Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Жогорку Кеңеште депутаттардын “менин ордума башкалар добуш берип койду” деген негизде өз добуштарын кайра чакыртып алуу, же техникалык добуш эсептөөдөн шек санаган учурлары арбын кездешүүдө.

Маселен, Акматбек Келдибеков боюнча берилген добушун депутат Данияр Тербишалиев танып чыкты. Ага чейин он чакты депутат акыйкатчы боюнча алардын ордуна башкалар добуш берип койгонун айтышкан болчу. Бул фактылар Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар менен токтомдордун легитимдүүлүгүнөн шек санатууда.

Кнопка издеген депутаттар барбы?

25-июнда Жогорку Кеңеш камактагы депутат Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн Жогорку Сотко өтүнүч кат жолдоо боюнча токтом кабыл алган. Эртеси Социал-демократтар фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев ал токтомго добуш бербегенин, анын ордуна кнопканы башка депутат басып койгонун айтып чыкты.

- Жогорку Кеңеш кечээ Келдибеков боюнча токтом кабыл алды. Мен ошол жөнүндө айтайын деп жатам. Мен кечээ кетип калган элем, ордума кнопканы бирөө “макул” деп, басып коюптур. Мен бул токтомго каршымын.

Бир депутаттын ордуна башка бирөө добуш берип койгон, же добуш берүүгө катышпаса да анын ордуна добуш берди деп, басылып калган окуя биринчи гана жолу болуп жаткан жок.

Акыйкатчыдан чыккан чыр

Мындан эки жума мурда онго жакын депутат акыйкатчынын ишин канааттандырарлык эмес деп табуу боюнча токтом долбооруна добуш бербесе да, “макул” деп добуш берилип калганын айтып чыгышкан. Алардын бири - “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов:

- Добуш берүү учурунда мен өзүм жыйындар залында болчумун. Менин ордума эч ким добуш берген жок. Бирок мени “макул” деп добуш берди деген жыйынтык чыгып калды.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин ишин канааттандырарлык эмес деп табуу боюнча токтом долбооруна добуш бербеген, бирок кнопкам басылып калды деген бир канча депутат кайра добуш берүүнү уюштурууну суранып, Жогорку Кеңештин Этика жана регламент комитетине кайрылган. Комитеттин төрайымы Айнуру Алтыбаева буларды билдирди.

- Биз депутаттардын кайрылуусун карап, добуштарын эске алдык. Добуш берүүдө 58 добуш “макул” деп берилген. Менин ордума башкалар басып коюптур деп, алты адам кайрылган. Алты добушту эске алып, токтомго 52 добуш “макул” деп жаздык. Негизи менин позициям: биз кандай гана маселе болбосун, кайталап добуш берүүгө такыр барбашыбыз керек.

Шектүү добуштар, шектүү мыйзамдар

Депутаттардын биринин ордуна башкасы добуш берүүсү же добуш бербесе да, добуш берди деп чыгып калуусу башка мыйзамдардын жана токтомдордун да легитимдүүлүгүнөн шек санатууда. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын парламенттеги серепчиси Гүлзада Медералиева:

- Ушул чакырылыштагы депутаттар добуш берүү тажрыйбасын жолго коюу боюнча абдан эле аракет жасады. Бирок бир жолго коё алган жок. Депутаттар өздөрү “мен буга добуш берген жок элем, башка бирөө басып коюптур” деп айтып чыгышууда. Анан албетте ал мыйзамдардын легитимдүүлүгү күмөн жаратат да. Эл арасында да нааразычылыктарды пайда кылат, - деди.

Депутат Дастан Бекешовдун пикиринде, добуш бербесе да депутаттын кнопкасы басылып калуусунда техникалык мүчүлүштүк да себеп болушу мүмкүн.

- Добуш берүү системасын да изилдеш керек. Эгер электрондук жабдууларда мүчүлүштүк болуп, жыйынтыктар туура эмес чыкса, албетте бул жакшы эмес. Анда эл да мыйзамдарды туура эмес эле чыгарып жаткан турбайбы деген суроолор пайда болот. Менимче, бул жерде техникалык фактор аз, ал эми адамдык фактор көбүрөөк болуп жатат деп ойлойм.

Жогорку Кеңештин Этика жана регламент комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаеванын айтымында, регламент боюнча мыйзам долбоорлоруна добуш берүү учурунда депутаттар бири-бирине добуш бере албайт. Жыйында жок депутаттардын компьютерлери өчүрүлөт. Ал эми токтом долбооруна же комиссиялардын ишинин жыйынтыгына депутаттар ишеним кагаз менен бири-бирине добуш берүү укугуна ээ.

Күмөн саноого негиз жокпу?

Жогорку Кеңештин Этика жана регламент комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева мыйзам-токтомдордун легитимдүүлүгүнөн шек санабоого чакырды.

- Ар бир мыйзам, ар бир токтом долбооруна добуш берилип жатканда ал кылдаттык менен каралат. Ар бир депутат ойлонуп добуш бергени үчүн ушундай Этика жана регламент комитетине кайрылуулар болуп, териштирүүлөр жүрүп жатпайбы. Мыйзам-токтомдордун легитимдүүлүгүнөн эч бир шек санабаңыз. Айрым учурда гана ушундай окуялар орун алып калууда.

Бирок депутат Алтыбаева добуш берүү тажрыйбасы калыпка салынбай келе жатканын да моюнга алды. Анын айтымында, күздөн баштап жаңы эреже киргизилмекчи. Башкача айтканда, ар бир депутаттын өзүнө компьютерине кирүү үчүн чип-ачкыч берилет. Бул деген бир депутаттын компьютерин добуш берүүдө башка бирөө баса албайт дегенди түшүндүрөт. Бирок бул тажрыйба өзүн актайбы, суроо азырынча жоопсуз калууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG