Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Өзбекстанда пенсионерлер митингге чыгышты


Өзбекстандык аксакалдар. Иллюстративдик сүрөт.
Өзбекстандык аксакалдар. Иллюстративдик сүрөт.

Интернетте Өзбекстандагы пенсионерлердин митингин чагылдырган видео тарады. Анда ондогон киши Сурхандарыя жана Денов райондук администрацияларынын имаратынын алдында пенсияларын пластик карталарга которбой, накталай түрдө берүүнү талап кылышууда.

Улгайган кишилер картадагы акчаларын накталай которуп алууда 30 пайызга жакын комиссия каражаты кармалып жатканын билдиришет.

Тасманы Фейсбукка жайгаштырган “Президент Ш.М. Мирзиёевдин тарапташтары жана колдоо командасы” тобунун түзүүчүсү Бахтияр Хасан баракчасына акимдер пенсионерлер менен жолугушуудан качып жатканын, себеби алар эски ыкма менен иштешерин жазды.

Бирок Денов районунун акими бул маалыматты четке какты. Ал пенсиялар убагында берилип жатканын, эч ким администрация алдына митингге чыкпаганын билдирүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG