Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Фракция лидерлери ЕККУнун күзгү сессиясына катышууда


Жогорку Кеңештеги фракция желектери.
Жогорку Кеңештеги фракция желектери.

Жогорку Кеңештеги КСДП, "Өнүгүү", "Ата Мекен" фракцияларынын лидерлери Иса Өмүркулов, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев ЕККУнун Македониядагы жыйынына катышууда. Отурум 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Скопье шаарында өтөт. Анын жүрүшүндө эл өкүлдөрү Кадыржан Батыровго аянтча түзүп бергени үчүн ЕККУга нааразылык билдире турганын парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өткөн аптада Кадыржан Батыров ЕККУнун Варшавадагы отурумунда сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын айтып, кыргыз бийлигин сындаган. Кыргызстан буга нааразылыгын билдирип, Кадыржан Батыровду ЕККУнун бардык иш-чараларына катышууга укугу жок адамдардын тизмесине кошууну талап кылууда.

Батыров жүздөгөн адамдын өмүрүн алган июнь коогасын уюштурган деп айыпталып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген, алты жылдан бери издөөдө жүрөт. Ага Швеция башкалка берген. (NT)

XS
SM
MD
LG