Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Өкмөттү жарга такаган Кумтөр


Жогорку Кеңеш өкмөткө үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү тууралуу мындан толук бир жыл мурун тапшырма берген.
Жогорку Кеңеш өкмөткө үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү тууралуу мындан толук бир жыл мурун тапшырма берген.

Өкмөт Кумтөр боюнча парламентке ушул жумада отчет берет. Буга чейин "Республика" фракциясы Кумтөр боюнча ушул айда чечим кабыл алынбаса, өкмөттүн отставкасын талап кылышарын жарыя кылган. Бирок келишими али даяр эмес.

Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча Жогорку Кеңеш өкмөткө мындан толук бир жыл мурун тапшырма берген. Ошондон бери Канада тарап менен сүйлөшүүдөн майнап чыга элек.

"Республиканын" өкмөт талабы

Парламенттеги “Республика” фракциясы өткөн жумада ушул айдын соңуна чейин Кумтөр кени боюнча чечим кабыл алынбаса, өкмөттүн отставкасын талап кылышарын билдирген. Аталган фракциянын лидери Максат Сабиров "Азаттыкка" отставка маселеси өкмөттүн жообунан көз каранды болоорун айтты.

- Биз, оппозиция кырдаалды реалдуу караганга аракет кылабыз. Эгер сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калган болсо, парламент берген тапшырмаларды аткарууга дагы убакыт керек дешсе, дагы мөөнөт беребиз. Эгер эч нерсе жасалбаса, маселе ордунан жылбаса, албетте, биз өкмөттүн кетишин талап кылабыз.

"Кумтөр" долбоорунун ишине байланыштуу Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын депутаттар 26-февралда жалпы жыйында укмай болду. Эртең болсо бул маселе парламент комитетинде талкууланат. Мындай чечим жума күнү Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинин отурумунда кабыл алынды.

Өкмөт: сүйлөшүүлөргө убакыт керек

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүн бир жыл ичинде бир канча жолу узарткан. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Канада тарап менен принципиалдуу маселелер боюнча орток пикир табыла электигин мойнуна алган.

“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов бу сапар да парламенттен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн дагы мөөнөт сураларын “Азаттыкка” билдирди.

Токон Мамытов
Токон Мамытов

- Айрым эле маселелер чечилди. Сүйлөшүүлөрдүн аякташына дагы көп бар, мөөнөтү узарат. Негизги сүйлөшүүлөрдү өкмөт жүргүзүп жатпайбы. “Кыргызалтын” өзүбүзгө тиешелүү маселелерди бүттүк. Эми дагы жолугушуу, сүйлөшүү болот. Калган маселелер өкмөткө, башка министрлик мекемелерге тиешелүү. Ал маселелерге өкмөт жооп берет.

Жогорку Кеңеш өкмөткө үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү тууралуу мындан толук бир жыл мурун тапшырма берген. Атайын токтом кабыл алып, анда жасала турган иштер көрсөтүлгөн. Бирок сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай келүүдө.

Келишимден Кыргызстан утпайбы?

Буга чейин канадалык “Центерра голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнөн Кумтөр боюнча козголгон кылмыш ишти токтотууну жана ири өлчөмдөгү экологиялык доодон баш тартууну талап кылып жатканы маалым болгон.

Ал арада Кумтөрдү улутташтыруу боюнча бир канча мыйзам долбоорлору сунушталган. Андай долбоорлордун биринин автору Ишенбай Кадырбековдун баамында, өкмөт Кумтөр боюнча абалды өзү туңгуюкка кептеп алды:

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

- Кыргыз өкмөтү “Центерранын” 50-50 деген сунушуна макул болгон менен анын артында көп маселе турат да. Экологияга жана башкаруу жагына байланышкан маселелерди ким чечет деген жагдай бар. Мисалы, деректирлер кеңеши ар бир үч жыл сайын алмашып турсун дегенге “Центерра” көнбөй жатат. Анткени чоң акчаларды өздөрү башкаргысы келип жатат. Эң негизгиси бул 2009-жылдагы, Кыргызстанга эң зыяндуу болгон келишимди ошол бойдон калтыргыла деген талап коюшууда. Эгер өкмөт бул талапка көнө турган болсо, биз эч пайда таппайбыз.

Талдоочу Турсунбек Күрөңкеев Кумтөр боюнча өз эсептөөлөрүн жүргүзгөн. Анын пикиринде, азыркы келишимдин долбоору Кыргызстанга пайдалуу эмес.

- Биздин эсеп боюнча Канада тарап 2013-жылга чейин 280 тонна алтын казып, ар кандай алдоо жолдор аркылуу болжол менен 2,5 миллиард доллар чыгарып кеткен. Эгер жаңы келишимге макул болсок, анда “Центерра” 5,56 млрд долларды алып кетет. Ошондой эле Кыргызстанга мурун 850 миллион доллар түшсө, азыр 2 миллиард доллардан ашык түшөт деп жатышат. Бирок алтындын баасы мурдагы караганда алда канча өстү да. Мурун 300 доллар болсо азыр 1300 доллар болду. Биз болсо ушундан улам өндүрүлгөн алтындын 51 пайызын, же болбосо ошол сатылган алтындын 51 пайызын алалы деп сунуштаганбыз. Ошондо бул жаатта бардык коррупция жоюлат эле жана иш ачык-айкын болуп калмак. Эгер ушул шартка көнсө, “Центерра” калган салыктарды төлөбөй деле койсо болот.

Президент Алмазбек Атамбаев былтыр Кумтөр боюнча абалды татаал деп сыпаттаган. Сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай жатканы үчүн өкмөттү да, парламентти да күнөөлөгөн. Ошол эле кезде улутташтыруудан башка жол калбай баратканын эскерткен.

XS
SM
MD
LG