Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:02

Жарандык кыймыл шайлоого катышкан саясий партияларды депутаттык артыкчылык менен кол тийбестик макамдан баш тартууга чакырды.

Анда саясий партияларга коомдук келишим сунушталып, шайлоодон утуп келгенден кийин депутаттык кол тийбестикти жана аларга мамлекет караган артыкчылыктарды жокко чыгаруу талабы коюлган. Парламенттик шайлоонун алдындагы мындай чакырыкты айрым саясий партиялар кабыл алды. Бирок кээ бир партиялардын лидерлери аны популисттик демилге катары мүнөздөшүүдө.

Жарандык кыймылдын талабы

“Депутаттык артыкчылыктарды жокко чыгаруу” жарандык кыймылы шайлоого бараткан саясий партияларга коомдук келишимди сунуш кылууда. Анда шайлоодон утуп чыккан партиялар парламентке келген соң депутаттык артыкчылыктардан баш тартышарын шайлоочулар алдында убада кылуу талабы коюлган. Ага кошуп депутаттардан кол тийбестик макамын алып салуу жагы да сунушталган. Кош талаптын чыгышына парламентти кармоого ири чыгымдар жумшалып жатканы, кол тийбестик макамына жамынып депутаттардын жоопкерчиликтен качуу аракети, кол тийбестикти калканч катары пайдалана баштагандары негиз болууда.

Азамат Тынаев

Азамат Тынаев

Жарандык кыймыл лидерлеринин бири Азамат Тынаев жаңы демилгенин шарттарын мындайча түшүндурдү:

- Шайлоого бараткан партиялар биздин сунуштарга макул болсо, анда мына ушул коомдук келишимге кол коюшат. Анан шайлоодон утуп, парламентке келишсе, отуз күн аралыгында бул маселени палатага алып чыгууга шайлоочулардын алдында милдеттенме алышат. Коомдук келишим, албетте, чоң юридикалык күчкө ээ дей албайбыз. Бул биринчи кезекте чоң моарлдык жоопкерчилик. Элдин кызыкчылыгын коргойм деп барган адам эч нерседен коркпошу керек. Анан эми депутатка ашыкча жардамчылар, кызматтык унаа, айдоочу сыяктуу артыкчылык анын жеке кызыкчылыгына пайдаланылып жатпайбы. Биз депутаттык кызмат май көл – сүт көл орун болбошу керек деп жатабыз.

Шайлоонун алдындагы убадалар

Буга чейин аталган жарандык кыймыл бул маселени референдумга алып чыгуу демилгесин көтөргөн болчу. Эми алар муну ишке ашырууну парламентке келе турган саясий партиялардын өздөрүнө тапшырып, коомдук келишим менен милдеттендирмей болду. Бул чакырыкты алгачкылардан болуп “Республика – Ата-Журт” партиясы кабыл алды. Аталган партиядан депутаттыкка талапкерлердин бири Нурлан Шакиев бул тууралуу мындай деди:

- Жылына 850 миллион сом депутаттык корпусту кармоого кетет экен. Бул өтө эле чоң чыгым. Ошондуктан биздин партиядан депутаттыкка бараткан талапкерлер менен кеңешип туруп, ушундай чечимге келдик. Парламентке келгенде бул маселени палатанын кароосуна алып чыгабыз. Жардамчыларды кыскартабыз, кызматтык унаадан, депутаттык стипендиядан жана кызматтык батирден баш тартабыз. Ошондой эле ички каттамдарда учакта бекер учууну жокко чыгарабыз. Мына ушуга окшогон депутаттык артыкчылыктардан жана кол тийбестик макамынан баш тартабыз деп келишимге кол койдук.

Айрым саясий күчтөр депутаттык артыкчылыктар менен депутаттык кол тийбестиктен баш тартуу маселесин өзүнчө мыйзам менен эмес, Конституцияга өзгөртүү киргизүү аркылуу бекемдейбиз дегенге чейин убада беришүүдө. Мындай убадалар 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында дагы берилген болчу. Бирок кийин ал убадалар аткарылган эмес.

Популизм...?

Ошол эле кезде “Азаттык” партиясынын төрагасы Исмаил Исаков бул демилгени популисттик идея катары четке какты:

Исмаил Исаков

Исмаил Исаков

- Бул эми курулай эле популисттик идея. Элдин кызыкчылыгын коргоп, мамлекеттик иштер менен жүргөндө депутат автоунаадан баш тартса, баары бир анын транспорт чыгымын төлөп берүүгө туура келет. Батирден баш тартты дегени менен алыстан келген депутатка мамлекет батир акысын төлөп бериши керек. Дүйнө жүзүндө ушундай. Ошонун бардыгын эсептегенде чыгымдар кайра көп болуп кетип жатпайбы. Анан депутат элдин маселесин чечип жатканда бийликке катуу айтышы мүмкүн. Бул үчүн ал кийин куугунтукка кабылбашы керек. Депутаттык кол тийбестик мына ошол үчүн зарыл.

Ошол эле кезде айрым партиялар мамлекеттик каражатты үнөмдөө үчүн бир эле парламенттин эмес, өкмөттүн, министрликтердин жана президенттик аппараттын чыгымдарын дагы кайрадан карап чыгууну сунушташууда. Анткен менен жарандык кыймыл бул иш-чараны парламенттен баштап, депутаттык артыкчылыктарды алып салуу аркылуу мыйзам чыгаруу бийлигинин башка бийлик бутактарына үлгү көрсөтүшүн талап кылууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG