Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:24

Узап бараткан жумада өлкөдө саясий күрөш күч ала баштаганы байкалды. Өткөн жылдагы экономикалык көрсөткүчтөр жарыяланды.

Жазды утурлай жандануу

Быйыл күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо болот. Мына ошол шайлоону жана жаздын келишин утурлай саясий күчтөр активдеше баштады. Саясий активдүүлүк айрым саясатчылардын региондорду кыдыруусу, башкаларынын кескин билдирүүлөрүнөн байкалып, Нарын жана Таласта электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы митингдер менен коштолду.

Польшада туруп китебин жарыялаган Садыр Жапаровдун “компроматтары” парламентте карала турган болду. Башкы прокуратура болсо китептеги маалыматтар иликтөөгө алына баштаганын жарыялаган. Булардын баары китептеги “компроматтар” алдыдагы саясий күрөштө арбын колдонуларын кабарлайт.

“Бир бол” партиясы менен биригүүнү баштаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидерлери региондорду кыдырып чыкты. Партия лидери, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин баш катчысынын орун басары Адахан Мадумаров ал кыдырууну алдыдагы шайлоо менен түз байланыштырды. "Программабыз дал келсе, КСДП менен да биригүүгө даярмын" деген Мадумаров Кыргызстан конституциялык реформага өтө муктаж, анткени азыркы бийлик системасы иштебейт деп белгиледи:

- Ал иштебейт. Себеби иштетүүгө өтө эрте. 120 киши жоопкерчиликти алалбайт. Көпчүлүк жоопкер болгон жерде жеке кишинин жоопкерсиздиги күчөйт. Азыр бири-бирине шылтайт. 120 депутаттын кимисинен жооп алабыз? Ошондуктан Кыргызстанда күчтүү президенттик бийлик керек. Бүткүл эл тарабынан шайланган президент аткаруу бийлигинин башында болушу керек. Өкмөт деген түшүнүктү жоюшубуз керек. Эл тарабынан шайланып, бардык жоопкерчиликти алыш керек.

Мадумаров: Конституцияны өзгөртсө президентти колдойм

​Адахан Мадумаров конституциялык реформа боюнча анын ойлору президент Алмазбек Атамбаевдин пикири менен жакын экенин кошумчалады. Белгилүү болгондой, президент тарап сот реформасын ишке ашыруу үчүн конституциялык реформа керектигин билдирип келатат. Бирок президент Атамбаев парламенттик башкарууну күчөтүүнү жактаганы маалым. Бул президенттин андан ары саясатта калышы үчүн пайдалуу. Анткени Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин өкмөт башчы катары кайра келишине мүмкүнчүлүк бар. Ал эми таза парламенттик башкарууда өкмөт башчы негизги ролду ойноору белгилүү.

Саясий айдыңда Садыр Жапаровдун китебинен кийин Мелис Мырзакматовдун кайрылуусу пайда болду. Мырзакматов дагы козголгон кылмыш ишке байланыштуу Жапаров сыяктуу чет жакта качып кеткен.

Мелис Мырзакматов ага козголгон кылмыш ишти таза саясат деп, анын максаты “Улуттар биримдиги” партиясын шайлоого жолотпоо деп атады. Белгилүү болгондой, прокуратура Мелис Мырзакматовго Оштогу эстакада көпүрөсүнүн курулушу боюнча кылмыш ишин ачкан. Мырзакматов ал кылмыш ишти саясий куугунтук деп атады:

- Сталиндик репрессияны эске салган саясий мүнөздөгү мындай айыпты мен кескин түрдө четке кагам. Бул өткөн кылымдын отузунчу жылдары бейкүнөө атууга кеткен Касым Тыныстанов, Жусуп Абдырахманов, Төрөкул Айтматов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу кыргыздын миңдеген азаматтарына тагылган борбордук бийликке кутумдук кылган, улутчул мамлекет курууга умтулган, контрреволюционер деген саясий айыпты эске салат. Мен бул кылмыш ишти бийликтин мага ачыктан-ачык жасаган саясий куугунтугу деп эсептейм.

Мелис Мырзакматов кылмыш ишти Батукаевдин чыгарылышы, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге жакын фирманын 74 тендерди утуп алышы, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча дирекциясында жоголгон 2 млрд. сом, Кумтөр ишканасы, банк уячаларын тоноо сыяктуу башка да чуулгандуу иштер боюнча козгоону талап кылды.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Мелис Мырзакматовдун билдирүүсү кылмыш иштин козголушуна байланыштуу чыкты, ага чейин биз менен кызматташууну көздөп жүргөн деп билдирди:

- Мырзакматов буга чейин “Улуттар биримдиги” партиясынын саясий кеңешиндегилерди жөнөтүп, КСДП партиясы менен пикири бир экенин билдирип, чогуу иштешүүнү сунуштаган. Бийлик менен иштешем, багытыбыз бир деп жүргөн. Анан кылмыш иши козголгондон кийин эле пикири өзгөрүп кетти. Эми бул мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Ким эле өз күнөөсүн моюнуна алгысы келсин?

Саясий күрөш күчөөр алдында Нарын жана Таласта электр энергиясынын кымбаттоосуна каршы митингдин чыгышы бийликти чочулатса, оппозицияны оюндагы иш болуп чыкты. Бирок ыңкылаптан ичи чыкпаган Кыргызстан калкы акцияларга ашыкпай турганы байкалат.

Европа парламенти эскертти

Кыргызстан бюджети чоң тартыштык менен кабыл алынып келет. Аны жабуу үчүн чет жактардан грант жана жардамдар алынат. Алардын ичинен олуттуу бөлүгү Европа Биримдигинен келет.

Кошмо Штаттар жана Европа Биримдиги буга чейин Кыргызстандын Орусияга ыктаган ар кандай кадамдарына карата реакциясын билдирбөөгө аракет жасап келген. Кыязы, андай мезгил бүттү окшойт.

Европа парламенти Орусиянын артынан Кыргызстанда кабыл алынып жаткан “гей-пропаганда” боюнча мыйзам долбооруна каршылык билдирип, Кыргызстан менен кызматташуу жагын караштырууну Европа Биримдигинин жетекчилигине сунуштады. Бул иш татаал жагына кетсе биримдик 2014-жылдан 2020-жылга чейин берүүгө убада кылган 184 млн. евро боюнча маселе чыгышы мүмкүн. Евробиримдик Кыргызстанда шайлоо өткөрүүгө да 10 млн. евро убада кылган. Жардам бөлүү тескери чечилсе, ал каржы жагынан каржалып турган кыргыз бийлиги үчүн оор сокку болуп калат.

Кыргыз өкмөтү адам укуктарына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунда да 19-январда улуттук баяндама менен чыгат.

Ортозаар экономика

Жогоруда айтылгандай, Кыргызстан АКШ жана Европа Биримдигинин, ошондой эле алар көзөмөлдөп турган эл аралык финансылык институттардын жардамына муктаж. Бул республиканын финасы-экономикалык абалынын оор бойдон калышына байланыштуу.

Өкмөт быйылкы жылы экономика 6.2% өсөт деп болжоодо. 2013-жылы да 2014-жылдагы өсүш 6-7% тегерегинде болот деп белгиленген. Бирок Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясы 3.6% өскөн.

Экономика министринин орун басары Данил Ибраев экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн инвестициялык климатты жакшыртуу багытында аракеттер жасаларын билдирди. Бийлик Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна үмүт артып жатканы маалым. Фонд тарабынан насыя бөлүүнүн жол-жоболору тууралуу Ибраев буларды маалымдады:

- Чоң, ири улуттук долбоорлорго фонд өзү каражат бөлөт. Майда жана орто компанияларга насыялар коммерциялык банктар аркылуу берилет. Курулуш боюнча иппотекалык компания түзүлүп жатат. Бул компанияга акча бөлүнөт. Ошондой эле айыл чарбасына, өнөр жайына түз максаттуу насыялар коммерциялык банктар аркылуу берилет.

Данил Ибраевдин айтымында, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши менен импорттук төлөмдөр көбөйөт. Бул да жергиликтүү өндүрүшчүлөр үчүн жакшы жагдай түзөт.

Импорттук төлөмдөрдүн көбөйүшү Кыргызстандын тышкы соодасындагы тескери сальдону кыскартууга да көмөк көрсөтөрүн Ибраев кошумчалады. Белгилүү болгондой өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча республиканын тышкы соодасында төрт эсеге жакын тескери сальдо болгон. Маселен, 11 айда республика 5 млрд. 69 млн. долларга товар алып келсе, 1 млрд. 461 млн. долларга сыртка чыгарган.

Тышкы соодадагы мына ушундай чоң ажырым улуттук валюта сомго өтө күчтүү басым жасап жатканын эксперттер белгилешүүдө. Улуттук банк өткөн жылдан бери сомдун курсун кармоо үчүн олуттуу өлчөмдө интервенция жасап, резервин кыскартууга барууда. Азыркы мезгилге карай Улуттук банктын резерви 1 млрд. 900 млн. доллар экени расмий кабарланган. Январь айынын биринчи жарымында эле Улуттук банк 50 млн. долларга жакын интервенция жасады. Мындай жүрүш менен эч кандай резерв түтпөшү турган иш.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бийлик мамлекеттик чыгашаларды кескин кыскартууга барып, бюджетти республикалык жана жергиликтүү деп экиге бөлүү зарыл деп эсептейт. Ошондой эле өкмөттө кризиске каршы программасы жок деп сынга алды:

- Тилекке каршы, биздин өкмөтүбүздүн кризиске каршы программалары жок. Буга чейин айткан эмес. Бюджетти алып келгенде дагы айта алган жок. Кризиске каршы программаны Орусия иштеп чыкты. Казакстанда президент Назарбаев өзү баш болуп иштеп чыкты. Тилекке каршы бизде андай болгон жок. Жаман болсо да, алсыз болсок да оппозиция биз “Прагматика жана толеранттуулук” деген кризиске каршы программаны иштеп чыгып, коомго сунуштап жатабыз.

Равшан Жээнбеков өкмөттүн быйылкы жылы 6.2% өсүштү камсыз кылуусуна күмөн санап, алдына койгон планды эч аткара электигин эскертти.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG