Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Кыргыз өкмөтү аткаминерлер арасында жемкордукту ооздуктоо максатында жаңы мыйзам долбоорун даярдоодо.

Ага ылайык, жогорку кызматтардагы мамлекеттик жетекчи телефонун тыңшоого жана электрондук дарегин текшерүүгө өз ыктыяры менен макулдугун бериши керек. Кээ бир эксперттер муну адам укугун одоно бузуу катары сыпаттаса, айрымдары өкмөттүн популисттик кадамы катары баалашууда.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев коррупцияга бөгөт коюу үчүн чиновниктер телефонун тыңшоого, эмейл даректерин окууга өз ыктыярлары менен макул болсун деген демилгени көтөрдү. Буга байланыштуу мыйзам долбоор иштелип жатканын Оторбаев 9-августта Германиядан келген депутат Йоахим Пфайффер менен Бишкекте жолуккан учурда билдирди.

Өкмөт бул мыйзам долбоор кабыл алынып калса, элдин мамлекеттик институттарга болгон ишеними дагы артат деп үмүт кылууда.

- Биз мамлекеттик саясий кызматта турган чиновниктер өз ыктыярлары менен тартип коргоо органдарына телефонун тыңшоого, электрондук дарегин текшерүүгө мүмкүнчүлүк бере тургандай мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Бул кандайдыр бир деңгээлде жарандардын конституциялык укугун бузат, бирок өлкөнүн өнүгүүсү үчүн мындай чара керек болуп турат. Башкача айтканда коом да акыр аягы мамлекеттик институттарга ишенгендей болуш керек. Бул жагынан алганда бизде саясий эрк бар.

Өткөн айда өкмөт коррупцияга каршы мыйзам долбоорлор топтомун Жогорку Кеңешке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алган. Биринчиси, бир жылда 20 миң долларга же андан ашык каражатка жана бир жыл ичинде эки же андан ашык убакта 40 миңдей долларга мүлк сатып алган жарандардын кирешесин текшерүү боюнча мыйзам долбоор.

Экинчиси, мамлекеттик сатып алуулар, үчүнчүсү, Жоомарт Оторбаев белгилеген мамлекеттик саясий кызматта отургандар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого макул болуусу тууралуу мыйзам.

Өкмөттүн мындай демилгеси саясатчы, эксперттер тарабынан түрдүү бааланууда. Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын мурдагы жетекчиси Канатбек Исаев мындай чараларды көрүүгө турмуштук зарылдык бар экенин билдирген болчу. Ал “телефонун тыңшоого каршы чыккандар мамлекеттик кызматка барбай эле койгону оң”, - деген пикирин билдирген.

Адам укугун кантебиз?

Анткен менен сот-укуктук маселелер боюнча талдоочу Кубатбек Кожоналиев жемсөөлүк менен күрөшүүнүн башка жолдорун кароону сунуштайт.

- Бул - популизм. Конституцияда “бир гана кылмышкер адамга ушундай нерселерди колдонсо болот” деп жазылып турат. Ошондуктан конституциялык жана башка мыйзамдар иштеши керек да. Андан көрө декларациянын натыйжасын чыгарбайбы. 81 аткаминер мүлкү тууралуу туура эмес маалымат бериптир. Ал боюнча эч кандай дабыш чыкпайт. Ачылган нерседен натыйжа чыгаргандын ордуна асмандагы нерсени айтып жатышат.

Мындай мыйзамы жок эле буга чейин ички иштер министри Зарылбек Рысалиев баш болуп, айрым депутаттар телефондору уруксатсыз тыңшалып жатканын айтып чыгышкан. Укук коргоочулар бул көрүнүш мыйзам менен бекитилсе, адам укугу одоно бузулуп, өз ара ишенимге шек келтирерин айтып чыгышкан.

Жакында эле мамлекеттик жогорку кызматка келип, социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткарып жаткан Эдил Байсалов тыңшоого уруксат берчү атайын органдар бар экенин белгиледи.

- Күмөн санап, шек болсо сот, прокуратура турат. Алардын уруксаты менен президент болобу, премьер-министр болобу каалаган кишини тыңшоого мүмкүнчүлүк бар. Албетте мамлекеттик же жеке фирманын почтасын текшерүүгө каршы эмесмин. Ал ачык, эркин. Аткаминерлер эмес, кичине балдар, жөнөкөй айылдагы кишилер тымызын иштерди телефон же кат жүзүндө талкууга албайт. Бул түздөн түз жеке турмушка, абийирине шек келтирүү болуп эсептелет. Буга Конституция жол бербейт.

Адатта кылмышка шектүү адамдардын телефондук байланышы атайын органдардын санкциясынын негизинде тыңшоого алынат. Бирок өнүккөн өлкөлөрдүн биринде да мамлекеттик жетекчилердин сүйлөшүүлөрүн тыңшоого жол берилген эмес. Мындай тажрыйба коррупциянын деңгээли жогорку чекке жеткен Түштүк Чыгыш Азия жана Түштүк Америка өлкөлөрүндө кеңири колдонулуп келет. Индонезия жана Филлипин мамлекеттеринде ири аткаминерлердин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоонун эсебинен жемсөөлүктүн деңгээли бир кыйла кыскарган учурлар катталган.

Кыргыз өкмөтү сунуштап жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен колдоо табабы, жокпу убакыт көрсөтөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG