Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

УКМК Текебаев 48 саатка кармалганын ырастады


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 48 саатка камакка алынганын тастыктады.

Маалыматка ылайык, Текебаев Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» жана «алдамчылык» беренелеринин негизинде кылмышка шектелгени үчүн УКМКга алынып келинди. Текебаев учурда атайын кызматтын убактылуу кармоо жайында кармалууда. УКМКнын маалыматы боюнча, бул ишти учурда аталган органдын Тергөө башкармалыгы тергеп жатат.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңкы саат 3төрдө “Манас” аэропортуна Түркиядан конгон учактан кармалган.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир млн доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG