Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:44

Президенттин демилгеси менен түзүлгөн Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 14-январда өлкөнүн беш жылдык стратегиясын кабыл алды.

Анда беш жыл ичинде 70тей экономикалык долбоорду ишке ашырып, ички дүң өнүмдү эки эсе көтөрүү, айлык-акыны жогорулатуу, жакырчылыкты 12 пайызга кыскартуу каралган. Ошондой эле туруктуу экономикага жана саясий системага ээ мыйзамдуу, демократиялык өлкө куруу максаты бар. Кыргызстандын мындай ири стратегияны ишке ашырууга чамасы жетеби?

Беш жылда күтүлгөн жыйынтыктар

Кабыл алынган беш жылдык стратегиянын башкы жемиши – 2017-жылы Кыргызстан туруктуу саясий системага, арымдуу өнүккөн экономикага ээ, калктын кирешеси бир калыпта өскөн, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган демократиялуу мамлекетке айланышында экендиги белгиленет.

Ошондой эле 2013-2017-жылдары мамлекеттик башкарууну чыңдоо, экономикалык жана социалдык тармактарды өнүктүрүү, коомдук жана улуттук коопсуздук, курчап турган чөйрөнү коргоо жана укуктук мамлекеттин түптөлгөн негиздерин бекемдөө башкы максат катары каралган.

2013-2017-жылдарга белгиленген бул стратегия президенттин жарлыгы менен бекитилмей болду. Ошондо ал саясий гана эмес, укуктук да документке айланмакчы. Улуттук кеңештин биринчи отуруму мындан бир ай мурда, 7-декабрда өтүп, анда президент өлкөнүн беш жылдык "жол картасын" коомчулуктун талкуусуна алып чыккан болчу. Алгачкы вариантка бир катар алымча-кошумча киргизүү менен кеңейтилген стратегия жалпысынан 12 бөлүмдөн жана 160 беттен турат.

Президент Алмазбек Атамбаев анда жазылгандар чыныгы ишке аша турган долбоорлор деп ишендирүүдө.

- Ички дүң өнүм жыл сайын жок дегенде 7 пайызга өсүшү керек. Айтылгандардын баары чыныгы ишке аша турган нерселер. Эгерде Кыргызстанда тынччылык эле болсо, өлкө дүркүрөп өсүп, алдыга кете турган мезгили келди. Мындан да көп долбоорлор жазылбай калды. Аларды стратегияга жазып салууга бир аз эртерек болду.

Сунуш кылынган стратегияда беш жыл аралыгында экономика турукташаары, анын натыйжасында Кыргызстан “жакыр өлкө” деген атынан арылып, көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө жол чабылары айтылат. Маселен, ички дүң өнүм жыл сайын кеминде 7%га жогорулап, 2017-жылы азыркыдан 2 эсе өсөөрү жана жалпы суммасы 630 миллиард сомду түзөөрү күтүлөт. Ар бир жан башына эсептегенде бул 2 500 доллар болмокчу. Азыркы мезгилде бул көрсөткүч 1 200 доллар.

Ошондой эле беш жылда жакырчылыкты 12 пайызга кыскартып, 2017-жылы орточо айлыкты 26 миң сомго көтөрүү каралган. Бирок бул максаттарга жетүү үчүн айыл чарбасы, энергетика, транспорт жана коммуникация, өндүрүштүк-логистикалык жана кен казуу тармагындагы 70тей долбоор ишке ашырылышы кажет.

Стратегия кагазда эле калбайбы?

Бул максаттар ишке ашпай калса, ким жоопкер болот деген суроону Улуттук кеңештин мүчөсү, “Ата-Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев койду. Ал сөздөн ишке өтпөсө, максаттар аткарыларынан күмөнү санайт.

- Бул жерде өкмөт жоопкерчиликти кандай кылып мойнуна алат? Бул стратегияда өлкөнүн реалдуу тармагы боюнча долбоорлор өз-өзүнчө киргизилиптир. Алар кайсы мөөнөттө ишке ашырылат жана аларга кайсы булактардан каражат издейбиз? Эгер кредит болсо кайсы банктардан? Ал эми грант болсо кайсы мамлекеттерден? А эгер бюджеттен болсо, ар бир жылга биз канча акча бөлөбүз?

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтышынча, жоопкерчиликти бир гана өкмөткө жүктөп коюу менен бул максаттарга жетүү мүмкүн эмес.

- Жоопкерчиликти жалаң эле өкмөткө жүктөп койгон болбойт. Анткени бул стратегияда бардык тараптын өзүнө тиешелүү жоопкерчилиги бар. Эгер бул стратегия аткарылбай калса, президент катары мен да тарых алдында да, эл алдында да жооп берем. Бирок жогоруда айткандай, өкмөттүн колунан келбей турган кээ бир маселелер бар. Чогуу иштешибиз керек. Парламент мыйзам кабыл алып, президент колдоп, сот, күч түзүмдөрү да караш керек.

Ал эми экономикалык программалар боюнча жоопкерчиликти өзүнө аларын айткан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ар бир долбоордун ишке кирүү мезгили жана каражат булагы такталганын билдирди. Ал кошумчалагандай бул үчүн Кыргызстандын өз каражаты жана чет элдик насыялар менен гранттар колдонулат

- Долбоорлордун жылдары көрсөтүлгөн. Мисалы, 2013-жылы Агроөнөржай тармагындагы инвестициялык долбоорлордун бешөөсүнүн бүгүнкү күндө каржылык мүмкүнчүлүктөрү бар. Алардын кайсы жактан алына турганы да бар. Мисалы, Баткендеги Бүргөндү массивин өздөштүрүү түрк кредити менен ишке ашат.

Президент башында турган Улуттук кеңештин курамында парламент спикери жана фракция башчылары, өкмөт башчы жана вице-премьер-министрлер, Жогорку Соттун төрайымы жана башкы прокурор бар. Мындан тышкары жарандык коомдун жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү да кирген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG