Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Таласта шаардык кеңеш төрагасына эки талапкер сунушталууда


Бүгүн Талас шаардык кеңешинин депутаттары алгачкы жыйынга чогулат. Анда коалиция түзүлүп, төрага шайланат. Төрагалыкка эки талапкер – “Кыргызстан” фракциясынан Адыл Жусупбеков, “Республика-Ата Журт” фракциясынан Аскар Шабданов көрсөтүлүүдө.

“Азаттыктын” өздүк булактары билдиргендей, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү “Кыргызстан” фракциясынын талапкерин колдоо боюнча башка депутаттарды чакырууда. Облус башчысы Дайыр Кенекеев мындай кабарды четке какты.

2016-жылдын 11-декабрында өткөн шайлоодо шаардык кеңешке КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Айкөл” партиялары өткөн.

31 депутатка 11-январда мандат берилген. (AlS)

XS
SM
MD
LG