Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Философ жана кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору Жылдыз Урманбетова батыштык демократия менен кыргыздардын көчмөн кулк-мүнөзү шайкеш келбей жатат деп эсептейт.

“Азаттык”: Сиздин “Кыргызстандагы демократия кыргыз маданиятына “чалынды” аттуу макалаңыздын айрым өңүттөрүн чечмелейли деп турабыз. Сиздин оюңузча, чынында эле кыргыздар батыштык интерпретациядагы демократиялык өзгөрүүлөргө даяр болбой чыктыбы? Анда кыргыздардын көп жылдык көчмөн демократиясы кайда?

Жылдыз Урманбетова: Биз демократияга тумалак даяр эмеспиз деп айткандан алысмын, болгону батыштык үлгүдөгү демократияны Кыргызстанга кыртыш алдыруунун кажети жок деп айткым келет.

Көз карандысыз болгондон кийин биз башка өлкөлөрдүн кылымдарга созулган өнүгүүсүнүн натыйжасында жетилген батыштык либералдык демократияны курабыз деп жарыялаган элек. Бирок ал көп параметрлер боюнча бизге жарабайт, эң негизги тоскоолдук – бул биздин биздин кулк-мүнөздүн жана маданияттын өзгөчөлүгү. Маданиятыбыздын өзгөчөлүктөрүн билүү аркылуу кандай мамлекетти курушубуз керек деген суроого жооп алмакпыз.





Либералдык демократияга негизделген светтик мамлекеттин сырткы параметрлери бизде сакталган, мисалы, көп партиялуу система. Бирок демократиянын эң негизги критерийи - адамдын ой-жүгүртүүсү. Коомубузда карапайым жарандар да, бийлик бутагында отурган инсандар да өз иш-аракеттеринде жана чечим кабыл алууларында мамлекетти куруунун демократиялык принциптерин колдонот деп айта албайм.

Менин оюмча, биздин өлкөдө жакынкы арада либералдык демократия курам деген курулай эле аракет. Кыргыздарда “меритократтык демократия” болгон, анын негизин өз ара макулдашуу маданияты түзгөн, бул маданият азыр жокко чыгып жатат. Батыштык менталитет менен көчмөн адамдын менталитети бири-бирине карама-каршы келет, биз азыр жасалма жол менен бизге таандык болбогон түшүнүктөргө өзүбүздү түртүп жатабыз.

“Азаттык”: Сиз айтып жаткан либералдык эмес демократияны колдонуп, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн мисалы барбы?


Кыргыздар көчмөн калктардын тукуму катары чынында эле аларды бекем кармай турган диктаторго чыдай албайт. Биздин коомдун ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн биздин тиричиликтин архитиптик өбөлгөлөрүн эске алышыбыз зарыл.

Жылдыз Урманбетова: Бул теориялык гана концепт деп айтсам болот, аны окумуштуулар, изилдөөчүлөр Орусияга окшогон өлкөлөргө карата колдонушат. “Гибриддик режим” деген түшүнүк бар. Орусияда патроналдык система орун алган жана демократиянын дагы негизги параметрлери сакталган, ошондуктан бул режимди либералдык демократия деп айтууга болбойт. Ушул эле түшүнүк мурунку советтик өлкөлөрдүн көпчүлүгүнө таандык. Алардын катарына Кыргызстан дагы кирет.

“Азаттык”: Коомдо азыр демократияга нааразы болгондор көбөйүп, кээ бирлери мамлекетти кыйроодон сактап калуу үчүн авторитардык бийликти орнотуу зарыл деп жатышат. Ошол эле учурда акыркы жылдардын тарыхы көрсөткөндөй, биз авторитардык диктатурага чыдабай, көтөрүлүш аркылуу кууп жатабыз. Биз үчүн максималдуу түрдө ыңгайлуу жана аткарууга мүмкүн болгон бир башкаруу формасы барбы?

Жылдыз Урманбетова: Изилдөөчү катары айтарым, теориялык жактан Кыргызстан дагы гибриддик режимдин критерийлерине кирет. Себеби, бизде түзмө-түз орундалган патроналдык система бар. Бирок башка жагынан карасак, кыргыздар көчмөн калктардын тукуму катары чынында эле аларды бекем кармай турган диктаторго чыдай албайт. Биздин коомдун ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн биздин тиричиликтин архитиптик өбөлгөлөрүн эске алышыбыз зарыл. Бул көчмөн тиричиликтин негизги принциптери, бирок биз аларды эскирип калды деп четке какпашыбыз керек. Архитиптик өбөлгөлөргө жаңы мазмун берүү аркылуу негизги көчмөн принциптерин заманбап коомго туура колдонуп, демократияга ылайыкташтыруу зарыл.

Демократия жаман деп айтканым жок. Черчилль айткандай, демократия – бул башкаруунун идеалдуу формасы эмес, бирок андан артыгын адам баласы ойлоп таба элек. Жашоонун, тиричиликтин батыштык принциптерин механикалык түрдө сокур көчүрмөлөп, кайталоо азыркы кесепеттерге алып келди.

Биздин ата-бабалардын архитиптик өзгөчөлүктөрүнө кеңири жана байкамчыл ой жүгүртүү, табиятты аяр кабылдоо, азыркы тил менен айтканда, экологиялуулук кирет. Ошондой эле кыргызга контекстуализм таандык, бул эгоизмдин түзмө-түз карама-каршылыгы, эгоизм болсо батыштык ой-жүгүртүүнүн негизги параметри болуп эсептелет. Булардын баары аң-сезимибиздин тереңинде сакталган. Биз ага туура түрткү бере алсак, заманбап тиричилик менен шайкеш келтире колдонуп, гармонияны жаратуу колубуздан келмек. Ал үчүн эң биринчи басым маданиятка жасалашы керек – ой-жүгүртүү маданияты, түшүнүү маданияты, баарлашуу маданияты.

“Азаттык”: Сиз “эмоционалдык демократиядагы революциялашкан өлкөдө” жашайбыз жана буга себеп – эл аралык уюмдардын донордук колдоосуна үмүт артуунун айынан стратегиянын жана өнүгүүнүн акыл-ойдон иштелип чыккан программасынын жоктугуна алып келди деп жазыптырсыз. Чынында эле бизди кедейликтен арылтуу максатын көздөгөн бейөкмөт уюмдар ушундай терс таасирин тийгизип жатабы?


Экономикалык жана социалдык проблемалардын түбү барып биздин ой жүгүртүүбүзгө жана маданиятыбызга барып такалат. Эгер баарын ыгы менен пайдаланганды өздөштүрсөк анда алга озобуз.

Жылдыз Урманбетова: Бизге гранттык жардам берген батыштык донорлор ушул жол менен демократтык өзгөрүүлөр жасалат деген көндүм ойго туткундалышат. Алар батыш адамдары катары бизде да иштейт деген ой менен бизге колдонуп жатышпайбы. Бирок биз такыр башка адамдар болгондуктан, бул жардамды туура эмес урунуп жатабыз. Биз демократияны жарыялаган кезде башыбыз айлан-көчөк болуп, туура жолду тандабай калганбыз. Биз эмгиче эле эмоциядан чыга албай жатканыбызды “революциялар” күбөлөп жатат. Ааламдашуу доорунда мамлекет өмүр сүрүүнүн так стратегиясына ээ болушу керек эле. Албетте бийлик деңгээлинде программалар бар дечи, алардын көбү иштебейт. Дал ошондуктан биз ар жерде тыгылып турабыз. Дал ошондон улам биздин экономикалык жана социалдык проблемалардын түбү барып биздин ой жүгүртүүбүзгө жана маданиятыбызга барып такалат. Эгер баарын ыгы менен пайдаланганды өздөштүрсөк анда алга озобуз.

“Азаттык”: Кыргыз коомунда дагы эле трайбализм, регионализм, тууганчылык жана ушул сыяктуу көчмөн маданияттын белгилери абдан күчтүү экени маалым. Сиздин оюңузча, биздин менталитет менен демократиялык дөөлөттөрдү кантип айкаштырса болот?

Жылдыз Урманбетова: Туура айтасыз, трайбализмдин негизинен келип чыккан регионализм жана башка көрүнүштөр – көчмөн адамдын негизги касиети болчу жана ошол убакта көчмөндөр үчүн оң жагы бар эле. Анткени ал кезде ата-бабаларыбыз эгоист болбой, концептуалист болушчу. Тукумду улантууга жана экономикалык туруктуулукту сактоого бул абдан зарыл болгон. Биз Совет доорунда экенде бул түшүнүктөр артка сүрүлгөн, не дегенде ал убактагы идеология советтик жаранды жаратууга багытталган. Биз көз карандысыздыкка жетишкенде саясий маданиятыбыз суверендик демократиялык иш-аракетке даяр эмес болуп калып, терс түрүндө көрүнбөдүбү. Трайбалисттик эмес мамилени сиңирген жарабайт, анткени биз анда кыргыз болбой калабыз. Бул жерде идеологиялык багытты тутунган татаал система жаралышы зарыл.

“Азаттык”: Биздин азыркы саясий элитанын деңгээли тууралуу ойлоруңуз да кызык экен. Сизге таянсак, “элита” өкүлдөрүнүн көбүнүн деңгээли өтө эле төмөн жана Кыргызстанда жоопкер саясий элита тамыр алды деп айтуу азыр эрте. Бизде маданий жана билим деңгээли жогору “жаңы” саясий элитанын мууну калыптанышы үчүн канча убакыт керек?

Биздин маданият алга жылышыбызга түрткү боло алат. Биз байыртадан маданияты калыптанган элбиз жана топугураак болушубуз керек. Жаш муундарга байыркы тарыхый маданиятыбызды сиңиришибиз керек, анткени азыр жаштардын көбү батышты карап турат.

Жылдыз Урманбетова: Менин байкашымча, саясий элита Жогорку Кеңешке шайлоо болгон сайын өзгөрүп баратат. Бир четинен бардык бийлик тармактарында жыйырма жылдан бери баягы эле адамдар иштеп келишет. Азыр жашы 40-45тер чамасындагы жаңы муун жетилип калды, алар Советтик доор деген эмне экенин билет жана азыркы заманбап процесстерди дагы түшүнө алышат. Бирок алар бийликке толук келе элек. Бул процесс жаңыдан гана башталып жатат жана алар үчүн ыңгайлуу шарттар болушу кажет. Анткени орто муундагы адамдар эки доордун тең өзгөчөлүктөрүн билишет жана 20 жылдан бери чыга албай келе жаткан кризистен чыгуунун негизги, стратегиялык жолдорун таба алышат.

“Азаттык”: Азыр көчмөн жана светтик маданияттар кагылышып, капсалаңга алып келди деп айтып жатпайсызбы. Калкты жана мамлекетти ушундай транзиттик абалдан чыгаруу жана мындан аркы өнүгүүнүн олуттуу стратегиясын иштеп чыгуу үчүн азыркы өлкө башкаруучулары кандай багытты тутунуш керек?

Жылдыз Урманбетова: Жыйырма жылдан бери биз экономикалык жана саясий маселелерге басым жасайбыз, анткени алар биринчи орунда болуп келген. Бирок бардык көйгөйлөрдүн түпкүрү маданият экени эч кимдин оюна келген эмес. Ошондуктан маданият өзөгүн түзгөн жогорку деңгээлдеги долбоорлордун мезгили келип жетти. Өткөөл убакыт түбөлүк созулушу мүмкүн эмес, биз ушул бойдон эле кембагал өлкөлөр тизмесинде жүрө албайбыз. Биз батыштын маданиятына сереп салып, аларга теңелүүгө аракет жасап, өзүбүздүкүнө салкын мамиле жасайбыз.

Кыргыз маданиятын тек гана экзотика карата көргөнүбүз - бул наадандык. Биздин маданият алга жылышыбызга түрткү боло алат. Биз байыртадан маданияты калыптанган элбиз, топугураак болушубуз керек. Жаш муундарга байыркы тарыхый маданиятыбызды сиңиришибиз керек, анткени азыр жаштардын көбү батышты карап турат. Алар өнүгүүнүн баары ошол жакта деп өз маданиятын унутуп баратышат, керек болсо уялышат. Биз маданий саясатты турукташтырып алсак, өзүбүздү эл катары сезип, башка күчтүү өлкөлөр менен теңата сүйлөшө алабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG