Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Кыргызстан ЕАЭБ келишимдерин жактырды


ЕАЭБга кирген мамлекеттеринин президенттери
ЕАЭБга кирген мамлекеттеринин президенттери

20-майда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимди ратификациялады.

20-майда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча 2014-жылы майда Астанада, андан кийин декабрда Минскиде кол коюлган келишимдерди жана ага кошумча 8-майда Москвада кол коюлган эки протоколду ратификациялады.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Темир Сариев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү менен капиталдын, товардын, кызмат көрсөтүүнүн жана жарандардын кирип-чыгуусу эркин болорун белгиледи. Ал биримдикке кошулууну республиканын калкы жана бийлиги колдоп чыкканын билдирди:

- Мына, акыркы сурамжылоо көрсөткөндөй, элибиздин 80-90% ушул саясатты толук колдоп жатат. Мындан башка өтө маани берип айтып кете турган сөз - президент, парламент, өкмөт бул маселеде бир муштум болуп туруп берди.

Темир Сариев Евразия экономикалык биримдигине кирүү үчүн үч жылдан бери даярдык иштери жүргүзүлүп келгенин кошумчалады.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кыргыз өкмөтү жетишкен жеңилдиктер катары Темир Сариев Кыргызстан бюджетине жалпы бажы төлөмдөрүнөн 1.9% үлүш алынышын, кээ бир товарлар боюнча беш жылдык жеңилдик сакталышын, 1 млрд. доллар капиталы бар Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун түзүлүшүн, Орусиядан 200 млн. доллар грант алынышын белгиледи. Ошондой эле Казакстандан да 100 млн. доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаттары келишимдерди дээрлик талкуусуз жактырып берди. Фракция лидерлери да сүйлөгөн сөздөрүндө колдоо көрсөттү. Маселен, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков эми маселе Кыргызстандын экономикасы жаңы шартта кандай иштеринде калганын эске салды:

- Бул Бажы биримдигине биз абдан чоң күрөштөр, даярдыктар менен кирип атабыз. Эми маселе мындан кийин биримдикте кандай иштеп кете алабыз, биздин эл, мамлекет кандай пайдалана алат дегенде турат. Бирок колдоп коюш керектигин дагы бир жолу эсиңиздерге салам.

Кыргызстандагы соодагерлер жана эмгек мигранттары келишим күчүнө качан кирет деген суроолорду берип келет. Өкмөт башчы Темир Сариев келишим биримдикке кирген өлкөлөрдүн парламенттери ратификациялагандан кийин күчүнө кирерин белгиледи. Мына ошондон кийин Казакстан менен чек ара ачылат деген Темир Сариев буларга токтолду:

- Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы бажы чек арасы ачылгандан тарта бизде жогорулатылган тарифтер ишке кирет. Ага чейин кирген товарлардын баары Бажы биримдигинде эркин жүрүп калат. Азыр бизде 0.35 цент менен алып киришет, биримдикке киргенден кийин өйдөрөөк болот. Анда орточо 2.4 доллар болот. Ар бир товардын өзүнүн позициясы бар.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, азыркы кезде Орусия, Казакстан жана Беларустун парламенти Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу боюнча келишимдерди күн тартибине киргизип, кароо алдында турат. Ал эми Армения парламентине Жогорку Кеңеш атайын кайрылып, келишимди тезирээк карап берүү өтүнүчүн жөнөтмөк болду.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу мындан үч-төрт жыл мурун козголо баштаганда парламентте жана коомчулукта чочулоо күчтүү болчу. Бирок акыркы мезгилде андайлар чочулоолор азайып, бирок да экономикалык оорчулуктар болору тууралуу эскертүүлөр айтылып жатат. Маселен, 20-майда парламентте Кыргызстандын биримдикке толук кошулуусу менен ун өндүрүшү жана канаттуулар тармагы катуу атаандаштыкка туш болору айтылды.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Жогорку Кеңештин келишимди ылдам ратификациялашын күтүлгөн нерсе катары баалады. Ал эми биримдикке киргенден кийин түзүлө турган кырдаал тууралуу мындай ойлорун билдирди:

- Биздин эмгек мигранттары жакшы укуктарга ээ болот. Андан тышкары товарлар өтө баштайт. Жеңил автоунаалар дагы кире берет экен. Товарлардын ичинен эт жана сүт азыктары үчүн маселе бар экен. Анткени лабораториялар толугу менен жабдылып бүтө элек. Эми ал бир айлык иш. Аны Казакстандан комиссия келип текшерет экен.

Жумакадыр Акенеев реэкспорт үчүн да кайсы бир деңгээлде мүмкүнчүлүк сакталат деп эсептейт. Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн парламенттеринин келишимди ратификациялашы үчүн бир-эки ай керектиги айтылууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG