Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Ишкерлер: Салык саясаты кыйнады


Экономисттер алдын-ала салык жыйноодон алыскы райондордогу май куючу жайлар ишин токтотуп, дыйкандар жабыркайт дешет
Экономисттер алдын-ала салык жыйноодон алыскы райондордогу май куючу жайлар ишин токтотуп, дыйкандар жабыркайт дешет

Кыргызстанда кирешеден алдын-ала салык алуу ишкерлердин нааразылыгын пайда кылды. Алар бул норма базар экономикасына каршы келерин, ишкерлик үчүн зыян экенин билдирип жатышат. Жогорку Кеңештин депутаттары өткөн жылы Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдө ушундай норма кирип калганын, азыр аны кандай өзгөртүү каралып жатканын билдирди.

Өкмөттүн экономикалык саясатына сын айткандар көбөйдү. Адегенде мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров өкмөттүн азыркы саясаты 2013-жылдын экинчи жарымында кризиске алып келерин эскерткен. Ал дары-дармектен салык алууга кескин каршы чыккан эле.

6-мартта Акылбек Жапаров, Кыргызстан нефтетрейдерлер бирикмесинин башчысы Жумакадыр Акенеев маалымат жыйынын өткөрүп, кирешеден алдын-ала салык алууну ишкерлик үчүн “өзөртө урулган сокку” катары баалашты.

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү Улукбек Кочкоровдун билдирүүсүнө караганда, кирешеден алдын-ала салык алуу нормасы өткөн жылы киргизилип, 1-январдан тарта иштей баштады.
Ал салыктын маани-маңызы тууралуу буларды айтты:

- Мурда болжол менен эсептеп туруп, мен мынча киреше алышым мүмкүн деп төлөчү эле. Азыр катуу талап коюп жатабыз, алган акчаңдан мынча процент төлөйсүң дейт. Маселен, 2012-жылдын төртүнчү кварталында канча акча жыйнаган болсоң, анда 2013-жылдын биринчи кварталында мурдагы кварталдын акчасынан 1% төлөйсүңөр деген норма кирип калыптыр. Андай киреше албай калышы да мүмкүн. Ошондуктан бул жерде туура эмес болуп калган. Аны биз моюнга алабыз.

Улукбек Кочкоровдун айтымында, бул норма боюнча карама-каршылык чыккандыктан комитетте талкуу жүрүп жатат.

Экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын башчысы Абдужалил Токбаев ишкерлер көтөрүп жаткан маселе өкмөттө каралып жатканын билдирди:

- Экономика министрлигинин негизги функциясы салык жүгүн теңдөө, шарт түзүү. Ишкерлерге салык жүгүн оорлоштурбаш керек. Азыркы күндө ошол маселелер каралып жатат.

Кыргызстан нефтетрейдерлер бирикмесинин башчысы Жумакадыр Акенеев минтип салык жыйноо жалпы ишкерликке зыяндуу дейт:

​- Эми бул жалаң эле бизге эмес, жалпы экономикага таасир берет. Ошол эле соода, туризм, ресторан, мейманканалардын баарынын жумушуна таасирин тийгизет. Бирок биз өзүбүздү айтып жатабыз. Анткени ал абдан маанилүү. Бизде жүгүртүүдө абдан чоң көлөмдө акча жүрөт, кирешеси аз болуп калышы мүмкүн.

Акенеевдин айтымында, алдын-ала салык жыйноодон алыскы райондордогу май куючу жайлар ишин токтотуп, карапайым калк, дыйкандар жабыркайт.

Кыргызстандагы ишкерлер “Сүткорлукту чектөө боюнча” мыйзамды кабыл алууда да абайлоого депутаттарга чакырышты. Ишкерлердин эсебинде, мыйзам азыркы калыбында кабыл алынса, анда микро-кредиттик уюмдар алыскы райондордон кетип, насыя бөлүү жагы аксап калышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG