Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Келдибеков эки айга камалды


Келдибековдун тарапкерлери сот алдында. Бишкек, 22-ноябрь, 2013.
Келдибековдун тарапкерлери сот алдында. Бишкек, 22-ноябрь, 2013.

Бишкектин Октябрь райондук соту 22-ноябрда депутат Акматбек Келдибековду эки айга камоо чечимин чыгарды.

Сот иши жабык өтүп, Келдибековго колдоо көрсөтүп келген он беш чакты депутат да киргизилген жок.

Келдибеков эки айга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00


Келдибековду колдогондордун нааразылыгы

Сот имаратынын алдына депутат Келдибековдун эки жүз чамалуу тарапкерлери түшкө жуук келип, сот чечими чыкканга чейин "Депутатка боштондук!" деп кыйкырып турушту. Митингге келгендердин бири Сүйүнбай Бөрүбаев эч кандай мыйзам бузушпаса да, милиция тарабынан катаал мамиле болгонуна нааразы:

- Мен өзүм Алайдан болом, Бишкекте турам. Митингге абдан чоң тоскоолдуктар болуп атат. Мыйзам бузбай эле плакаттарды эки ирет көтөрүп чыксак, милициялар жулуп алышты. "Кыйкырба, ышкырба" деп басым көрсөтүп жатышат. Милиция кармап кеткен үч балабыздын каякта экенин азыр да билбей турабыз. Үч сааттан бери ошол балдарды бир көрсөтүп койгулачы десек да көрсөтпөй коюшту.

Сот жабык өтүп, ага журналисттер, ал тургай Келдибековдун фракциялаштары да киргизилген жок. “Ата-Журт” фракциясынын депутат Жылдызкан Жолдошева сотто бир нече мыйзам бузуулар болгонун, мунун баары саясий буйрук деген пикирин “Азаттыкка” билдирди.

Акматбек Келдибековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров депутатты кармап, камакка алууда одоно мыйзам бузуулар болгонун кошумчалады:

- Шектүү катары кармалуусу, баш коргоо чарасын өзгөртүп камалышы да мыйзамсыз. Бул саясий буйрук. Анткени парламенттин күн тартибинде “Кумтөр”, “Кыргызгаз” сыяктуу орчундуу маселелер турат. "Келдибековду камап койдук, калганыңар да ооз ачсаңар силер да көрөсүңөр" деген белги. Анткени депутаттардын көбү ишкерлер.

Митингге чогулган элдин алдына чыгып сүйлөгөн активисттердин көбү азыркы бийлик өзүнүн атаандаштарын камоо аркылуу майтарууга өткөнүнө нааразылык билдиришти. Бирок башкы прокурор Аида Салянова Келдибековдун ишинде саясат жок экенин кечээ парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып айткан:

- Прокуратурага кайсы фракция, кайсы депутатка кылмыш иши козголду эч кандай айырмасы жок. Алардын кыймыл аракетине жараша болот. Депутаттардын өздөрүнө, балдарына да кылмыш иши козголуп атат. Бүгүнкү күндө үч депутаттын баласы абакта отурат. КСДП тууралуу айта турган болсок, алардан да губернатор, аким, алардын орун басары болуп иштеп жүргөн адамдарга кылмыш иши козголгон.

Салянова Келдибековду жактап сүйлөгөн депутаттарга кайрылып: “Силер бир депутатка күйсөңөр, мен паракорлордун айынан жабыр тарткан элге күйүп атам” дегендей мааниде сүйлөгөн сөзү интернеттеги социалдык тармактарда көпчүлүктүн колдоосуна алынган.


"Жалаа жапкандардын баарын чөгөлөтөм"


Соттун Келдибековду эки айга камоо чечиминен кийин анын жубайы Аида Токтоматова журналисттерге кыскача кайрылып, анын жолдошу ак экенин айтып, күйөөсүнө жалаа жапкандарды чөгөлөтөөрүн айтты:

- Андай байлыкты биз иштеп тапканбыз. Байлыгыбызды тизмелеп беришиптир, анын жарымынан көбү жалган. Мен баарыңарга соттон көрсөтөм, менин күйөөмө жалаа жапкандардын баарын чөгөлөтөм.

Келдибековдун жубайы: Жалаа жапкандарды чөгөлөтөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

Келдибековдун камалышы боюнча коомчулукта, интернет колдонуучулар арасында да эки күндөн бери кызуу талкуу жүрүүдө. Айрымдар муну оппозиционерге кысым катары сыпатташса, көпчүлүгү Келдибековдун байлыгынын тизмесин көрүп, өмүр бою мамлекеттик кызматта жүргөн адам ушунча байлыкты кайдан топтоду деп айраң калышууда.

Эми Келдибековдун баш коргоо чарасы боюнча сот келерки жылдын 19-январында өтмөй болду. Бул убакытка чейин Келдибековдун кичи мекени Алайда, Ошто жана Бишкекте анын боштондугун талап кылган нааразылык акциялары улаанары анык болуп калды. Келдибеков сотко чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.

Акматбек Келдибеков эки күн мурда УКМКнын убактылуу абагына камалган. Ага Башкы прокуратура Социалдык фондду, Салык кызматын жетектеген учурда жана Жогорку Кеңеште төрага болуп турганда коррупциялык иштерге барган, кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагууда.


Сүрөт баян: Келдибековдун тарапкерлери сот алдында

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG