелер менен толукталган. Алардын бири - Кылмыш кодексине киргизилген мыйзамсыз баюуга каршы кылмыш жоопкерчилиги. Бирок эл аралык эксперттик топтун баяндамасында ушул күнгө чейин бул берене боюнча бир дагы жогорку мартабалуу аткаминер жоопко тартылбаганы же соттолбогону көрсөтүлгөн. Тергөө органдары болсо бул беренени колдонуу механизмдеринин бечелдигин жана ал боюнча айып тагуунун алсыздыгын мисалга алып келишет.

Коррупцияга каршы мыйзамдар топтомунун авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев бул жагдайга мындайча жооп берди:

- Мына ошол мыйзамдардагы беренелерди ишке киргизүү үчүн саясий эрк керек. Коомчулук жана маалымат каражаттары колдоого алууга тийиш. Мына ошондо гана мыйзам ишке киришет. Бирок тилекке каршы биз кабыл алган мыйзамдын таасирин кылмышкерлер сезе элек. Анан прокуратура органдары мыйзамды колдонууда маселе бар болсо, аны кандай жөнгө салуу керектигин айтып, эмнеге демилге көтөрбөйт? Саясий макамдагы депутат мына ошол механизмдердин бардыгын толук ийне-жибине чейин жазып бере албайт. ​

Коррупцияга каршы берененин табияты

Баяндамада Кылмыш кодексиндеги коррупциялык кылмыштарга карата колдонулчу беренелердин удаалашсыздыгы жана андагы карама-каршылыктуу учурларды жөнгө салуу жагы айтылган. Ошондой эле эксперттик топ Кылмыш кодексиндеги коррупция деген аталыштагы 303-беренени алып салууну сунуштаган. Анткени андагы так эместиктер кылмышты далилдөө учурунда беренени тандалма мүнөздө колдонууга шарт түзөрү көрсөтүлгөн. 2012-жылдан бери бул берене боюнча ондон ашуун кылмыш иши козголгон. Бирок алардын ичинен айрымдары гана сотко чейин жеткен. Алардын ичинде парламенттин мурдагы спикери Келдибековго, Бишкек шаарынын экс-мэри Түлеевге жана депутат Аманбаевага козголгон кылмыш иштери.

Курманбек Осмонов

Курманбек Осмонов

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов оор жаза чарасын караган коррупция беренесин колдонуу шарттарына токтолду:

- 303-берене мурда эле кодекске киргизилгени менен ал эч кандай иштеген эмес. Иштей баштаганына бир-эки жыл эле болду. Анан эми эл аралык эксперттер ошол беренедеги так эместиктерди туура байкашкан. Анткени кылмыштын курамын аныктоодогу төрт жагдай болмоюнча аны далилдөө татаал. Бирок ошого карабастан эле мына ошол берене менен иш козгоп, айып коюп жатышат. Мында коррупцияга каршы күрөш укуктук жол менен эмес саясий конъюктура аркылуу жүрүп жатат. Мындай күрөштүн кесепеттери болушу мүмкүн.

Ошол эле кезде Кылмыш кодексинде коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарга байланышкан ондон ашуун берене бар. Бирок кызмат абалынан кыянат пайдалануу, пара талап кылуу, пара берүүгө ортомчулук, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишимдерди түзүү сыяктуу кылмыш белгилерин ичине камтыган беренелердин жаза чарасынын жеңилдиги белгиленген. Эл аралык эксперттик топтун атайын баяндамасы жалпысынан 148 беттен туруп, коррупцияга каршы саясатты иштеп чыгуу, мыйзамдарды талдоо жана жалпы сунуштарды ичине камтыйт.

XS
SM
MD
LG