Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

Аткаминерлердин “армиясы” кыскарат


Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу тутумундагы бийлик түзүмдөрү жана штаттык бирдиктер кыскартылат.

Муну менен бир жарым миллиарддан ашуун сом үнөмдөлүп, ал бюджет таңкыстыгын жабууга кете тургандыгы белгиленди. Ошол эле кезде серепчилер маселе мамлекеттик башкаруудагы кыскартууларда эмес, аны түп тамырынан бери натыйжалуу өзгөртүүдө экендигин айтышууда.

Атамбаев өзүнөн баштайт...

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштырып, бийлик бутактарындагы аткаминерлердин армиясын кыскартуу демилгесин көтөрдү. Муну менен ал мамлекеттик каражатты үнөмдөп, аны башка бюджет таңкыстыктарын жабууга жумшоо зарылдыгын айтты.

Атамбаев кыскартууларды өзүнүн аппаратынан жана иш башкармалыгынан баштай тургандыгын белгиледи:

- Бийлик бутактары башкарууга кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча үлгү көрсөтүшү керек. Жаңы жылдан биз президенттин карамагындагы түзүмдөрдү кыскартып, эки жүз миллион сом үнөмдөйлү деп турабыз. Бул боюнча жарлыкка жакында кол койом. Жогорку Кеңеш менен өкмөт да ушул кадамга барат деп ойлойм.

Жаңы өкмөт түзүмүнө ылайык, төрт министрлик жана үч агенттик жоюлду. Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов муну менен бирге үч миңден ашуун мамлекеттик кызматкер иштен бошотула тургандыгын билдирген болчу. Натыйжада бир миллиард сомдон ашуун акча үнөмдөлөт.

Өкмөт башчысы ар бир министрлик жаңы жылдан тарта штаттык бирдиктеринин санын жыйырма пайызга чейин кыскартууну талап кылган.

Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов бирин-бири кайталаган бийлик түзүмдөрүн гана кыскартуу керек экендигине токтолду:

- Маданият министрлигине туризм кошулгандан кийин бизде кыскартуу эмес, тескерисинче штаттык бирдиктер көбөйтүлүш керек. Анан калса маданият тармагында кыскарта тургандай артыкча штаттык бирдиктер жок.

Мамлекеттик башкаруудагы мына ошол бирин-бири кайталаган, же натыйжалуулугу төмөн түзүмдөр кыскартылса туура болот. Биз кошумча штаттык бирдиктерди сурайлы деп жатабыз. Анткени өлкөнүн туризм тармагы боюнча алектенген 3 эле кызматкер бар экен. Аны менен биз кантип иш алып бара алабыз?


Мыйзам чыгаруу бутагы да өзүнүн комитеттеринин санын кыскартып, аппараттын жана иш башкармалыгынын ичиндеги штаттык бирдиктерди оптималдаштыруу аракетин көрө баштады.

Депутаттар жардамчыларсыз калгысы жок

Парламент төрагасынын ар бир фракциядан көрсөтүлгөн беш орун басары бар. Координациялык кеңеште орун басарлардын санын өзгөртүүсүз калтыруу чечими кабыл алынды. Ошондой эле 120 депутаттын ар биринин бирден жардамчы, бирден кеңешчиси бар. Жалпы саны эки жүз кырк адамдан турган жардамчылардын саны боюнча талаштар бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров кыскартуулардын натыйжасында парламент жүз миллион сомдон ашуун акча үнөмдөй тургандыгын айтты:

- Комитеттердин санын он экиге чейин кыскартууну сунуштадык. Ошондо төрт комитет жоюла турган болду. Ошондой эле парламенттин аппаратынан жана иш башкармалыгынан жыйырма пайыздан кем эмес жана отуз пайыздан ашык эмес шартта кыскартууларга барабыз. Депутаттардын жардамчыларын жана консультанттарын калтыруу жагы айтылууда. Анткени бир жардамчы үлгүрбөй турган иштер аябай көп.

Анткен менен серепчилер мамлекеттик башкаруу тутумундагы кыскартуулар анын натыйжалуулугун жогорулата албайт деп күмөн санашат. Анткени алар “аңды-дөңдү” карабаган кыскартуулар мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу иш алып баруусуна таасир этет деп чочулашат.

Мамлекеттик кызмат иштери боюнча адис Жоомарт Сулайманов маселе мамлекеттик башкаруудагы кыскартууларда эмес, анын табиятын өзгөртүүдө тургандыгын кошумчалады:

- Маселе кандай санда болсо да мамлекеттик башкаруу тутуму натыйжалуу болушунда. Мамлекеттик кызматкерлердин санын азайткандан, көбөйткөндөн эч нерсе өзгөрбөйт. Керек болсо ошол эле кыскартылган аппарат ар кандай жолдор менен бир канча убакыттан кийин кайра эле мурдагы абалына келип калышы мүмкүн. Маселе функционалдык милдеттери так көрсөтүлгөн жана натыйжалуу иш алып барууга жөндөмдүү мамлекеттик башкарууну түзүүдө.

2007-жылы Курманбек Бакиев бийлигинин учурунда да мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу боюнча демилге көтөрүлгөн. Бирок анын натыйжалуулугу артып, күтүлгөн жыйынтыктар болбогондугун серепчилер мисал келтиришет. Бул жолу бийлик мамлекеттик кызматты оптималдаштырууну аягына чыгарып, жумуштан кыскарган кызматкерлерди башка ишке даярдоо боюнча долбоор иштелип чыгаарын жарыялады.

XS
SM
MD
LG