Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

“Ата Мекен”: УКМК Өмүрбек Текебаевди 11 саат суракка алды


"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин адамдары суракка алган. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясы тараткан билдирүүдө айтылат.

Депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекованын айтымында, сурак таңкы сегизден кечки жетиге чейин түшкү тамактанууга да убакыт берилбестен уланган.

“Ата Мекен” партиясынын билдиришинче, Өмүрбек Текебаевди кармагандан бери 17 сааттан ашык тамактандырышкан эмес. Адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияга ылайык, кармалган адамга тамак бербөө психологиялык басым катары саналып, кыйноого барабар деп айтылат билдирүүдө.

Сурак учурунда Текебаевди аны айыптаган орус жараны Леонид Маевский менен да беттештиришкен. Адвокат Чынара Жакупбекованын айтымында, Леонид Маевский өзүн ээн-эркин алып жүрүп, чөнтөк телефону менен сүйлөшүп, сурак учурунда интернет колдонуп отурган. Ошол эле учурда Текебаевдин жана анын адвокатынын чөнтөк телефондорун алып коюшкан.

“Ата Мекен” партиясы чет өлкөнүн жараны болгон Маевский Кыргызстандын кайтаруудагы атайын кызматынын имаратында кандайча интернетке кошулган смартфон менен жүрүп, Текебаев менен беттешүү маалында аны каалагандай колдонуп жатат деген суроо койгон.

УКМК "Ата Мекен" тараткан билдирүүлөр боюнча комментарий бере элек.

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн.

XS
SM
MD
LG