Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Активисттер КТРКнын үстүнөн БШКга даттанды


Жарандык активисттер КТРКнын үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышты. Алар Референдум боюнча өткөн телеталкууда бир тараптуу, Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул болгон кишилерди гана чакырганын айтышууда. Даттанган топтун өкүлү Рита Карасартова шайлоо жана референдумга байланыштуу эфирге мыйзамдуу түрдө акча төлөнүшү керектигин, бирок КТРКнын “Ой ордо” берүүсүнүн жооптуулары акысыз эле талкуу уюштуруп жатышканын айтты.

- Мыйзам боюнча кырк мүнөттүк “Ой ордо” ток шоусуна 280 миң сом төлөнүшү керек. Бирок КТРК өкүлү ал акысыз даярдалганын айтты. Шайлоого байланыштуу болгон соң ал эфирге баланча уюмдун эсебинен канча сумма төлөнгөнү жазылып туруш керек. Төлөнбөптүр. Мамлекетке андан канча салык түшмөк.

КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков бул боюнча азыр жумуштук текшерүү болуп жатканын айтып, канал коомдогу маанилүү маселелерди талкууга алып чыкканга акылуу экенин билдирди. Бирок анда үгүтчүлөргө аянт түзүп берүү жагына көңүл буруларын белгиледи.

Активисттер даттанган көрсөтүү 6-декабрда обого берилген. КТРК жетекчилиги бул боюнча текшерүү жүрүп жатканын кошумчалады. (SE)

XS
SM
MD
LG