Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 16:00

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, абакта жазасын өтөп чыккан Нариман Түлеевдин жакындарынын мамлекетке алынат делген мүлктөрү али өкмөттүн эсебине өткөрүлбөй жатканы парламентте көтөрүлдү.

Түлеевдин тарапкерлери сот өкүмүндө мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү талабы коюлган эмес деп билдирүүдө. Экс-мэрдин мүлкүнүн айланасында түзүлгөн кырдаалдын төркүнү эмнеде?

Чоң кызматтагы адамдардын сот жоопкерчилигине тартылып, кайра түрдүү шарттар менен эркиндикке чыгышы коррупция менен күрөштүн жемишиби же бийликтин коррупцияга каршы күрөшүп жаткандай түр көрсөтүү аракетиби?

“Азаттык” үналгысынын “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын талкуусуна экс-мэр Нариман Түлеев жана коомдук ишмер Жыпар Жекшеев катышты.

“Азаттык”: Нариман мырза, сиз сот өкүмүндө жакындарыңызга тийиштүү мүлктөрдүн тагдыры чечилбей калган, көрсөтүлгөн эмес, сот өз чечими менен аларды камактан чыгарышы же конфискациялашы керек эле деп жатасыз. Бирок Жогорку Cот мындай дооматтарды четке кагып жатпайбы? Алар мүлктү конфискациялансын деген чечим бар экенин ырастап жатышат?

Нариман Түлеев: Мен да таң калып жатам. Мынакей менде Жогорку Cоттун, шаардык соттун жана райондук соттун чечими турат. Макул, алар “болгон мүлкү конфискация болду” деп айтып жатышат. Анда аны ушул өкүмдүн ичинен таап берсин. “Ооба, Түлеевдин туугандарынын мүлкү конфискация болду” деген сөздү таап берсин. Мен анда эртең эле баарын бошотуп берем. Мен үч өкүмдү көрсөтүп жатам. Биз декабрда Орусиянын юстиция министрилигине, лингвистикалык экспертизага кайрылдык. Бизде андайды жасабайт экен. Ошол жердеги экспертиза “Өкүмдүн текстинде Нариман Түлеевге жана анын жакындарына тийиштүү мүлк туурасында маалымат жок” деп жатат. Бир тууганынын, ата-энесинин мүлкүн алуу керек деген нерсе бир дагы мыйзамда жок.

“Азаттык”: Жыпар мырза, былтыр май айында сот аткаруучулар Түлеевдердин конфискацияланган мүлктөрүн мамлекет эсебине өткөрө баштаганы айтылган. Алардын арасында “Караван” соода борбору баш болгон жыйырмадан ашык кыймылсыз мүлк жана жыйырма чакты автоунаа бар эле. Жакында эле парламентте бийликчил фракциянын депутаты Рыскелди Момбеков бир жылга чукул убакыт өтсө да соттун чечими менен конфискацияланган Түлеевге таандык мүлктөр ушул кезге чейин мамлекеттин карамагына алынбай жатканын айтып чыкты. Эгер иштин жагдайы ошондой болсо сот аткаруучулардын өкүмдү толук кандуу аткаруусуна эмне тоскоол болду?

Жыпар Жекшеев: Бул жерде биз эки тарапты угуп жатабыз. Жогорку Соттун басма сөз катчысы расмий өкүл болуп саналат. Ал конфискация туурасында өкүмдө жазылганын билдирип жатат. Мен азыр карап чыктым. Наримандын өзүнүн көрсөткөн документинде мен андай чечимди көрө албай турам. Бул соттун чийки иштегенинен болду го деп ойлойм. Сот өзү жакшы карап, прокурордун бергенин жазып, көчүрүп койбой, ал эки тарапты тең угушу керек эле. Жогорку Сот баарын карап өкүмдөрдү күчүндө калтырып жатат. Мен Нариманга суроо бергим келет. Мына маалымат каражаттарында көп айтылды. Нариман Түлеев кызмат абалынан кыянаттык кылып, 52 миллион сом зыян келтирди деди эле. Ошонун баарын төлөп берем деп, сен жарымын акчалай, жарымын мүлк менен төлөп бердиңби?

Нариман Түлеев: Мен аны угуп жатам, кээ бири тескерисинче бурмалап жатышат. Нариман мойнуна алып төлөп берди деп жатышат. Жогорку Сот чечим кабыл алды. Ал туурабы же жокпу кийин тарых көрсөтөт. Ага карабастан, мен Кыргызстандын жараны катары ошол чечимди жаманбы-жакшыбы аткардым. Бул моюнга алуу эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG