Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Базар-Коргондо жөлөкпул үчүн соттолгон келиндин балдарына кайра жөлөкпул бериле баштады


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Аук айылынын тургуну, үч баланын энеси Зарима Айтмаматовага райондук бийлик түзгөн комиссиянын чечими менен кайрадан жөлөкпул бериле баштады. Райондун социалдык коргоо башкармалыгынын кепилдиктерди чектөө бөлүмүнүн башчысы Зымырат Айтиева “Азаттык” радиосуна билдиргендей, комиссия жеринде текшерүү жүргүзүп, аталган үй-бүлөнү жакырлардын катарына кошуу менен жөлөкпул чегерүүнү тапшырган. Зарима Айтмаматованын үч баласына август айынан бери жөлөкпул берилүүдө. Прокуратура келиндин соттолгондугун жоюу чараларын да көрүп жатат.

Райондук сот 2015-жылдын апрелинде Айтмаматовага жөлөкпул берүүнү токтотуу чечимин чыгарган. Өзүн бир жылга шарттуу кесип, айыппул төлөөгө да милдеттендирген. Райондук сот ишти Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин райондук бөлүмүнүн арызынын негизинде жана прокуратура козгогон кылмыш ишке ылайык караган. Буга келин менен Социалдык коргоо башкармалыгынын адисинин өз ара чатагы себеп болгону айтылган.

Айтмаматова “Азаттыкка” жардам сурап кайрылып, анын жагдайы чагылдырылган болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG