Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:09

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 57 пайызына чейин жетти.

Тышкы карызды жөнгө салуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун жетекчиси Санжар Бекенов бул коркунучтуу чек экенин айтып, өкмөт насыянын пайдаланылышын көзөмөлдөө жана анын төлөнүшүн камсыздоо боюнча чара көрбөй жатканын сынга алды.

Буга чейин парламент тыштан карыз алууну алтымыш пайыздан ашырбоо боюнча атайын мыйзам кабыл алган болчу.

Өкмөттү тышкы карыз ойлондурабы?

Мекемелер аралык жумушчу топтун маалыматы боюнча учурда Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын көлөмү 3 миллиард 800 миллион долларга чамалап калды. Анын ичинен тышкы карыз 3 миллиард 420 миллион долларга барабар. Тышкы карыздын жарымынан көп бөлүгүн Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору жана Азия өнүктүрүү банкынан алган насыялар түзөт. Ошондой эле Кыргызстан ири өлчөмдө карыз алган өлкөлөрдүн катарына Кытай, Орусия, Жапония жана Түркия кирет.

Тышкы карызды турукташтыруу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун жетекчиси Санжар Бекенов өкмөт бул маселеге өзгөчө көңүл бөлбөй жатканына токтолду:

- Өкмөт тышкы карыздын оор жүгүн кантип чечкени жатат? Кандай жолдору бар деген суроолорго азыр ачык жооп жок. Бизде тышкы карыз ИДПнын 60 пайызынан ашпоого тийиш деген мыйзамдык чектөө бар. Азыр каржы министри Лаврованын айтымында, бул чек 57 пайызга жетип калыптыр. Ошол эле кезде өкмөт муну көйгөй көрбөй эле кайрадан тыштан карыз алууга мажбур болууда. Бирок эмнегедир буга чейин алынган карыз кайсы тармакка кетип, кандайча чыгымдалды деген суроону эч ким койгусу келбейт. Мына ошол алынган насыялардын иштетилишин текшерүү керек. Анын канчасы желип кетти же желген жокпу, ошону көзөмөлдөп алып, анан кошумча насыя алсак жакшы болот эле.

Кыргызстандын каржы министри Ольга Лаврова

Кыргызстандын каржы министри Ольга Лаврова

​Эл аралык тажрыйбада тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн элүү пайызынан ашып кетсе, улуттук экономикадагы коркунучтуу чек катары каралат. Тышкы карызын төлөй албай калган өлкөлөр дефолт деп жарыяланып, аны менен соода-экономикалык алака кылуу тобокелчиликтүү деп табылат. Бул инвесторлордун өлкөгө келишин кыскартышы мүмкүн. Мына ушундай каржылык абалдын алдын алуу үчүн парламент 2011-жылы тыштан карыз алууну чектеген атайын мыйзам кабыл алган. Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров буга он жыл мурунку кырдаал сабак болгонун белгиледи:

- Оор кырдаалды биз 2005-жылы башыбыздан өткөргөнбүз. Ошондо ички дүң өнүм менен тышкы карызыбыздын өлчөмү тең келип калып, биз банкрот өлкөнүн абалында калган элек. Тышкы карызыбызды төлөп, тейлей албай калганбыз. Мына ошондо биз насыяларды жоюу же мөөнөтүн узартуу боюнча Париж клубуна кайрылган элек. Биз эки ирет кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн мөөнөтүн жылдырганбыз. Азыр эми андай мүмкүнчүлүк жок. Себеби азыр Париж клубуна кайрылуу мүмкүнчүлүгү жок.

Тышкы карызды төлөөнүн графиги аныкпы?

Ошол эле кезде Каржы министрлиги тышкы карызды тейлөөдө көйгөй жок экенин билдирип келет. Анткени тышкы карызды график боюнча төлөө республиканын 2017-жылга чейинки бекитилген бюджеттик долбоорлоосунда так көрсөтүлгөнү белгиленди.

Экономикада олуттуу олку-солку болбой, тиешелүү төлөмдөрдүн түшүүсү үзгүлтүккө учурабай турган болсо, анда тышкы карызды төлөө графиги бузулбайт дешти мамлекеттик казыналыктын өкүлдөрү. Каржы министрлигинин маалымат катчысы Назар Ниязов тышкы карызды 2017-жылга чейин төлөөнүн графиги менен тааныштырды:

- Тышкы карыздарды төлөө боюнча абал туруктуу. 2015-жылы тышкы карызды төлөөгө 6 миллиард 901 миллион сом жумшалат. Анын ичинде насыянын пайыздары 2 миллиард 834 миллион сом, негизги сумма 4 миллиард 670 миллион сомду түзөт. 2016-жылы насыянын 4 миллиард 883 миллион сому жана 3 миллиард 900 миллион сом пайыздары төлөнөт. 2017-жылы тышкы карызга 5,5 миллиард сом жана пайыздарына 3,6 миллиард сом туура келет. 2018-жылдын жана андан кийинки жылдардын бюджеттик мерчемдери азырынча аныктала элек.

Кытай насыясынын кыйынчылыгы

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын тышкы карызынын бир миллиард долларга чукулу Кытайга таандык. Анын көпчүлүгү энергетикалык жана жол курулуш долбоорлоруна жумшалган. Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров Кытайдан алынган насыялардын коркунучу туурасында мына буларга токтолду:

Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров

- Биз мурда карыз алган эл аралык каржылык институттар менен сүйлөшүп, аны төлөөнү чойсо болот. Бирок соңку мезгилде насыялардын көпчүлүгү Кытайдан алынып жатпайбы. Биз эл аралык каржы институттарынан кырк жылдык мөөнөткө 0,7-0,8 пайыз менен алсак, Кытайдан алынган насыялар үч пайызга чейин болуп жатат. Бул өтө эле оор. Бирок ошого карабастан биздин өкмөт Кытайдан насыя алганга кызыгып келет. Мен деги эле кошунадан карыз алууга каршымын. Бул биздин улуттук коопсуздукка коркунуч туудурат. Анткени биз насыяларды төлөй албай калсак, биздин урпактар үчүн ал насыянын кесепети “оор мурас” болот.

Анткен менен Кыргызстандын тышкы карызынын негизги бөлүгүн жана алардын көпчүлүк пайыздарын төлөө убактысы 2018-жылдан ары карай башталат. Анда адистердин айтымында, болжол менен тышкы карыздын төлөмү жыл сайын 100 миллион долларга чейин чыгышы мүмкүн. Каржы жаатындагы адистер өкмөттө мына ошол тышкы карызды төлөөнүн кошумча булагын аныктоонун так жол-жобосу иштелип чыга элек деп сынга алышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG