Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Шаикованын үстүнөн бийликке жазылган арыз


Алина Шаикова
Алина Шаикова

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова мекемедеги көмүскө иштерге көз жумуп, бир катар кызматкерлерди куугунтуктаганы боюнча эмгек жамаатынын атынан мамлекет жетекчилигине кайрылуу жолдонду.

Ал кайрылууда Алина Шаикова мекемеде коррупциялык жоосундардын гүлдөшүнө жол берип, мамлекетке зыян алып келген келишимдердин эсебинен туйтунуу жолуна түшкөнү мисал келтирилген. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова коюлган дооматтарды кызматынан кемчилик кетирип, иштен айдалган адамдардын жарма таарынычы катары баалады.

Мамкаттоодогу “чаң” каптоо

Кайрылууда Мамкаттоонун жетекчиси Алина Шаикова биометрикалык долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик каражатты ыксыз ысырап кылганы сынга алынган. Биометрикалык жабдуулардын ыңгайсыз техникалык шарттары жана аларды алып келүү мөөнөтү бузулгандыктан мамлекет бөлгөн 260 миллион сом жетпей калган. Мындан улам мамлекеттик казына кошумча зыян тарткан. Мекемеде тиешелүү адистер болгонуна карабастан сырттан эксперттерди тартып, аз эмес каражат алардын маянасына төлөнгөн. Биометрикалык долбоор боюнча германиялык компания менен түзүлгөн келишимде дагы күмөндүү жагдайлар ачыкталбай калганы айтылды. Мамлекеттик каттоо кызматынын атайылаштырылган маалыматтык тейлөө борборунун кызматтан кеткен директору Бердибек Жакыпбаев мамлекетке келтирилген зыян боюнча Алина Шаикованын жоопкерчилиги каралбай калганын айтты:

- Бул боюнча кылмыш иши козголууга тийиш. Анткени мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени анык болуп турбайбы. Жабдууларды өз убагында алып келбей, доллар өсүп кетип, ортодон чоң айырмачылык чыгып калбадыбы. Анан эми ошол чыгымды компаниянын өзүнүн эсебинен эмес, Алина Шаикова мамлекеттин эсебинен төлөтүп берип жатпайбы. Бул эмне мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштегендик эмеспи?! Шаикова болсо ушул күнгө чейин эч нерсеге жооп бербей, билген боткосун чалып жатпайбы. Ал өкмөт башчысы Оторбаевдин кадры. Анда жардамчы болуп жүргөн. Анан эми ошого таянып алып, Шаикова вицелердин бирин дагы тоготпойт экен. Оторбаев турганда анын жоопкерчилигин эч ким карай алгыдай эмес.

Мыйзам буйлаланган төө эмес...

Ошол эле кезде кайрылууда Свердлов райондук казына бөлүмүн жана каржы министрлигинин алдындагы “Инфосистема” мекемесин жетектеп турган учурдагы Алина Шаикованын ишмердигине туура баа берилбегени көрсөтүлгөн. Анда миллиондогон каражат каралганына карабай, Шаикова кезинде мойнуна алган электрондук документ жүгүртүү программасынын айрымдары ишке кирбей калганы белгиленген.

Мамлекет жетекчилигине жөнөтүлгөн кайрылууда Шаикова каражатты ыксыз короткону айтылат
Мамлекет жетекчилигине жөнөтүлгөн кайрылууда Шаикова каражатты ыксыз короткону айтылат

Биометрикалык жабдуулар боюнча келишимдин натыйжасында эле бир миллион долларга чукул мамлекетке келтирилген зыян тууралуу маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова мындайча четке какты:

- Мамлекетттик сатып алуулар боюнча мыйзамга ылайык, тендердик комиссия мага жетекчи катары мына ошол компания менен келишим түзүүнү сунуштаган. Ал жерде мен тендерге жана анын жыйынтыгына кийлигишкен учурлар болгон эмес. Мунун бардыгы мыйзамдын чегинде болгон. Бул тууралуу арыздангандар атайылап коомчулуктун башын айландырып жатышат. Тендердеги техникалык тапшырмалар жана шарттарды түзүү боюнча топко биздин мекемеден сырткары БШК, УКМК жана ИИМ сыяктуу мамлекеттик бийлик органдарынан өкүлдөр кирген. Техникалык тапшырмалар жана койулган талаптар боюнча бардык мамлекеттик бийлик органдары менен менен макулдашылган.

Кызматтан кетирүүнүн кезеги же чоң колдун колдоосу

Ошол эле кезде Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова анын көмүскө ишмердигине карата сын көз караштагы кызматкерлерди куугунтукка алып жатканы кайрылууда бир канча адамдын мисалында мүнөздөлгөн. Соңку мезгилде эле ар кандай себептер менен жетекчи кызматтарда жана катардагы кызматчы катары иштеген ондогон адамдар жумуш орундарын жоготкон. Ошол эле кезде кайрылууда кызматтан алуулар кандайдыр бир мыйзамдык шарттар менен негизделбегени жана себептери көрсөтүлбөгөнү белгиленген. Бердибек Жакыпбаев мекемедеги эмгек жамаатынын арасында моралдык-психологиялык абалдын кескин начарлап кеткен жагдайына токтолду:

- Шаикова ички потенциал турганына карабастан сырттан адистерди алып келип, тажрыйбалуу адистерди кетүүгө мажбурлап жатканы мына ошол эмгек жамаатынын түпкү мүдөөсүнө түкүргөндүк болуп жатпайбы. Шаикова болсо бир түзүмдү жоё коюп, экинчисин түзө коюп, өзүнө жакын адамдарды кызматка алып келүү үчүн эмне деген оюндарды жасап жатканын бардыгы эле көрүп турат. Мына ошол өзүнүн адамдарынын кызыкчылыгы үчүн түзүмдөрдү өзгөртүү бул мамлекетке жасалган кыянатчылык да. Шаикова келди дагы көп жылдан бери системада иштеген Теңизбаева деген төрага орун басарын кетирди. Дагы бир орун басар Исмаилов дегенге кетсин деп сунуштама берди. Статс-катчылык деген туруктуу кызматта отурган Бакыт Секимовду кызматтан алдыруу үчүн өкмөт башчысына кире берип, аны кетиртти.

Алина Шаикова Жоомарт Оторбаевдин кадры экенин айтышууда
Алина Шаикова Жоомарт Оторбаевдин кадры экенин айтышууда

Кызматынан четтетилгендердин арасына жакында мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Бакыт Секимов дагы кошулду. Буга анын жетекчи айым менен болгон пикир келишпестиги негиз болгон. Бакыт Секимов анын жүргүзгөн кадрдык саясаты жана көмүскө аракеттери менен менен макул болбогон үчүн кызматынан алынганын айтып, бирок аны жумуштан кетирүү эрежеси кандайдыр бир жагдайлар менен негизделбегенине токтолду:

- Өкмөт башчысы мени кызматтан алуу тууралуу буйругун чыгарган. Ага мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин чечими менен Шаикованын сунуштамасы негиз болгон имиш. Бирок мен мына ошол сунуштамада мени кызматтан алууга эмне негиз болгонун көргөн жокмун. Бул боюнча мени тааныштырышкан жок. Ал өзү тогуз ай мурун жаңыдан келгенде эле пикир келишпестиктер орун алды. Анткени жумуштагы кемчиликтер менен өксүктөрдү оңдоонун жолун айтып койсоң эле, ал киши башкача түшүнөт экен. Сиз иштей бериңиз деди. Бирок менин артымын мага билгизбей өкмөт башчысына сунуштама киргизиптир. Көрсө, бул айым кош стандарттарды мыкты өздөштүргөн экен.

“Хан сарай” кантип салынды?

Кызматынан кетирилгендердин тобу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикованы өзүмбилемдик ишмердиги жана эмгек жамаатынын кызыкчылыгы менен эсептешпегени үчүн айыптоодо. Бирок ал өзү муну Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин мына ушундай кадрдык өзгөртүүлөр аркылуу жакшыртуу аракети катары карайт. Анткени кызматынан кетирилгендердин көпчүлүгү өздөрүнүн ишиндеги терс жыйынтыктар тууралуу буга чейин эле бир нече курдай эскертилген дейт ал. Ошол эле кезде анын аракетине даттанган кайрылууда Алина Шаикова бир жылдын ичинде бир канча миллион сомдук хан сарай куруп бүтүрүп, кымбат баалуу машина сатып алган фактынын өзү анын ишинин таза эмес экенинен кабар берет деп айтылган. Мына ошондуктан Мамкаттоонун финансы-экономикалык башкармалыгынын кызматтан четтеген башчысы Бакыт Сүйүмбаев айлыгынан башка киреше булагы көрсөтүлбөгөн Шаикованын бир жылдын ичинде эле чукулунан байып кеткенин ырастаган ал фактыларды тез арада текшерүүнү талап кылды:

- Аламүдүн районундагы Арчалы айылында Шаикова хан сарай куруп, бүтүрдү. Ал күйөөсү дагы, өзү дагы өмүр бою мамлекеттик кызматта иштесе, эмнени эсебинен курду андай кымбат баалуу хан сарайды деген суроо туулбай койбойт. Анан дагы декларацияда эч кандай бизнеси жок экенин көрсөтүп келет. Анда бул акчаны ал каяктан алды? Колунда башка жактан кирешеси жок адам мына ошондой хан сарайды тездик менен бүткөрө алабы?

Анткен менен мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова мындай дооматтын негиздүүлүгүн четке кагып, анын атын курулай каралоо өнөкөтү катары кабыл алды. Шаикова ага карата маалымат чабуулу өткөн жылдын жай айынан бери башталганын айтып, ага анын колу булганган адамдардан мекемени кадрдык тазалоо демилгеси негиз болду дейт. Курулуп жаткан хансарай жана кымбат баалуу машине тууралуу Алина Шаикованын жообу мындай болду:

- Эч кандай кымбат баалуу "Джипти" жакында сатып алган жокпуз. 2013-жылы БМБ автоунаасын 10 миң долларга сатып алганбыз. Азыр ошону менен жүрөбүз. Андан башка мени кызматтык машине ташыйт. Ал эми үйдү биз быйыл эмес, 2008-жылы сала баштаганбыз. Анткени ата-энебиз айылга көчүп кеткен соң, менин жубайым үйдө эң кичүүсү болгондуктан биз дагы аларга жакын жашайлы дегенбиз. Ошондуктан шаардагы батирибизди 90 миң долларга сатып, курулушту баштаганбыз. Анан ал дагы жетпей шаардын башка жагындагы эки бөлмөлүү батирди дагы 45 миң долларга саттык. Анан бул каражат дагы үйдүн курулушун бүтүрүүгө жетпей калып, биз айылдагы мал сарайды да отуз миң долларга саттык.

Мына ушул мүлктүн бардыгын Алина Шаикова менен жубайы Мүсүралиев мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп табышкан. Анын өзүнүн айтымында да бул үй-бүлөнүн айлык маянадан башка жеке ишкердиги же башка бир киреше булагы жок. Анан кандай жол менен мына ошонун бардыгын кайсыл акчага сатып алганын тилекке каршы чиновник айым түшүндүрүп бере алган жок. Ошол эле кезде Мамлекеттик каттоо кызматынан четтетилген эмгек жамаатынын айрым бир тобу президент Атамбаевге, өкмөт башчысы Оторбаевге жана Жогорку Кеңешке арыз жолдоду. Учурда бул жагдайларды текшерип чыгып, Алина Шаикованын кызматтык ишмердигине баа берүү үчүн парламент депутаттык иликтөө жүргүзүүгө белсенүүдө.

XS
SM
MD
LG