Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Жапаров: Өкмөттү коргой албай жатабыз


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Өкмөттүн ишмердиги, коалициялык көпчүлүктөгү ынтымак, президенттик шайлоого даярдыктар тууралуу парламенттеги "Бир бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровду кепке тарттык.

"Азаттык": Акылбек мырза, эки оппозициялык фракция өкмөттү кызматтан кетирүү тууралуу сөз козгоп жатышат. Алар өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги ишмердигине нааразы. Мына, ЕАЭБ менен соода алакабыз, ал жакка экспортубуз төмөндөп кеткени айтылып жатат. Көрүп турабыз да, товар жүгүртүүнү жогорулата турган логистикалык борборлор, лабораториялар курулушу жана мал-келдин идентификациясы бүтө элек. Демек, оппозициянын дооматы жүйөлүү болуп атат да. Сиз аларга кошуласызбы?

Акылбек Жапаров: Биринчиден, быйыл президенттик шайлоонун алдында турабыз. Оппозициядагы үч фракция лидерлеринин баарынын президенттик дымагы бар. Бул алардын туура эле жүрүштөрү. Парламенттик оппозициянын өз ордун табуу механизми иштей баштады.

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

Ал эми ЕАЭБге кирүүнү алты фракциянын лидерлери туура көрүшкөн. Бүгүн да ошондой ойдо. Тилекке каршы, даярдыгыбыз жакшы болбой калган. Ошонун ичинде, мисалы, ЕАЭБге киргенде чек араларды ачабыз, товарлардын баарын, машинелерди сатабыз деп, 2014-жылы 155 миңден ашык машине алып кириппиз Кыргызстанга. Ар бири 10 миң долларлык болсо деле элдин колундагы 1,5 млрд доллар темирге айланып калды да. Аны кайра сата албай коюшту. Сүйлөшүү процессинде биздикилер мүмкүнчүлүктү ачып, кызыкчылыгыбызды коргой албай калышты. Буга толук кошулам.

Азыркы премьер-министр колунан келгенин жасап атат. Бирок, Армения өкмөтү менен салыштырсак кандай? Алар биримдикке киргенден бери 1,1 млрд долларды Орусиядан алды. Евразиялык антикризистик фондго арыз берип, дагы 1,1 млрд доллар алганы турат. Так аныктап, жалпысынан 2,7 млрдга чейинки каражатты экономикасына, өнүгүүгө салып ийишти. А биз, кыргызстандыктар Орусия берген 500 млн долларга кыргыз-орус фондун түздүк. Ошонун 139 миллионун гана ишке киргизе алдык. Ал эми 200 млн доллардын, биздин чек ара постторуна, сиз айткан лаборатория, логистикалык борборлорго жумшайбыз дегендин болгону 10 миллион долларын араң ишке киргиздик. Биз 126 млн долларды быйыл августка чейин иштетишибиз керек. Эгер бир жылда 10 млн долларды араң иштетип атсак, кийин жогорудагы сумманы иштете аларыбыздан күмөн санап турабыз.

Ал эми казак тарап 100 млн доллар убадалап, бир да тыйын берген жок.

Бир нерсени айтып коеюн. Мына, былтыр мигранттардын салган акчасы 2015-жылга караганда 18% көбөйдү. Демек, биримдиктин эң чоң натыйжасынын бири биздин мигранттарга ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

"Азаттык": Бирок ошол мигранттардын акчасына ишенип, алардын акчасы көбөйгөнүнө сүйүнүп отура бергенибиз уят да. Өкмөт ошол казактар беребиз деген 100 млн долларды жолун таап, аны алып, биз айтып аткан долбоорлорду ишке ашырышы керек эле да?

Акылбек Жапаров: Туура айтасыз. Алардын "жол картасы" бар да. Президенттер кол коюп беришкен. Эми аны аткаруу бийлиги жасашы керек эле. Тилекке каршы, ушул жерде бир топ кемчиликтер кетип атат. Аткаруу бийлигинде жыл сайын же бир жылга жетпей премьерди алмаштыра берип, биздин өкмөттөгү аткаминерлердин көпчүлүгүнүн адистик деңгээли өтө түшүп кетти.

Премьер көп убактысын жоготуп алды окшойт

"Азаттык": Ооба, Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнүн иштегенине он ай болду. Айрым министрлери мурдагы өкмөт курамында да иштеген. Ошентсе да, ошол он айда колго алаарлык, мактаарлык кайсы иштерин айтууга болот?

Акылбек Жапаров: Тилекке каршы, так даана айта турган жакшы жумуштары болбогон үчүн азыркы сын пикирлер чыгып атат. Айрым бир кичинекей иштер, мисалы, Токмоктогу текстиль фабрика ачылды. Тиякта-биякта ачылууда дегени менен жалпы экономикада кескин бурулуштар болбой атат. Мурунку өкмөттүн жакшы жумуштарын алып кетпей, жокко чыгарып, баары менен кайра таанышам деп жатып, Сооронбай Шарипович көп убактысын жоготуп да алды окшойт.

"Азаттык": Президенттик шайлоого бейрасмий старт башталды. Парламенттеги сиздерден башка фракциялар талапкер чыгара турганы айкын болуп калды. “Бир бол” кимди чыгарат? Же башка күчтөргө кошулабы?

Акылбек Жапаров: Бизде тажрыйбасы мол инсандар көп. Апрелдин аягы, майда партиябыздын саясий кеңешинде талдап, өз арабыздан кимди колдойбуз же чыгып аткан талапкерлердин кимисине оойбуз дегенди чечебиз деген ойлорубуз бар.

Коалиция боюнча пикирибизди айтабыз

"Азаттык": "Бир бол" коалициядагы чечүүчү фракция экени талашсыз. Сиздерди жакын арада көпчүлүк коалициядан чыгып кетиши мүмкүн деген да сөздөр чыгып атат. Негизи барбы?

Акылбек Жапаров: Байкасаңыздар, оппозиция бири-бири менен сүйлөшүп алып, ыкчам кыймылдай баштады. А көпчүлүк коалиция чогуу, бир муштумдай болбой атат. Коалиция түзүлүп атканда эле биздин лидер Алтынбек Сулайманов кагаз түрүндө коалициянын кеңешин, иш пландарын түзөлү деп сунуш берген. Анын жообун дале күтүп атабыз. Оппозиция катуу күчтөнүп, өкмөткө бир топ сын пикирлерди айтып, олку-солку кылды. А көпчүлүк коалициянын өзүбүз кураган өкмөттү коргоо, сындоо принциптерин чогулуп алып чечишсек болмок. Менимче, мындай иш жакшы жүрбөй атат. Коалициялык көпчүлүк жакшы иштей албай атат. Дагы эле ушинтип кете берсе мен фракцияга өз талаптарымды коем. Кантип эле унчукпай отура беребиз. Же иштешпесе же биз аларды иштете албасак. Анда мурункудай оппозицияда болуп, оюубузду ачык элге жеткизели дегени турам.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

"Азаттык": Демек, көпчүлүк коалициянын оппозицияга координациялуу, бирдиктүү жооп кайтара турган механизми жок экен да? Мурун да ошондой эле го?

Акылбек Жапаров: Ооба, мурун да жок болчу. Мурунку коалиция урап атканда КСДП лидери бир да лидерди чогулта албай койдум деди эле. Эми азыр чогултушу керек. Муну “Азаттык” аркылуу да айтып коеюн. Азыр деле чогула элекпиз анткени.

"Азаттык": Анда демек, ошондогудай, оңой, дароо урашы да мүмкүнбү?

Акылбек Жапаров: Кайсы убакытта экенин айта албайм. Мына, “бороон” жаңы эле башталды. Бирок, биздин фракцияда биримдик бар. Биз да фракцияда бир күнү бир чечимге келебиз. Сунуштарыбыз ишке ашпай, коалициялык көпчүлүк механизмдери иштебей турган болсо, анда бөлөктөр көпчүлүктү түзүп, алар иштээр.

"Азаттык": А качан карайсыздар бул маселени?

Акылбек Жапаров: Жакынкы бир жумабы же эки жума ичиндеби, карайбыз.

"Азаттык": Маегиңизге чоң рахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG