Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Кумтөр боюнча депутаттык комиссиянын маалыматы угулду. Саясий күрөш кескин курчуп, өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтоло баштады.

Апта ичиндеги дагы бир орчун окуя - Жогорку Кеңеш депутаты Нариман Түлеевге каршы кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратурага күч менен алынып келиши болду.

Алтыныдан арманы көп Кумтөр...

Бул жумада көңүл борборунда Кумтөргө байланыштуу депутаттык комиссиянын маалыматы болду. “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссия Кумтөрдү 15-февралдан тарта текшере баштаган. Беш фракциядан экиден депутат кирген мына ошол комиссия өз ишинин жыйынтыгын 20-июнда парламентте жарыялады.

Комиссия төрагасы Садыр Жапаровдун баяндамасынын мазмунуна караганда, комиссия өз ишинде негизги көңүлдү экологияга жана финансылык мыйзам бузууларга бурган.

Экология маселесинде уу калдыктары сакталган жайдын талаптарга жооп бербеши, мөңгүлөрдүн ээрип, зыяндуу заттардын сууларга кошулушу, көп жүк ташуучу автоунаалардан айлана-чөйрөнүн жабыркашы баяндамада фактылар жана сүрөттөр, видеотасмалар менен келтирилди.

Садыр Жапаров уу калдыктары, суулардын курамынын өзгөрүшү тууралуу буларды белгиледи:

- Мисалы бир эле уулуу калдыктарды сактаган жайды алалы. Буларга 180 тонна калдык сактоого паспорт берилген. Алар болсо 5 млн. 814 миң тонна уулуу калдыктарды көмүшкөн. Айырмасы 31 миң эсе көп. Комиссия тарабынан суунун анализи алынып, Казакстандын улуттук ядролук борборуна жиберилген. Анда суунун курамында сымап жана коргошун эки эсе көп экени аныкталган. Башкача айтканда Нарын дарыясына оор металлдарды камтыган суулар агып кирип жатат. Топурактын курамын да текшерттик. Анда мышьяк бар экени аныкталды.

Ал эми финансылык көз боёмочулуктар Кумтөр боюнча 1992-жылы Камеко менен биринчи жолу кол коюлганда эле башталганы, ага ал кездеги президент Аскар Акаев күнөөлүү экени белгиленди. Мына ушул эле бийлик 2003-жылы дагы бир жолу Кыргызстанды алдаган. Кумтөрдүн 67 пайызына ээлик жана башкаруу Кыргызстанга ал жылы толук өтүш керек эле. Бирок “Центерра голд инк” түзүлүп, андагы Кыргызстандын үлүшү 30% болуп калган. Муну азыркы өкмөт башчы чыккынчылык катары баалады.

2007-2008-жылдардагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстандын үлүшү 33% жеткирилген. Бирок коомчулукта Кумтөрдөн Кыргызстан жеткиликтүү пайда көрбөдү деген күмөн жоголгон жок. Курманбек Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү “Центерранын” жетекчилиги менен тил табышып, 2010-жылы кендин айланасынан 16 миң гектар жерди берип жиберген. Мына ошол жер мамлекетке кайра кайтарыларын өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жума күнү билдирди.

Кумтөргө байланыштуу комиссиянын маалыматында кенди иштетүү Кыргызстан үчүн пайдасыз болушуна кимдердин тиешеси бар экенин Садыр Жапаров атады:

- 1992-жылы Турсунбек Чыңгышев, Эсенгул Өмүралиев, Дастан Сарыгулов, Санжар Айтматов болгон. Ал эми 2003-жылы 70% канадалыктарга, 30% Кыргызстанга берилип, баары тескери жасалганда Николай Танаев жана Камчыбек Кудайбергенов кол койгон. 2009-жылы Чудинов кол койгон. Ал 50 жылга берген. Макулдашууларга кол койгондордун арасында Айтмурзаев, Сатыбеков, Темирбаев, Абдылдаева, Асанкожоева, Учкун Ташбаев, Исаков, Галютин, Иминов, Бердалиев, Жумалиев бар.

Депутаттык комиссия Кумтөрдөгү көз боёмолуктар боюнча кылмыш иши козголууга тийиш деген пикирде. Садыр Жапаров ошондой эле канадалыктар менен түзүлгөн келишим бузулуш керек дейт.

Комиссиянын маалыматын уккан Өмүрбек Бабанов Кумтөрдөгү экологиялык абалды иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүүнү жактады. Ал эми келишимди бузуу кейиштүү натыйжаларга алып келерин эскертти:

- Жөн эле бир токтом менен алып койсок, ал сөзсүз эл аралык сотко алып келет. Ал соттун баасы биздин мамлекет үчүн 2 млрд. доллар эмес, 5 млрд. долларга жетет. Басып алыш, тартып алыш - ал эң оной. Бирок анын аркасы эмне болот? Биз ошону да жакшы ойлонушубуз керек.

Талкуунун соңунда кабыл алына турган токтом долбоору боюнча талаш-тартыш чыкты. Комиссия төрагасы Садыр Жапаров келишимди бузууну жактаган долбоорду сунуштаса, башкаруучу коалиция жумшагыраак вариантты алып чыкты. Тараптар бир пикирге келе албай, соңунда 27-июнга карай биргелешкен долбоор алып чыгууну макулдашты.

Кумтөр боюнча курч талкуулар “Центерра голддун” акцияларынын баасынын түшүүсүнө алып келди. Азыркы мезгилде Торонто биржасында бир акциянын баасы Канаданын 8.71 долларына бааланууда. Бул дээрлик 30% арзандоо дегенди билдирет.

Талдоочулардын баамында, Кумтөр боюнча кезектеги талаш-тартыш Кыргызстандын акциясынын көбөйүшүнө алып келиши күмөндүү. Анткени мындай маселелер мындан ары эл аралык арбитражда гана чечилет деп 2009-жылкы келишимде жазылып калган. Бирок бул депутаттык комиссиянын иши Кумтөргө экология багытында кысымдарды алып келет. Андан сырткары Кумтөрдүн жетекчилигинин опсуз чыгымдарын кыскартуу, Директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын үч өкүлүнүн ишинин активдешүүсүнө алып келиши күтүлөт.

Кумтөр боюнча кескин чечимдерди кабыл алууга азыркы бийликтин даабашына себептер бар. Анткени президент Алмазбек Атамбаев 2007-жылы өкмөт башчы болуп турган кезде Кумтөр боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн комиссияны жетектеп, максималдуу ийгиликтерге жетишкени айтылган.

Мына ушундай себептерге байланыштуу КСДП фракциясы Садыр Жапаровдун ишин кубаттай берген жок. Андан сырткары комиссияны оппозициялык фракциянын лидери жетектеп, мына ошол алып чыгышы да өзүнүн терс ролун ойнойт. Анткени бийлик бул окуядан оппозициянын упай топтоосуна кызыкдар эмес.


Түлеев түнү кармалып...


Парламент Кумтөр боюнча кырды-бычак болуп жатканда Башкы прокуратура депутаттарга “кол салды”. 21-июнда Башкы прокуратура “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Нариман Түлеевге коррупцияга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, аны түнү менен күчтөп кармап кетти. Бир катар фракция лидерлери жана депутаттар Башкы прокуратурага барышып, депутаттын эмне себептен кармалганын тастыктоого аракеттенишкен. Алардын кийлигишүүсү менен Түлеев бошоп чыкты. Күтүлгөндөй эле парламент Түлеевдин маселесин 22-июнда кароону чечти.

Бул күнү башкы прокурор Аида Салянова Түлеев эмне себептен кармалганы тууралуу парламентте буларды билдирди:

- Эң башы тендердин жол-жоболорун бузганда башталган. Андан кийин контрактка барып такалат. Автонууларды алып келүү боюнча адис айтып жатат, ошол кездеги баа 24 миң доллардын тегерегинде болмок дейт. Бул баага автобустарды жеткирүү да кирмек. Анткени Кытайдын компаниялары адатта жеткирүүсү менен төлөйт дейт. Алар автобустарга өзүнчө, жеткирүүгө өзүнчө төлөтпөйт деп жатат. Мына ушундай көрсөтмөлөр бар. Мен эмнеге ишенишим керек? Мен ошол фактыларга ишенем.

Башкы прокуратура Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри кезинде Кытайдан 200 автобусту кымбат баада алып келип, мамлекетке 1 млн. 400 миң доллар зыян келтирди деп айыптап жатат.

Өз кезегинде Нариман Түлеев автобустардын заводдук баасы 24 миң доллар болуп, аларды Гуанжоудан алып келиш үчүн ар бирине 7 миң доллардан коротулганын айтты. Ал ошондой эле Кытай өкмөтү ошондой эле автобустарды Кыргызстанга 42 миң доллардан гранттын эсебинен тартуулаганын белгилеп, анда баасын көтөрүп жиберди деп, Кытай өкмөтүн да коррупцияга байланыштуу айып тагууга чакырды.

Депутаттар тараптардын сөзүн уккандан кийин депутаттык комиссия түзүштү. Бирок “Ата Мекен” фракциясы ал комиссияга кирүүдөн баш тартты.

Кумтөр боюнча талкуу кызуу жүрүп жаткан мезгилде Нариман Түлеевдин кармалышы коомчулукта бир катар күдүк ойлорду жаратты. Айрымдар, муну депутаттарды сестентүү үчүн жасалган кадам катары бааласа, башкалар шаардык кеңешке шайлоо алдында Түлеевди ооздуктоо үчүн жасалганын болжоп жатат.

Белгилүү болгондой, Түлеев шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн катуу аракеттенүүдө. Мэр кезинде анын жасаган иштери элдин эсинен кете элек. Ал эми азыркы мэрдин ага салыштырмалуу иши байкала элек. Тескерисинче кризисттик көрүнүштөр күчөп, мугалимдерге айлык акылар берилбей калуу коркунучу бар экенин мэр Өмүралиев өзү да моюндап жатат.

Кармалаар алдында мэрия жаңы тролейбустарды алууда коррупцияга жол берип жатканын Түлеев билдирген эле. Анын айтымында, ал мэр болуп турган мезгилде Беларустан тролейбустар 124 миң доллардан алынган. Азыркы мэрия болсо 200 миң доллардан алып жатканы коррупциядан кабар берет.

Түлеевдин эскертүүсү эмнеге алып келгени баарына белгилүү болуп калды.

Бабановго "балта" көтөргөндөр чыкты..

Кумтөр, Нариман Түлеевге байланыштуу чуулган өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго ишеним көрсөтпөө максатында депутаттардын кол топтой башташы менен коштолду. Кол койгондордун демилгечилери башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын мүчөлөрү болуп чыкты.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев биринчилерден болуп кол койгонун айтып, андай кадамга баруунун себебин мындай негиздеди:

- Экономикалык өсүштүн темпи төмөндөп кетти. Экинчи, коррупцияга каршы күрөштө өкмөт өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатат. Тескерисинче тоскоол болгондой түрү бар. Мисалы, президент Атамбаев мындан төрт ай мурун мыйзам долбоорлорун киргизсе, өкмөт ал мыйзамдарды катып жатканы ачыкка чыкты. Коррупцияга каршы күрөштө, инвестициялык климатты жакшыртууда адилеттүү сот системасы эң негизги факторлордун бири. Соттук реформада өкмөт четтеп, байкоочу катары туруп алды. Мамлекеттик мүлктү, аны бюджетти мыйзам бузуулар менен башкарып, кээде шалаакылыгын көрсөтүп жатат. Мисал катары "Мегакомду" келтирсек болот. Кумтөрдө биздин мамлекеттин 30% үлүшү бар. Аны да мамлекеттик ишкана катары карасак болот. Эки жылда, акыркы бир жылда бул багытта өкмөттүн иш алып барбаганы айкын болду. Тескерисинче Бабановдун өкмөтү Кумтөрдөн беш жылдын дивидендин алдын-ала алууга аракеттенген. Аны парламентке айтпай туруп жасаган. Булардын баары туура эмес.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, 41 депутаттын колу топтолсо, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси парламенттин күн тартибине коюлат. Чечим болсо 61 депутаттын добушу менен кабыл алынат.

Азыркы мезгилде канча депутаттын кол койгону белгисиз. Анткени колун коюп, кайра чакырып алгандар да болуп жатат.

Өкмөттү кетирүүгө көптөн бери белсенип келаткан “Ата-Журт” фракциясында да бул маселеде бирдиктүү позиция жок. Маселен, фракциянын лидерлеринин бири жана ага жакын эки депутат кол коюудан баш тартууда.

Албетте өкмөт башчы да мындай демилгеге каршы аракетин жүргүзүп жатат. Ал дагы өзүнүн жемишин берип жаткандай.

Талдоочулардын баамында, Бабановдун өкмөтүн кызматтан кетирүү аракети негизинен эки факторго такалат. Биринчиси, чындап эле экономикалык абал оорлошуп, күзүндө кризис күтүлүүдө. Анын алдын алып, өкмөттү кетирүү менен электоратты алдап-соолап туруу зарылчылыгы келип турат.

Экинчиден, күзүндө жергиликтүү кеңештерге, анын ичинде Бишкек шаардык кеңешине шайлоо болот. Административдик, финансылык жана медиа ресурстары жетиштүү Өмүрбек Бабановдун ага катуу даярдыгы башка саясий күчтөрдү чочулатууда. Мына ошол шайлоо алдында “Республиканы” алсыратуу зарылчылыгы келип чыккандай.

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөргөн депутаттар негизинен “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракцияларынын мүчөлөрү болуп жатат. Бул жерде КСДП фракциясынын позициясы чечүүчү күчкө ээ болот.

Бул фракциянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров өкмөткө ишеним көрсөтпөөгө негиздер бар дейт:

- Негиздер жетиштүү эле. Бирок менин оюмча, депутаттардын ойлору ар түрдүү. Биздин фракцияга да сунуштар болду. Бирок КСДП фракциясы бир чечим менен чыгат. Бөлүнүп чыкпайт.

Зулпукаровдун айтымында, КСДП фракциясы өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин кийинки жумада карашы күтүлөт.

Мына ошентип, жайкы каникулга тарар алдында парламентте күрөш күч алды. Ал эмне менен жыйынтыкталаары кийинки жумада айкын болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG