Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:11

Саясий партиялардын акчалары алардын максаттары канчалык реалдуу экенин көрсөтө баштады. Узап бараткан жумада Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп, кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттери ачылды.

Партиялар акчасы...

20-августка чейин саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлеринин тизмесин берүүгө тийиш. Андан кеч калса, шайлоого катыша албай калат. Ошондуктан келерки жумада шайлоого катышууну олуттуу түрдө чечкен партиялар курултайын белгилеп, айрымдары өткөрө баштады. Бул саясий партиялардын максаты олуттуу экенин курултайлар эле эмес, алардын шайлоо фондуна чегерген акчалары да көрсөтүп турат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, ушул жуманын аягына карай алты партия гана күрөө талап кылган 5 млн. сомдон ашык каражатты атайын фондуга чегерди. Тактап айтканда, “Өнүгүү” өзүнүн шайлоо фондуна 45 млн. сом, “Бир бол” 16 млн. сом, КСДП 8.5 млн. сом, “Республика - Ата журт” 6 млн. сом, “Ата Мекен” 6 млн. сомго жакын жана 5 млн. сомду “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясы которду. Ал эми Исмаил Исаков башында турган “Азаттык” демократиялык партиясы 3.5 млн. сомго жакын акча салды. Бирок бул күрөөнү жапканга жетпейт.

"Ар-намыстын" катары батышчыл саясатчылар менен толукталды

"Ар-намыстын" катары батышчыл саясатчылар менен толукталды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Баатырова партиялар шайлоо фондуна 500 млн. сомго чейин акча топтой аларын маалымдады:

- Шайлоо фондунун жогорку чектик суммасы 500 млн. сом. Андан ашпоосу керек. Төмөнкү чеги белгиленген эмес, ким канча салса сала берет. Ошонун ичинен 5 млн. сомду күрөөгө төгүшү керек.

Гүлнара Баатырова саясий партиялар алдыдагы курултайлар мына ушул шайлоо фондусу аркылуу каржылашы керектигин кошумчалады.

Шайлоо фондулары аркылуу партиялар адатта курултай, үгүт өнөктүгү учурундагы чыгашалар жана үгүт материалдарын чыгарууну каржылайт. Бул иштерге жумшалган каражат партиялар шайлоо учурунда корото турган акчанын аз гана бөлүгү болушу мүмкүн. Анткени көмүскө жол менен партиялар 3-4 млрд. сомго же 50-60 млн. долларга чейин сарптаары айтылып келет. Бул каражаттар көбүнчө жер-жерлерде добуш үчүн трансформатор сатып алууга, жол жана башка дагы социалдык объекттерди курууга, мечиттерге бейрасмий жол менен берилет. Эң көп каражат шайлоо күнүнүн алдында добуштарды сатып алууга камдалары да белгилүү.

Шайлоолорго көп мезгилден бери мониторинг жүргүзүп келген “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Динара Ошурахунова партиялардын көмүскө фонду бар экендигине жана талапкерлердин өз шайлоо участокторунда жеке каражатын жумшоо мүмкүнчүлүгүн четке какпайт. Ошол эле учурда расмий шайлоо фондунун көлөмүнүн көбөйтүлүшү жана республикада бирин-бири аңдышмайдын күчөшү көмүскө фондуларды колдонууну кайсы бир деңгээлде чектейт дейт Ошурахунова:

- Негизи мандатка жетебиз, утабыз дегендер мындай нерселерден алыс болушу керек. Анткени алар үчүн бул жерде абдан чоң тобокелдик бар. Жашыруун фонддорду колдонуп кармалып калса, анын аягы эмне болот? Анын үстүнө бизде азыр органдар бири-бирин аңдып калды. Саясий партиялар, ал эмес шайлоочулар биз дагы бири-бирибизди аңдып атабыз.

Партиялардын жашыруун капчыгын байкап көргөндө КСДП, “Республика-Ата Журт” жана “Бир бол” партияларынын финансылык мүмкүнчүлүгү эбегейсиз экени байкалат.

ЕАЭБге кирдик, чек арада көйгөй жоюла элек...

12-августта кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттери расмий түрдө ачылды. Ага Кыргызстан жана Казакстан президенттери Ысык-Көлдөн телекөпүрө аркылуу катышты. Ал эми расмий ачылыш болгон "Ак-жол" өткөрмө бекетинде Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев жана Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Бакытжан Сагинтаев болду.

Чек арада расмий ачылыш болуп керней-сурнайлар тартылган менен бажы бекетинен өтүүдөгү түмөн түйшүк кала бергенин соодагерлер кабарлашууда. Проблемалар сакталып кала бергенине “Ак-жол” өткөрмө бекетине барган кабарчыбыз күбө болуп келди.

Чек арадан товар алып өтүүгө аракет кылган адамдар кабарчыбызга буларды айтты:

- Бажынын ордуна чек арачылар келди. Өзгөргөн нерсе эле ушул болбосо, баары эле мурдагыдай. Чек арачылар ар бир баштык үчүн 500дөн 2 миң тенгеге чейин акча сурап жатышат. Бул жакта мурда жүздөгөн адамдар иштечү. Азыр чек арадан товар өтпөй жумуш жок. Баары эле кытай товарларын Казакстанга ташып, жан багышчу.

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр

Мына ушундай эле маанидеги сөздөрдү башка соодагерлер дагы айтышууда. Өкмөт башчы Темир Сариев чек арадагы мындай абалды жөнгө салуу үчүн экономика министри Олег Панкратов башында турган жумушчу топту түздү.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүн фермер, дыйкандар жана азык-түлүк өндүрүүчү ишканалар күтүп жатышкан. Бирок алардын да Казакстан жана Орусияга чыйыр салуусу шыр болбочудай. Аны расмий бийлик өкүлдөрү да тастыктоодо. Маселен, айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев эт-сүт азыктарын экспорттоого жол толук ачыла электигин билдирди:

- Бүгүн сүт азыктарын экспорттоого даяр турган 44 ишкана бар. Алардын ичинен жетөөнө гана Казакстандын буфердик зоналарына уруксат берилген. Мына ошолор гана Чымкент, Алматы, Талды-Коргон жана Жамбыл облустарына азыктарын алып чыга алат. Эт маселеси оор. Азырынча бизге ЕАЭБ комиссиясы уруксат берген жок. Биз 2016-жылдын 1-январына чейин бардык талаптарга өзүбүз тарапты шайкеш келтирүүбүз керек.

Эркинбек Чодуев этти экспорттоого тыюу Кыргызстандагы эпизоотиялык абалга байланыштуу экенин кошумчалады. Ал эми жашылча-жемиштерди экспорттоо үчүн шарт түзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карай Бишкек жана Ошто бирден фитосанитардык лабораториялар ишке кирди. Дыйкандар мына ошол жерге 495 сом төлөп, сертификат алса болот.

Ал эми эмгек мигранттарын күтүп жаткан жаңы шарттар тууралуу Экономика министрлиги кабарлаган. Ага ылайык ишке уруксат алуу жоюлуп, жумушка орношууда жеңилдиктер пайда болот. Орусияга барган кыргыз жарандары мурункудай жети күн эмес, 30 күндүн ичинде каттоого турса болот. Ошондой эле социалдык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланышат жана эмгек стажы эсептелип, пенсияга чыгууга болот.

Учу-кыйыры көрүнбөгөн энергетикалык кризис

Кыргызстанда энергетикалык кризис он жылга созулат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Ошол эле учурда энергетикалык кризистен чыгуунун жолу катары Сарпашев "Камбар-Ата-1" жана Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди курууну атады. Бирок бул ГЭСтерди куруу иши толугу менен аксап калды.

Биометрика менен көбүрөөк алектенип калган Тайырбек Сарпашев "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушунун башталышынын учу-кыйыры көрүнбөй жатканын моюнга алды:

- Эми Орусия менен "Камбар-Ата-1" ГЭСин, Жогорку Нарындагы ГЭСтерди куруу боюнча макулдашуу болгон. Ал жараян токтогон жок... Албетте, айрымдарыбыз тез эле курулуп, тез эле бүтүп калса дейбиз. Бирок ошол эле мезгилде суу ресурстарын алганда ал жалаң эле экономикалык эмес, саясий маселеге айланып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн бул маселенин экономикалык жагын гана карашыбыз керек.

Сарпашев быйылкы жылы да Казакстандан электр энергиясын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн четке какпады. Кошуна мамлекеттин электр энергиясын беш-алты сомдон өткөн жылы сатып алганыбыз белгилүү. Бүгүнкү күндө да Токтогул суу сактагычында сууну кышка үнөмдөө үчүн Тажикстандан электр энергиясын сатып алып жатканыбыз маалым.

14-августка карай Токтогулда 12 млрд. 100 млн. кубметрден ашуун суу топтолду. Бул көлөмдөгү суу кышында жетиштүү электр энергиясын иштеп чыгууга жетпесин адистер жана өкмөт мүчөлөрү белгилеп жатышат. Анын үстүнө аба ырайы салкындап, тоолорго кар түшкөнгө байланыштуу Нарын дарыясынын агымы да азая баштаганы байкалат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG